Ангела Меркел ХДСтин башчылыгынан кетет
Канцлер Ангела Меркел Германиянын Христиан-демократиялык бирикменин (ХДБ) башчылыгынан кете турганын "Bloomberg" маалымат каражаты жана "Welt" телеканалы өз булактарына таянуу менен кабарлашты. Маалыматтарда айтылганга караганда, жетекчиликтен кетүү ниетин Меркел 29-октябрда партиянын Берлиндеги жыйынында билдирген. "Welt" телеканалынын маалыматы боюнча, буга ХДБнын аймактык шайлоодо ийгиликке жетпей калганы себеп болгон.
Жекшембидеги Гессен аймагындагы шайлоодо Христиан-демократиялык бирикме 27 пайыз добуш алып, мурдагы шайлоодон 11 пайыз аз добуш топтогон.
Эки жума мурда Бавария аймагындагы шайлоодо ХДБнын өнөктөшү Христиан-социалдык бирикме (ХСБ) да болуп көрбөгөндөй жеңилүүгө учурап, парламенттеги 50 жылдан берки ээлик кылып келе жаткан көпчүлүк макамын жоготкон. Меркел Христиан-демократиялык бирикмени 2000-жылдан бери башкарып келе жатат.
Германиянын DPA агенттигинин кабары боюнча, ал ХДБнын башчылыгынан кеткени менен, коалициялык өкмөттө канцлер бойдон калууну көздөп жатат. Ал эми 62 жаштагы юрист, Бундестагдагы мурдагы фракция башчысы Фридрих Мерц партияны башкаруу ниетин билдирди. ХДБнын жетекчилигин шайлоо декабрда өтмөкчү.