Томск шаарынын мэри камалды
Орусиядагы Томск шаарынын мэри Иван Кляйн 13-ноябрда жыйын өткөрүп жаткан жеринен камакка алынды. Бул жыйын түз эфирде көрсөтүлүп жаткан эле.
Тергөө материалдарына ылайык, ага «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча айып коюлду. Анда айтылгандарга караганда Кляйн 2016-2017-жылдары анын үй-бүлөсүнө таандык «Томск сырасы» ишканасынын кызыкчылыгын коргогон жана бул ишкананын имаратынын жанындагы 300 метр жер анын көрсөтмөсү менен «санитардык аймак» катары таанылган. Мындай чечим кайсы бир ишкерге ошол жерде курулуш баштоого тоскоолдук кылган, мындан улам ал ишкер зыянга учураган. Тергөө комитети зыяндын көлөмүн тактаган жок.
Кляйн Томск шаарынын мэри болуп 2013-жылы шайланган. Ага чейин 1994-жылдан бери «Томск сырасы» ишканасынын башкы директору болгон. Кляйн шаар башчы болгондо ишкананын башкы директорлугуна анын аялы Галина Кляйн келген.
«Коммерсантъ» басылмасы 2013-жылы Кляйнга бул ишкананын 51% үлүшү, ал эми аялы менен кыздарына 20% таандык экенин жазган. Ал тапшырган декларацияларына ылайык, эң көп киреше тапкан мэрлердин бири болчу.
Кляйнга чейин, 2006-жылдан тартып Томск шаарынын мурдагы эки мэрине да кылмыш иши козголгон. Алардын бири 12 жылга эркинен ажыратылган, экинчиси шарттуу кесилген.