Бишкекте жол кире 1-ноябрдан тартып көтөрүлөт
Бишкек шаардык кеңешинин бүгүн, 28-сентябрдагы токтому менен борбор калаадагы коомдук транспортто жүрүү акысы кымбаттады. Ага ылайык, троллейбуста жана автобуста жүрүү акысы - 11 сом, ал эми маршруттук кичи автобустарда жүрүү акысы - 15 сом болот. Жол кире 1-ноябрдан тартып кымбаттайт. Мэрия Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууга кеминде 1,5 миң автобус зарыл экенин белгилеп келет. Ушул тапта Бишкек шаарында 75 автобус, 120 троллейбус каттамга чыгат. Муниципалдык транспорттон тышкары "Шыдыр жол" ишканасынын 14 автобусу жүргүнчү ташыйт. Читать дальше...