Хашогжинин өлүмү боюнча Саудиянын башкы прокурору Стамбулга келди
Сауд Арабиясынын башкы прокурору Сауд ал-Мухиб оппозициячыл журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлтүрүлүшүн Стамбулдун башкы прокурору менен талкуулайт.
Түркиянын “Анадолу” агенттигинин жазганы боюнча, ал Стамбулдун прокурору Ирфан Фидан менен жолуккандан кийин журналист киши колдуу болгон дипломатиялык өкүлчүлүктү да текшерет.
Анкара Саудиянын Стамбулдагы консулдугуна кирген журналистти өлтүрүүгө шектелип кармалган 18 адамды Түркияга экстрадициялоону талап кылууда.
Сауд падышачылыгынын тышкы иштер министри Адил ал-Жубейр алар Сауд Арабияда жоопко тартыларын билдирген.
"Вашингтон пост" гезитинин баяндамачысы, Сауд Арабиясынын бийлигин, анын ичинде мураскор ханзаада Мухаммад ибн Салманды сындап келе жаткан журналист Жамал Хашогжинин өлтүрүлүшүн эл аралык коомчулук катуу айыптап жатат.
Сауд Арабиясынын башкы прокурору журналистти өлтүрүү алдын-ала пландалганын өткөн жумада моюнга алып, буга чейинки "ал мушташтан кокустан көз жумган" деген билдирүүсүн төгүндөгөн.
Түркия журналисттин өлтүрүлүшүн иликтөөдөгү чогулткан материалдарын АКШ, Германия, Франция жана Орусия менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирген.