Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Шинжаң-Уйгур автоном районундагы сапарынын алкагында кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтем" өткөрмө бекетине барды. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда Кытайдын Бажы кызматынын, Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун өкүлдөрү менен бул бекеттин ишин жакшыртуу, чектөөлөрдү жоюу, соода-сатыкта өз ара пайдалуу шарт түзүү маселелерин талкуулады.
"Бакыт Төрөбаев учурда бир катар кыйынчылыктар бар экенин айтып, аларды тез арада чечүү керектигин белгиледи. Читать дальше...