Ооганстан: медреседеги чабуул кеминде 9 окуучунун өмүрүн алды
Ооганстандын түндүгүндөгү Тахар провинциясында медреседе снаряд жарылып, андан кеминде 9 окуучунун өмүрү кыйылды. Дагы алты окуучу жараат алганын, мерт болгондордун көбү 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр экенин ооган полициясынын басма сөз катчысы Халил Асир 18-июнда билдирди.
"Баштапкы иликтөө көрсөткөндөй, жарылууга медресенин ичине кайсы бир жолдор менен алынып келген снаряд себеп болду", - деди Халил Асир.
Тахар провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Жавад Хежри да жарылуу болгонун жана өлгөндөрдүн санын ырастады.
Медреседеги чабуул боюнча жоопкерчиликти азырынча эч бир куралдуу топ мойнуна ала элек. 12-июнда Кабулдагы бир мечитте да жарылуу болуп, андан төрт киши мүрт кеткен эле. Андан бир апта мурда ооган баш калаасындагы дагы бир мечиттеги жардыруу эки адамдын өмүрүн алган.