Өзбекстан: премьердин орун басары алты адамды “жазалаган” чырдан кийин кызматтан алынды
Өзбекстандын премьер-министринин айыл жана суу чарба, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча орун басары Зойир Мирзаев кызматтан алынды. Ал кызматтан эгин талаасына суу келбей калганы үчүн Ташкент облусунун Аккурган районунда алты адамды арыкка тургузуп, "жазалаган" окуядан кийин бошотулду. Ал арада Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Аккурган районунда алты кишини суу аккан арыкка салып, "жазалаган" окуя боюнча иликтөө жүргүзө баштады. 29-октябрда жарыяланган билдирүүдө бул ишке аралашкан аткаминерлер жоопко тартылаары айтылган. Читать дальше...