Санжар Муканбетов вице-премьер-министр болуп дайындалды
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Санжар Муканбетов Кыргызстандын вице-премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат бөлүмү кабарлады. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети, кийин жалпы парламент вице-премьер-министрликке Санжар Муканбетовдун талапкерлигин колдогон. Аны депутаттарга биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев тааныштырган. Читать дальше...
