Сот зомбулукка каршы чыккандардын үнүн укту
Жогорку сот милициянын быйыл 8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршындагы» аракетин мыйзамдуу деп тапкан чечимди жокко чыгарды. Укук коргоочулар муну активисттердин жеңиши катары сыпатташты.
Жогорку сот милициянын быйыл 8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршындагы» аракетин мыйзамдуу деп тапкан чечимди жокко чыгарды. Укук коргоочулар муну активисттердин жеңиши катары сыпатташты.
Армениянын бийлиги сентябрь айында Азербайжан менен куралдуу кагылыш башталгандан тартып талаштуу Тоолуу Карабак аймагын 90 миңдей адам таштай качканын билдирди. Бул аймакты жалпысынан 150 миңге чукул адам байырлап келген. Тоолуу Карабактын борбору Степанакерттин тургундарынын көбү Армения, Азербайжан жана Орусия согушту токтотуу тууралуу 9-ноябрда макулдашууга кол коюлганга чейин эле чыгып кеткен. Бул келишимге ылайык, жакында Азербайжандын карамагына өтүшү мүмкүн деген райондордон армян тектүү... Читать дальше...
Ала-Тоонун авто ышкыбоздору дүйнөнүн эң ылдам жүргөн "феррари", "ламборжини" сыяктуу машинелердин көрсөткүчүн жаңылаган автоунааны курап чыкты. Аталган машинеге машыгуу учурунда күнүнө 40 миң сомдун тегерегинде акча жумшалат.
Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында өтчү президенттик шайлоого талапкерлигин коюуга БШКга арыз бергендердин саны 30га чамалады. Алардын ичинде Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мурдагы мүчөсү, менеджер Аймен Касенов да бар.
Европа Биримдиги күч органдарынын токмогунан каза тапкан болушу ыктымал деген 31 жаштагы Роман Бондаренконун окуясынан улам беларус бийлигине кошумча санкция салууга даяр. Бул тууралуу уюмдун билдирүүсүн Шаркеттин тышкы саясат кызматынын өкүлү Петер Стано жарыялады. Еврошаркет буга чейин Беларустун 55 жаранын кара тизмеге киргизген. Соңку билдирүүдө "Европа Биримдиги беларус бийлигинин тынч демонстранттарга, демократиялык кыймылдардын катышуучуларына, көз карандысыз медиага жана жарандык коомдун өкүлдөрүнө... Читать дальше...
Тажикстанда салафиттердин бейрасмий лидери катары таанымал белгилүү диниятчы Сирожиддин эшен (Сирожиддин Абдурахманов) камалды. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы анын тууганына шилтеме кылып жазды. Ага ылайык, диниятчыны Дүйшөмбү шаарынын Зарафшон маалесиндеги үйүнөн күч органдарынын өкүлдөрү кармап кеткен. Анын тууганы Сирожиддиндин компьютери, диний китептери конфискацияланганын кошумчалады. Анын камалган себеби азырынча белгисиз. Шаардык милиция бул кабарды азырынча бышыктап да, төгүнгө да чыгара элек. Читать дальше...
Минскиде миңдеген киши коопсуздук күчтөрүнөн катуу таяк жеп каза болгону айтылган 31 жаштагы Роман Бондаренкону эскеришти. Орусиянын аймактарында коронавирус күч алып, ооруканаларда орун калбай калганы кабарланууда.
Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстандагы дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Ал өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал тууралуу ар кандай бүдөмүк ойлорду алып салыш үчүн ушундай форматта кездешүүнү туура көргөнүн айтты. Чет элдик дипломаттар өлкөдөгү кырдаалга кабатырлануу менен көз салышканын, өткөн саясий кризис тез арада жөнгө салынганын, эми мындан ары саясий туруктуулуктун орношун кубаттай турганын айтышты. Бул үчүн алар... Читать дальше...
Ош облустук ички иштер башкармалыгы 12-ноябрь күнү Ноокат районунун тургунунан 2,7 миллион сом талап кылган жаранды атайын белги коюлган 4800 АКШ долларын алып жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Облустук милицияга Ноокат районун тургуну Кара-Суу районунун тургуну «Кара-Таш» аттуу май куюучу жайы курула турган жер тилкесин өткөрүп берүүсүн же 2,7 миллион сом берүүсүн талап кылып жатканын айтып 26-сентябрда кайрылган. Окуя Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 203-береси... Читать дальше...
УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын алдында 13-ноябрда ондогон кишинин катышуусунда митинг өттү. Ага атайын кызмат тарабынан «Жол-Чырак жана Ко» кенин рейдерлик жолу менен басып алуу иши боюнча кармалган кишилердин тарапташтары катышты. 12-ноябрь күнү Ош облустук прокуратурасынын бөлүмдүн прокурору Улукбек Өмүрзаков менен кошо дагы үч киши кармалган. Алардын бири Папан айыл өкмөтүнө караштуу Төлөйкөн айылынын тургуну Имамидин Мамасалы уулу болгон. Мамасалы уулунун жубайы Феруза... Читать дальше...
Францияда мындан туура беш жыл мурун 130 адамдын өлүмү менен аяктаган кол салуулардын курмандыктары эскерилди. Премьер-министр Жан Кастекс чабуул болгон жерлердин бирине гүлчамбар койду. Биринчи теракт Париждеги «Стад де Франс» стадионунун жанында кечинде болгон. Ошол учурда Франция менен Германиянын футбол боюнча курама командалары беттешип жаткан. Франциянын ошол кездеги президенти Франсуа Оланд да оюн көрүп отурган. Кечки саат тогуздар чамасында үч террорчу өзүн жардырган. Анда үч адам мерт болгон. Читать дальше...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев «Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын жыйынынан жашыруун жаздырып алынган» деген аудиону жарыялады.
Ал Кыргызстан мыйзамдуу конституциялык нукка түшкөнүн айтып, аларды азыркы оор экономикалык абалдан чыгууга жардам кылууга чакырды.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 13-ноябрь түштөн кийин Турсунбек Жумабеков, Имамидин Ташов, Ербол Токтогулов, Карагач Исмаилова, Марат Кайыпов, Турсунбай Бакир уулу жана Курсан Асанов арыз берди. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалды. Бул күнү түшкө чейин талапкерликке Анар Зарипова, Куттумидин Базаркулов жана Бакыт Романов арызын тапшырган. Мурдараак президенттикке талапкер болуш үчүн Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев... Читать дальше...
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Бишкекте «Манас» айтып рекорд койгон манасчы Дөөлөт Сыдыков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады. Анда айтылгандай, Жапаров Сыдыковдун чыгармачылыгына баа берип, өнөрүн жогору баалады. «Кыргыз элинин руханий жана маданий мурастарынын улуу дөөлөтү - бул «Манас» эпосу. Кыйын мезгилдерде Манастын образы манасчылык өнөр аркылуу кыргыз элине күч-кубат берет. Азыр ар бир адамдын мамлекеттин өнүгүшү боюнча өзүнүн позициясы жана көз карашы... Читать дальше...
Өлкөдөгү ыңкылаптан кийинки кадрдык дайындоолор эл арасында талкууга жем таштады.
13-ноябрда акыйкатчы Токон Мамытов жана Акыйкатчы институтунун аппаратынын кызматкерлери камакта отурган саясатчылардан, мекемеге кайрылган катардагы соттолуучулардан кабар алып чыкты. Бул тууралуу маалыматты «Азаттыкка» Мамытов өзү ырастап, комментарий берди. Анын айтымында, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев аз күн мурдараак жүрөгүнөн операция болуп, стенд койдурганын билдирген. Сатыбалдиевге башка органына дагы бир операция жасалышы күтүлүүдө. Ал учурда Улуттук госпиталда дарыланууда. ... Читать дальше...
Укук коргоочу Акин Токталиев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда «Азаттык» радиосуна президенттик аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, президенттин милдетин аткаруучунун Токталиевди дайындоо тууралуу жарлыгы бүгүн чыкты. Бул кызматты мурда аркалап келаткан Зайырбек Эргешовду президенттин милдетин... Читать дальше...
Минскиде бейшембинин кечинде миңдеген адамдар 31 жаштагы Роман Бондаренкону эскеришти. Айрым кабарларга караганда, ал коопсуздук күчтөрүнөн катуу таяк жеп каза болгон.
Бишкекте 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков өз өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине киргизүү максатында 14 саат 27 мүнөт “Манас” айтты. Сыдыков “Манас” айтууну Бишкектин Ала-Тоо аянтында эртең менен баштап, кечинде аяктады. Ал 14 сааттан ашык наар албай өнөрүн тартуулады.
Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кыргызстанга коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн кризистин кесепеттерине каршы күрөшүүгө 25 миллион доллар бөлмөй болду. Кыргызстандын жана БУУнун бул тууралуу биргелешкен билдирүүсүн өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 13-ноябрда жарыялады. Анда социалдык-экономикалык жөнгө салуу боюнча “жол картасы” иштелип чыкканы, жардам айыл жергесиндеги элдин аз камсыз болгон катмарына жумшалары жазылды. Экономикалык жана экологиялык туруктуулук, социалдык биримдик жана... Читать дальше...
13-ноябрь күнү Ош шаарында мурдагы билим берүү жана илим министри, профессор Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Иш-чара ал өзү бир топ жыл бою жетектеген Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунун алдында болду. Исаков менен коштошууга баргандардын саны 500 кишиден ашты. Алардын арасында өкмөттүн жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары болду.
Бул блог кандайдыр себептер менен кайсы бир кылымда ата-бабасы тарыхый Мекенинен кетип, эми өз жерине кайра келгенде өгөйлөнүп, кыргыз боло албай жаткандар жөнүндө болмокчу. Же күлөрүңдү, же ыйларыңды билейсиң: мындай акылга сыйбаган мыйзамдарды кыргыздын душмандары эле чүргөбөсө, башкалар мындайга барбайт. Ата-энеси жыйырма-жыйырма беш жылдан бери Кыргызстанда жашаса, Кыргызстандын жараны болсо, баласы Кыргызстанда туулуп-өссө, анан он жети жашка толгондо эле Тажикстандын жаранына айланып калабы? Читать дальше...
Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен кызматташтык маселелерин телефон аркылуу талкуулады. Бул тууралуу кыргыз президентинин сайты кабарлады. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө күн тартибинде турган эки тараптуу маселелер жана эки мамлекеттин ортосундагы жакынкы келечектеги кызматташуу кадамдары тууралуу сөз болду. Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге коронавирус инфекциясынын пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстанга... Читать дальше...
Баткен облусунда былтыркы жылга салыштырганда быйыл күздүк эгин эки миң гектарга көп себилүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук бийликтин басма сөз кызматы кабарлады. Келерки жылдын түшүмү үчүн 6991 гектарга күздүк эгүү пландаштырылып, бүгүнкү күндө жумуш 60% аткарылды. Анын ичинен 3977 гектарга буудай, 143 гектарга арпа себилди. Пандемияга байланыштуу облуста азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында айдоо аянттарын көбөйтүү аракеттеринен улам жалпы айдоо аянты 2019-жылга салыштырганда эки миң гектарга көбөйтүлдү. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.