Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров мамлекеттик тил сынагын тапшырды
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде мамлекеттик кыргыз тил сынагын тапшырып, андан ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, мамлекеттик тил сынагы беш субтесттен турат. Тест лексикалык жана грамматикалык ченемдерди иш жүзүндө колдонуу, маалыматты угуп, окуп түшүнүү, өз оюн жазып жана оозеки түрүндө айта билүү жөндөмүн баалайт.
Садыр Жапаров шайлоого катышарын 25-октябрда Кочкор районунун эли менен жолугушууда билдирген. Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) расмий арыз бере элек.
«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөн адамдар 14-ноябрга чейин (ошол күндү кошуп эсептегенде) БШКга арыз бериши керек.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышуу максаты менен 13-ноябрь түштөн кийинкиге карата БШКга 27 жаран документтерин тапшырды. Алар: Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Канатбек Исаев, Абыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байкуттиев, Клара Сооронкулова, Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Кубанычбек Кадыров, Асланбек Малиев, Садык Шер-Нияз, Үрүстөм Кабылбеков, Илгиз Товкеев , Бактыбек Калмаматов, Жамбыл Камчиев, Мыктыбек Арстанбек, Токтайым Уметалиева, Элеонора Турдубекова, Анар Зарипова, Куттумидин Базаркулов жана Бакыт Романов.
Бакыт Бакетаев тапшырган арызын кайра кайтарып алган.
Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, ал окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген. Азыр президенттин милдетин элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган жана кийин Жогорку Кеңеш премьер-министр кылып шайлаган Садыр Жапаров аткарып жатат.
БШК мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген. (ErN)