Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Новости за 29.10.2018

Казакстанда терроризмди жайылтуу боюнча шектүү катары он киши кармалды

Azattyk.org 

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Алматы шаарында, Акмоло, Караганды жана Алматы облустарында 10 киши "терроризмди жайылткан" деген шек менен камакка алынганын кабарлады. Комитеттин 29-октябрдагы маалыматына караганда, алар эки күн мурда колго түшүрүлгөн. Атайын кызмат кармалгандар "Интернеттеги социалдык тармактарда жана мессенжер түйүндөрүндө экстремисттик материалдарды таратып, терроризмди жайылткан жана диний кастыкты козуткан” деп билдирүүдө.  Мекеме алардын терроризмди каржылоого жана... Читать дальше...

Ноокенде 12 жаштагы бала пахтага тумчугуп калды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 12 жаштагы бала үйүлгөн пахтанын алдында калып көз жумду. Ал кошуна үйдүн жанындагы ак була жыйналган жерде ойноп жаткан кезде эки тоннадай пахта басып калган.   Облустук милициянын маалымат кызматы кабарлагандай, окуя 27-октябрда Сакалды айылында болду. Милициянын каттоо китебине кырсык "кокустук" катары тиркелди. Маркумдун жакындары эч кимге доосу жок экенин билдиришкен.



Кабулдагы жардырууда алты киши курман болду

Azattyk.org 

Кабулдагы Көз каранды эмес шайлоо комиссиясынын баш кеңсесинин алдындагы жанкечтинин жардыруусунан кеминде алты киши мерт болду. Ооган полициясынын 29-октябрдагы маалыматы боюнча, бир жанкечти имараттын алдында токтоп турган автоунаанын жанында өзүн жардырып жиберген. Бул окуядан шайлоо комиссиясынын төрт өкүлү жана эки полиция кызматкери да жарадар болду.  Дүйшөмбүдөгү бул чабуул ооган бийлиги өткөн аптада көпчүлүк провинцияларда жыйынтыкталган парламенттик шайлоодон кийин добуштарды санай баштаган учурда болду. Читать дальше...

Орусияда репрессия курмандыктары эскерилүүдө

Azattyk.org 

Орусиянын бир катар шаарларында бүгүн, 29-октябрда саясий репрессия курмандыктары эскерилүүдө. Москванын Лубянск аянтында таңкы саат 10дон кечки саат 10го чейин репрессия курмандыктарынын аты-жөнү жарыя окулуп турат. “Тоталитардык мамлекет адамдарды өлтүрүп гана койбостон, аларды такыр унуттуруш үчүн аттарын тарыхтан өчүрүүгө аракет кылган. Жаманатты болгондор жана өлтүрүлгөндөр тууралуу эстөө - бул диктатураны четке кагуу, бул биздин эркиндикке карай кадамыбыз” деп айтылат акциянын уюштуруучусу... Читать дальше...

Чыңгыз - чечендик өнөрдүн чебери

Azattyk.org 

Быйыл Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин өткөргөнү турабыз. Мындай дүйнөлүк масштабдагы залкар жазуучу менен замандаш болуп жашоонун өзү эле сыймыктуу сезим жаратат.

КСДП Илмияновго байланыштуу сөздөрдү "ушак" деп сыпаттады

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) экс-президенттин жакын кишилеринин бири Икрамжан Илмиянов "тергөө менен кызматташып жатканы" тууралуу тараган сөздөрдү ушак жана атайын даярдалган чагым катары сыпаттады. Бул тууралуу "Азаттыкка" партиянын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Мурдараак ушул өңдүү пикирди Илмияновдун адвокаты Сергей Слесарев да айткан.  Мурдагы президент, КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы катары айтылып жүргөн Икрамжан Илмиянов 20-октябрда Орусияда кармалып, Бишкекке жеткирилген. Читать дальше...

Бразилияда президенттик шайлоодо оңчул саясатчы жеңди

Azattyk.org 

Бразилиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында оңчул конгрессмен Жаир Болсонару жеңишке жетти.   Өлкөнүн шайлоо комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, 28-октябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык, Болсонару 55,5 пайыз, ал эми анын атаандашы, Жумушчулар партиясынын талапкери Фернандо Аддад 44,4 пайыз добуш алды. Бразилияда 147 миллион шайлоочу катталган. Шайлоодо утканы жарыяланган соң Болсонару: "Биз Бразилиянын тагдырын бирге өзгөртөбүз" деп билдирип, "Инжил менен Конституцияны жетекчиликке алып иштөөгө" убада берди. Читать дальше...



Кыргызстанда кайрымдуулукту жайылтуу максатында сынак өтүп жатат

Azattyk.org 

Кыргызстанда кайрымдуулук маданиятын жайылтуу максатында сынак өтүп жатат. “Элим, барсыңбы?!”  кайрымдуулук фонду уюштурган сынак төрт багытта жүрөт: - сүрөт тартуу; - кол өнөрчүлүк;  - ыр жана эссе жазуу; - социалдык долбоор жазуу. Фонд алгачкы үч багытка майып жана ата-энеси жок балдар гана катыша аларын билдирди.  Мыкты материалдарды даярдаган төрт адамга Дубайга саякат жана баалуу белектер берилет. Эмгектерди кабыл алуу 10-ноябрда аяктайт. (AiA)

"Zanoza" боюнча иш дизайнердин пайдасына чечилди

Azattyk.org 

Бишкектин район аралык соту zanoza.kg сайтынын логотиби жана бренди боюнча дизайнердин пайдасына чечим чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.  29-октябрда ишти судья Нуриля Бекбаева карап, "Zanoza" товардык белгиси Александр Рябушкинге таандык экендиги тууралуу "Кыргызпатенттин" апелляциялык кеңеши чыгарган чечимди жараксыз деп тапты. Андан тышкары, судья товардык белгинин каттоосун да жокко чыгарды.  Рябушкин бул чечимге каршы 30 күн аралыгында кайра сотко даттанууга акылуу. Читать дальше...

Грузияда шайлоонун экинчи айлампасы болот

Azattyk.org 

Грузиядагы президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин бири да жекшемби күнкү добуш берүүдө биринчи айлампада утуп чыгыш үчүн 50 пайыздан көп добуш ала алган жок. Бул тууралуу Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы добуштардын 99 пайызы саналгандан кийин билдирди. Бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы колдоого алган Саломе Зурабишвили 38,6 пайыз добуш алды, ал эми оппозициялык талапкер Григол Вашадзе 37,7 добуш менен келатат.  Оппозиция бийликти "добуштарды бурмалоого аракеттенип жатат" деп айыптады. Читать дальше...

Түркияда иштеген кыргыздар көбөйдү

Azattyk.org 

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2018-жылы өлкөдө 20 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алардын тогуз миңден ашыгы гана эмгек визасы менен иштешет. Бул сан өткөн жылга салыштармалуу эки эсе көп.

Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган монета чыгарылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук банкы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган коллекциялык монетаны 29-октябрда жүгүртүүгө чыгарды.  «Тарыхый окуялар» сериясына кошулган 20 сомдук монета «Чыңгыз Айтматов - 90 жыл» деп аталат. Алдыңкы бетине Айтматовдун портрети жана жазуучунун кол тамгасы түшүрүлгөн. Четин тегерете «Чыңгыз Айтматов – 90 жыл» / «Chingiz Aitmatov – 90 years» деп жазылган. Ал эми оң тарабында монетанын номиналы көрсөтүлгөн.  Монетанын арткы бетинин жогорку бөлүгүнө Кыргызстандын герби... Читать дальше...

Ошто көкбөрү боюнча Кыргызстандын чемпиондугу өтүп жатат

Azattyk.org 

Ошто 29-октябрда көкбөрү боюнча Кыргызстандын чемпиондугу башталды. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, спорттук иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулууда. Мелдештер Ош шаарындагы "Төлөйкөн" ат майданында 3-ноябрга чейин уланат. Оюндарга өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 9 команда катышат. Байге фонду эки миллион сом. Иш-чаранын алкагында “Жаныбарым Гүлсары” деген ат оюндары да болот. Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү болгондо быйыл 12-декабрда 90 жашка чыкмак.

Аба ырайы: 30-октябрда аймактарда жаан-чачын болот

Azattyk.org 

30-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерине туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5... Читать дальше...

Кыргызстандагы аялдардын абагында он наристе чоңоюп жатат

Azattyk.org 

Кыргызстандагы аялдардын абагында ушул тапта энелеринин жанында он бала чоңоюп жатат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, оор жана өтө оор кылмыш кылган аялдар жашы жете элек балдары болгонуна карабай камалат. -Ушул тапта төрөлгөндөн баштап үч жашка чейинки курактагы он бала энеси менен бирге жашап жатат. Бир келин кош бойлуу. Жабык мекемеде балдар үч жашка чейин болот. Энесинен ажыратпай, эмизип, баланын... Читать дальше...

Шадиевдин мандаты боюнча маселе көтөрүлө элек

Azattyk.org 

Үч кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыгып кеткенине жарым жылга чукулдап калса да Аскарбек Шадиевди депутаттык мандаттан ажыратуу маселеси карала элек.  Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов бул боюнча эч кандай кайрылуу түшө элек экенин айтты. Ага издөө жарыяланганына же кылмыш ишине байланыштуу күч органдарынан же соттон эч кандай маалымат берилген эмес.  Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин... Читать дальше...

Токтогулдан башталган улуу иш

Azattyk.org 

Профессор Гүлзура Жумакунова чейрек кылымдан бери Түркиянын Анкара университетинде иштеп, “Манас”, Токтогул, Чыңгыз Айтматов, кыргыз адабияты менен тили тууралуу көптөгөн эмгектерин жарыялаган.


Музыкальные новости
Юрий Башмет

С 31 мая по 7 июня 2024 в Самаре пройдет детская академия Башмета





Персональные новости
Wildberries

Группа компаний Helpers Представляет Совершенный Фулфилмент для Wildberries и Ozon Marketplace





Орусияда кароосуз калган төрт бала Кыргызстанга жеткирилди

Azattyk.org 

Орусиянын Новосибирск аймагында кароосуз калган төрт бала Кыргызстанга жеткирилди. Алар 26-октябрда мекенине кайтарылганын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.  Маалыматта балдар 6-7 айлык экени, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин, Новосибирсктеги вице-консулдуктун, Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен мекенине жеткирилип, тарбиялоочу мекемелерге жайгаштырылганы белгиленет. Учурда ымыркайларды туугандарына берүү боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат. ... Читать дальше...

Орусияда кароосуз калган төрт бала Кыргызстанга алып келинди

Azattyk.org 

Орусиянын Новосибирск аймагында кароосуз калган төрт бала Кыргызстанга алып келинди. Алар 26-октябрда мекенине кайтарылганын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.  Балдар 6-7 айлык экени, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин, Новосибирсктеги вице-консулдуктун, Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен мекенине жеткирилип, тарбиялоочу мекемелерге жайгаштырылганы белгиленет маалыматта. Учурда ымыркайларды туугандарына берүү боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат. Читать дальше...

Слесарев: "Илмиянов тергөө менен кызматташып жатат" деген сөздөр чагым

Azattyk.org 

УКМКнын тергөө абагында жаткан Икрамжан Илмияновдун адвокаты Сергей Слесарев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, "Илмиянов тергөө менен кызматташып, бир катар чуулгандуу фактыларды ачыкка чыгарып жатат" деген сөздөрү чагым деп атады. Илмиянов коюлган айыптын баарын четке кагарын, күнөөнү мойнуна албай турганын билдирди. "УКМКнын Икрамжан Илмияновдун иши тууралуу ачык айтпай жатканы бир чети мени кубандырат. Анткени бул жабык маалымат болушу керек. УКМК бул жагынан мыйзамды сактай баштаптыр. Анткени... Читать дальше...

Слесарев: "Илмиянов тергөө менен кызматташып жатат" деген сөздөр - чагым

Azattyk.org 

УКМКнын тергөө абагында отурган Икрамжан Илмияновдун адвокаты Сергей Слесарев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, "Илмиянов тергөө менен кызматташып, бир катар чуулгандуу фактыларды ачыкка чыгарып жатат" деген сөздөрдү чагым катары баалады. Ал Илмиянов коюлган айыптын баарын четке кагарын, күнөөнү мойнуна албай турганын билдирди.  - УКМКнын Икрамжан Илмияновдун иши тууралуу ачык айтпай жатканы бир чети мени кубандырат. Анткени бул жабык маалымат болушу керек. УКМК бул жагынан мыйзамды сактай баштаптыр. Читать дальше...

Аткаминерлер аралашкан жер чыры

Azattyk.org 

Кыргызстанда жогорку кызмат адамдарынын таасири менен айрым жарандардын Баш мыйзам кепилдеген менчик укугу бузулган учурлар катталууда.

Түркияда кыргызстандык мугалим 12 жылга эркинен ажыратылды

Azattyk.org 

Түркияда окуучу кызга жыныстык ыдык көрсөткөн деп айыпталган кыргызстандык 56 жаштагы мугалим 12 жылга эркинен ажыратылганын "Hürriyet" басылмасы маалымдады. Ал 13 жаштагы cекелекке "жыныстык ыдык көрсөттү" деп, Түркиянын Жаза кодексинин 103-беренеси ("Балдарды жыныстык жактан кордоо") боюнча күнөөлүү деп табылды.    Анталия шаарына караштуу Манавгат райондук №1 кылмыш-жаза соту теги кыргызстандык жаранга каршы ачылган доо боюнча ишти 27-октябрда карап, чечим чыгарган. Окуя быйыл апрель айында Манавгат шаарчасында болгону... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

ТАСС: Паралимпийский комитет России провел урок и мастер-классы для участников СВО


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Новак Джокович

Новак Джокович и Хамад Меджедович сыграли в бочче на Ролан Гаррос | Виды спорта


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

«Рексофт», «Норсофт» и АТОЛЛис анонсировали скорое тестирование отечественных IT-продуктов бренда «MAGMA»





Путин в России и мире
Москва

Путин по приезде в Москву встретился с главой Ингушетии Калиматовым


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Белорусская филармония и хор готовы приехать на гастроли в Алтайский край — Лукашенко




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Столтенберг решил не встречаться с Зеленским в Брюсселе


Навальный в России и мире
Москва

Суд продлил арест двум адвокатам Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Мариинка

Испанские страсти: «Дон Кихот» Мариинки сорвал овации в Большом



Москва

В Маньжурии открывается российско-китайский ночной клуб Felicity Port

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net