Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2020

Мурдагы өкмөт башчыны айланган сур булут

0
Мурдагы өкмөт башчыны айланган сур булут

Өкмөт аппаратынын мурдагы жетекчиси Самат Кылжыев жең ичинен радио жыштыктарды сатуу бүтүмү боюнча коррупциялык ишке байланыштуу кармалды.

Анын кармалышы мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин изине түшүп, тузакка илүүгө негиз боло турганы айтыла баштады.

Жыштыктарды сатуудагы кыңыр иш тууралуу алгачкылардан болуп парламент трибунасынан айтып чыккан депутат Жанар Акаев Кылжыев ачык көрсөтмө берсе, ири коррупциялык байланыштардын бети ачыла турганын билдирди.

Ал эми айрым талдоочулар бул иш мурда эле ачылганын, бирок укук коргоо органдары саясий ыңгайга жараша жогорку кызмат адамдарын кармап, камакка алууну создуктуруп келгенинен кеп салышты.

Беш айдан кийин жанданган иш

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен Аскер прокуратурасынын мекеме аралык ыкчам-тергөө тобу радио жыштыктарды сатууда жана башка бирөөнө каттоодогу коррупциялык иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү кайра жандандырды. Бул иш боюнча өкмөт аппаратынын мурдагы жетекчиси Самат Кылжыев суракка чакыртылып, андан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов бул боюнча буларга токтолду:

«Мекеме аралык тергөө тобу тарабынан радио жыштыктарды алды-сатты бүтүмү жана лицензияны башка бирөөнө каттоодогу коррупциялык иштер боюнча мамлекеттик бийлик органдарындагы кызмат адамдарынын үстүнөн сотко чейинки териштирүү жүргүзүлүүдө. 2020-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, өкмөттүн мурдагы аппарат жетекчиси кармалды. Бул боюнча тергөө амалдары улантылууда».

Быйыл 2020-жылы май айында мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык «Скай Мобайл» компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганы ачыкка чыгып, бул боюнча кылмыш иши козголгон.

Ага байланыштуу Байланыш агенттигинин мурдагы директору Наталья Черногубова, анын орун басары жана УКМКнын эки кызматкери болуп, жалпысынан алты кызмат адамы жана «AlaTVнын» кожоюну камалган.

Бул кылмыш иши боюнча ошол кездеги өкмөттүн аппарат жетекчиси Самат Кылжыев тергөөгө күбө катары сурак берип чыкканы белгилүү болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев мунун артында ошол кездеги өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев турганы боюнча билдирүү жасап, бирок ал учурда эч кандай жыйынтык чыккан эмес.

Депутат Жанар Акаев Самат Кылжыевдин кармалышы анын ошондогу билдирүүсүн ырастаганын айтып, ал тергөөгө баалуу көрсөтмөлөрдү берип, ири саясий-коррупциялык байланыштардын бетин ачышы мүмкүн дейт:

«Кылжыевдин кармалганы бул иштеги дагы бир топ чиеленишкен жагдайларды ачыктайт. Анткени ошол убактагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге казакстандык уюлдук оператордун кожоюндары, казак олигархтары кирип жолугуп, жең ичинен келишип чыккандары чын болчу. Эми ал ортодо канча каражат тууралуу сөз болгонун айтып бериши керек. Самат Кылжыев бул тууралуу өзүнүн мурдагы жетекчиси, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге каршы көрсөтмө бериши мүмкүн. Анткени Самат Кылжыев ошол жолугушууну уюштурганга аппарат жетекчиси катары түздөн-түз тиешеси бар. Кылжыев тергөөгө ага ким буйрук берип турганын, кимдер уюштурганы жана кийин бул ишти кимдер токтотуп турганы боюнча айтып, көрсөтмө берсе, өтө чоң саясий-коррупциялык байланыштардын бети ачылып, ушул эле кылмыш иштин негизинде бюджетке миллиондогон сомдорду түшүргөнгө мүмкүнчүлүк болот эле».

Жанар Акаевдин маалыматы боюнча «Билайн» уюлдук байланыш оператору «AlaTV» компаниясын 200 МГц диапазонундагы жыштыгы менен кошуп 1 млн. 800 миң долларга сатып алган. «Билайн» «AlaTVнын» телеберүүгө багытталган жыштыгын ушул жылдын март айында уюк байланыш операторуна 4G Интернетке колдонуш үчүн кайра каттоодон өткөргөн. Депутаттын айтымында, бул жыштык мамлекеттин менчиги болсо да, ал аны сатуудан эч кандай пайда көргөн эмес.​

Мурдагы өкмөт башчысы Абылгазиевден анын аппарат жетекчисинин кармалышы боюнча комментарий алууга мүмкүн болбоду.​

Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттын билдирүүсүн саясатташкан жалаа деп баалап, дооматты четке каккан болчу:

«Такталбаган, ар кандай имиштерге таянган, менин аброюма жана өкмөттүн дарегине шек келтирген ошондой сөздөрдү айтып чыкты. Эми бул Жанар мырзанын өзүнүн абийириндеги маселе. Бул ишти негизи саясатка айландырбаш керек. 2019-жылдын этегинде жыштыктарды лицензиялоо жана колдонуу жагдайларын карап чыгуу боюнча тапшырма берген элем. Ошондо бир факты чыгып калган. Анткени бир компания экинчи компанияга мурда мамлекеттен убактылуу алып, иштетип турган радиожыштыкты башка мүлкү менен кошо сатып жиберген экен. Биз муну туура эмес дедик. Ошентип, мен өкмөт башчысы катары бул ишти териштирүүнү тиешелүү органдарга тапшыргам. Бул иш териштирилип эле келе жаткан».

Мыйзамды эмес, ыңгайды караган тергөө

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев радиожыштык чатагына байланыштуу тергөөгө таасир этүүдөн өзүн обочо кармоо үчүн эмгек өргүүсүнө чыкканы жарыяланган. Бирок ал ошондон ары өзүнүн берген арызынын негизинде кызматынан кеткен. Ал кызматынан кетип жатып тергөөгө чакырылбаганы боюнча билдирүү жасаган. Бирок ошондон соң бул ишти тергөө убактылуу токтоп калган болчу.

Саясат талдоочу Адил Турдукулов атайын кызматтар саясий ыңгайга жараша иштеп калганын белгиледи:

«Жыштыктардын жең ичинен чет элдик компанияга сатылып, каттоого алынганы тууралуу маселе парламент трибунасынан айтылса дагы ага карата ошол кездеги укук коргоо органдары реакция жасап, жыйынтык чыгарган эмес. Бул иш аягына чейин чыкпай, ага уруксат берген жогорку кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралбай калган. Эми бийлик алмашып, саясий конъюктура өзгөргөндөн кийин кылмыш ишин кайра жандантып, өкмөт аппаратынын мурдагы жетекчисин кармап, мурдагы өкмөт башчысынын сары изине түшүп калышканы кызык. Анткени мурдагы аппарат жетекчиси бул иште аткаруучу гана болушу мүкүн экени мурда эле бардыгына түшүнүктүү болгон. Эгерде биздин атайын кызмат мыйзам чегинде, саясий конъютурага карбай, тапкан фактыларынын негизинде иштесе, анда ошол кезде иштеп жаткан премьер-министрге иш козгоп, айыбын угузса болот эле. Менимче Мухаммедкалый Абылгазиев мурдагы бийликтин өкүлү болуп, азыр бирок эч кандай таасири болбогондуктан жаңы бийлик коррупцияга каршы күрөштүн бир натыйжасы катары аны кармап, камакка алышы мүмкүн».

Буга чейин радиожыштыктарга байланышкан дагы бир кыңыр иштин бети ачылган. 2018-жылы «О» байланыш операторуна 900 МГц радио жыштык жашыруун сатылып кеткени ачыкка чыккан. Анда «Фонекс» деген соода маркасы менен таанылган компания банкрот деп табылып, анын иштетип келген жыштыгы «О» операторуна катталган. Финансы полициясы төрт жыл мурун кылмыш ишин козгоп, бирок бул кыңыр ишке катышы бар жогорку кызмат адамдарын жоопко тартпаганы парламентте сынга алынган.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин: Новый участок МСД на юге столицы планируется достроить до конца года


Спорт в России и мире
Москва

Поражения Шубенкова и Савлукова, осечка Кнороз и двойной триумф Макаренко: чем запомнился «Мемориал Знаменских»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Варвара Грачёва

Осталась в одиночестве: Андреева победила Грачёву и вышла в четвертьфинал «Ролан Гаррос», Медведева остановил де Минор


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Багреева: Глобальные климатические цели могут быть достигнуты при участии городов





Путин в России и мире
Москва

Песков не стал уточнять, кому Россия может поставить оружие для борьбы с Западом


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



VK Fest

Садо-мазо для детей: VK Fest превращается в «голую вечеринку» для несовершеннолетних



Москва

Состав скоростного поезда «Ласточка» будет увеличен на весь июнь

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net