Бишкекте Күмүшалиева менен Рыскуловдордун урматына спектакль коюлат
Бишкекте залкар артисттер Муратбек Рыскуловдун 110, Сабира Күмүшалиеванын 100 жана режиссер, актер Искендер Рыскуловдун чыгармачылыгынын 60 жылдыгына арналган спектакль коюлат. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашкандай, спектакль 31-октябрда Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында болот. Үч таланттын ишмердигине арналган спектакль "Улуу даражалуу актер" деп аталат. Каалоочулар акысыз кирип көрөт. Муратбек Рыскулов - СССР эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси. Читать дальше...