Азери элчисинин тик учак кырсыгы тууралуу сөзү сынга кабылды
Москва менен Бакудагы расмий бийлик өкүлдөрү Азербайжандын Орусиядагы элчиси Полад Бүлбүл оглунун Армения менен чектеш аймакта атып түшүрүлгөн тик учак тууралуу айткандарын сынга алышты. Элчи РБК басылмасындагы маегинде кырсыкты «кайгылуу кокустук» деп атаганы менен «согушта мындай нерселер боло берет» дегендей мазмунда комментарий берген. Орусиянын Ми-24 тик учагын азери аскерлери Арменияда чек арага жакын аймакта 9-ноябрда атып түшүргөн. Баку муну «кокустук» деп атап, Москвадан расмий кечирим сураган жана кенемте төлөп берерин билдирген. Читать дальше...