Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Июнь
2020

Новости за 10.06.2020

АКШ: Борбор Азияда диний азчылыктар кыйынчылыкка туш болууда

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2019-жылдагы дүйнө өлкөлөрүндөгү дин тутуу эркиндигинин абалы тууралуу жаңы баяндамасын жарыялады. Анда Кыргызстанда азчылыкты түзгөн диний топтор кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканы, маркумду жерге берүүдө жана расмий каттоодон өтүүдө дале маселелер бар экени белгиленген. Баяндамада өзгөчө өлкөнүн чакар шаарлары менен  айылдарындагы диний азчылыктарга ыдык көрсөткөн көрүнүштөр тууралуу сөз болгон. Маселен былтыр январь айында Ысык-Көлдүн Ананьево айылында православ... Читать дальше...

Бишкек менен Нур-Султандын соода тиреши

Azattyk.org 

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕАЭК) Казакстан кыргыз-казак чек арасында көрүп жаткан чараларды "тоскоолдук" деп тааныды. Бул тууралуу 10-июнда “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Экономика министрлиги кабарлады. Ал эми Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги 10-июнда билдирүү таратып, Кыргызстан ортодогу чек арадан товар алып өтүүдөгү мыйзам бузуулар тууралуу “уккусу келбей жатат” деп айыптады.

Кыргыз-казак «соода согушуна» ЕЭК арачы түштү

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Казакстандын «соода согушу» тереңдеди. Расмий Бишкек бул маселени Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынына алып чыгып, маселе чечилбесе, аталган уюмдун ишин блоктоого барарын жарыялады.



Ош: Жаңы муунду ынтымакка, сабырдуулукка тарбиялайлы

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2010-жылдагы июнь коогалаңында набыт болгондорду эскерүү иш-чаралары өтүп жатат. 10-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаарындагы "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплексине гүл коюп, набыт  болгондорго куран түшүрдү. 2010-жылдагы июнь окуясында 400дөн ашык адам каза болуп, 2000ге чукул жаран ар кандай жаракат алган. "Human Right Watch" укук коргоо уюму атайын кайрылуу таратып, Кыргызстанда июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш иштеринин көбү акырына чыкпай калганын сындады.

Кыргыз-казак чек арасындагы бардык өткөрмө бекеттер ачылат

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасындагы бардык өткөрмө бекеттер ачылат. Мындай макулдашууга Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин 10-июнда телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө келишти. Өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү “Азаттык” радиосуна кабарлагандай, өткөрмө бекеттерди ачуу сунушу казак өкмөт башчысынан түшкөн. “Сүйлөшүүдө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаал талкууланды. Казак тараптын сунушу боюнча мамлекеттик чек... Читать дальше...

Европада чек аралар ачылууда

Azattyk.org 

Австрия 16-июндан тартып Италия менен чек арасындагы текшерүүлөрдү токтоторун, ошондой эле Европанын 30дай өлкөсүнөн келген жарандар карантинге алынбай турганын жарыялады. Өлкөнүн тышкы иштер министри Александр Шалленберг 10-июнда билдиргендей, Швеция, Улуу Британия, Испания жана Португалиянын жарандары үчүн гана чектөө кала берет. Министр Британия менен Швецияда коронавируска чалдыккандар көп болуп жатканын, Испания болсо чек арасын июль айында гана ачаарын жүйө келтирди. Ал арада Венгрия менен... Читать дальше...

Акцияга чыккан энелер карантинге алынды

Azattyk.org 

Эпидемиологиялык абалга карабай Москвада карантинди алуу чечимин айрым эксперттер июлдагы референдум менен байланыштырышат. Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда эки күндөн бери нааразылык билдирип, аянтта түнөп жаткан көп балалуу аялдар күчтөп карантинге жаткырылды. "Пандемиядан кудай коргойт" деген Бурундинин президенти 55 жашында жүрөгү кармап каза болду.

Кыргызстан: ЕАЭК Казакстандын чек арадагы текшерүүлөрүн тоскоолдук деп тааныды

Azattyk.org 

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕАЭК) Казакстан кыргыз-казак чек арасында көрүп жаткан чараларды тоскоолдук деп тааныды. Бул тууралуу 10-июнда “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Экономика министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 9-июнда комиссиянын коллегиясы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө-көзөмөл пункттары боюнча маселени карап, казак өкмөтүнөн төмөнкүдөй ыкчам чараларды көрүүнү суранды: Кыргызстандан ташылып кирүүчү ЕАЭБ товарларын ашкере текшерүүнү токтотуу; Кыргыз-казак... Читать дальше...



АКШ: Флойддун иниси Конгресстин комитетинде көрсөтмө берет

Azattyk.org 

АКШнын Миннеаполис шаарында полиция кармагандан көп өтпөй каза тапкан афроамерикалык Жорж Флойддун иниси Филониз 10-июнда Конгресстин Өкүлдөр палатасынын Юридикалык комитетинде көрсөтмө бергени жатат. Аны менен кошо Флойддун үй-бүлөсүнүн адвокаты Бен Крамп жана дагы он киши полициянын зомбулугу тууралуу ойлору менен бөлүшөт. Демократтар көзөмөлдөгөн палатанын бул комитети полициянын зомбулугу жана расалык теңсиздикке байланыштуу мыйзамдардын долбоорун даярдап жатат. Документ 4-июлда же АКШнын... Читать дальше...

Саякбайдай алпты ойногон актер кетти...

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү театр жана кино актеру Марат Жантелиев 9-июнда 59 жашында катуу оорудан каза болду. Жантелиев чыгармачылык жолунда “Бопуш” деген каймана аты менен кеңири белгилүү болуп, театр жана кино тармагында, телекөрсөтүүлөрдө, концерттик программаларда сатиралык жанрдагы бир нече образды жогорку деңгээлде аткара алган.

Баткен ОИИБ: Айтбай Ахуновдун өлүмүнүн Чечмедеги чырга тиешеси жок

Azattyk.org 

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” “АКИпресс-Турмуш” агенттигинде “кыргыз-өзбек чек арасындагы чырда таш тийген Айтбай Ахунов ооруканадан каза болду” деп жазылган маалымат чындыкка дал келбесин кабарлады.   Маалыматта "Ахунов оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 31-майда чек арадагы чырда таш жеп, жараат алганы үчүн эмес, “Баш мээдеги кан айлануунун курч бузулушу, геморрагиялык инсульт” деген диагноз менен жаткырылган. 9-июнда саат 22:10 чамасында өз ажалы менен каза болгону аныкталды” деп жазылган. Читать дальше...

ЭВФ Украинага 5 миллиард доллар бөлүүгө макул болду

Azattyk.org 

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) директорлор кеңеши Украинага 5 миллиард доллар бөлүүнү караштырган 18 айлык программаны жактырды. Ага ылайык, Киев фонддон 2 миллиард долларды дароо алат. Калган каражат алдыдагы 1,5 жылдын ичиндеги төрт текшерүүдөн кийин берилет. Украин президенти Владимир Зеленский ЭВФ алдын-ала пландалгандан 200 миллион доллар көбүрөөк бермей болгонун, бул каражат өлкөдөгү COVID-19 илдети себеп болгон каатчылыктан жеңил өтүүгө жардам берерин "Твиттерге" жазды. Быйыл Украинанын... Читать дальше...

Батукаевдин чыры: 13 адамдын иши сотко өттү

Azattyk.org 

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинде шек саналган дагы 13 кишинин иши сотко өткөнү белгилүү болду. Тергөө менен кызматташканы үчүн алардын иши өзүнчө иликтенди.

Швециянын экс-премьери Палменин өлүмү боюнча тергөө токтоду

Azattyk.org 

Швециянын прокуратурасы мурдагы премьер-министр Улоф Палменин өлүмү боюнча тергөөнү токтотууну чечти. Палмени 1986-жылдын 28-февралында Стокгольмдун борборунда жубайы менен кинодон кайтып келатканда атып кетишкен. Бул ишти караган баш прокурор Кристер Петерссон кылмышка шектүү Стиг Энгстром 2000-жылы өз жанын кыйгандыктан, иш токтогонун билдирди. Энгстром мурдагы премьер Палменин солчул көз караштарына каршы чыгып келгени менен белгилүү болчу. "Кылмышты бир нече киши алдын-ала сүйлөшүп алып... Читать дальше...

Казакстан Кыргызстанды товар ташуудагы мыйзам бузууну “уккусу келбей жатат” деп айыптады

Azattyk.org 

Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги 10-июнда билдирүү таратып, Кыргызстан ортодогу чек арадан товар алып өтүүдөгү мыйзам бузуулар тууралуу “уккусу келбей жатат” деп айыптады. Министрлик казак тарап эч убакта тоскоолдук жаратпаганын белгилеп, Евразия экономикалык комиссиясы да ушундай бүтүмгө келгенин маалымдады: “Былтыркы жылдын башынан быйылкы жылдын июнь айына чейин казак-кыргыз чек арасынан Казакстан жана Орусияны көздөй дээрлик 80 миң жүк ташуучу автоунаа өткөн. Алардын арасынан... Читать дальше...

Түркиялыктар Чыңгыз Айтматовду эскеришти

Azattyk.org 

Түркиянын президентинин кеңешчиси Ялчын Топчу, Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш жана айрым мамлекеттик мекемелер залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун каза болгон күнүнө байланыштуу социалдык тармакта эскерүүлөрүн таратышты. Түрк жетекчилер Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү, жазуучуну даңктаган сөздөрдү жазышкан. Айтматовдун түрк тилине которулган «Ак кеме» жана «Кызыл жоолук жалжалым» повесттерин Түркиянын Билим берүү министрлиги орто мектептердин программасы үчүн «100 классикалык чыгарманын» тизмесине киргизген. Читать дальше...

Аскар Шадиев сыртынан соттолду

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аскар Шадиевди Жазык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгү (“Мыйзамсыз баюу”) боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул берене менен Шадиев эки жылга чейинки мөөнөткө мамлекеттик кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылып, 60 миң сом айып салуу менен беш жылга кесилди. Мурдагы Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин 4-бөлүгүнүн (“Бир нече кылмыш жасаганы үчүн жаза белгилөө”) негизинде, Аскар Шадиевдин жалпы абакта жаза өтөө мөөнөтү 13 жыл болуп, мүлкү конфискацияланмакчы. Читать дальше...

Чыңгыз Жумагуловдун соту болуп жатат

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ушу тапта кылмыш дүйнөсүндө «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун иши боюнча кезектеги отурум өтүп жатат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна соттун басма сөз кызматы кабарлады. 39 жаштагы Жумагулов Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүү үчүн шектүү катары былтыр 11-апрелде кармалып, №1 тергөө абагына отургузулган. Аны менен кошо дагы эки адам кармалганы айтылган. Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Читать дальше...


Музыкальные новости
Концерт

Концерт ко Дню Победы проведут в Культурном центре «Интеграция» на Лазо





Персональные новости
Владимир Путин

Инаугурация президента Путина - 2024. Прямая трансляция





Июнь окуясы: 10 жыл мурун эмне болгон?

Azattyk.org 

Мындан 10 жыл мурун Кыргызстандын түштүгүндө улут аралык жаңжал тутанган. Коогада 400дөн ашуун адамдын каны төгүлүп, миңдеген турак-жай, имараттар өрттөнгөн. 10 жыл мурунку кайгылуу окуяга Жазгүл Эгембердиева сереп салат. ("Настоящее время" телеканалы даярдаган видео түшүндүрмө)

Парламентте КТРКнын ишине сын айтылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 10-июндагы сессиясында КТРКнын Байкоочу кеңешинин 2019-жылдагы иш жөнүндө отчетун угуп жатат. Жыйында КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев телеканалда көп материалдар бурмаланып же эфирден такыр көрсөтүлбөй жатканын билдирди. Дагы бир депутат Рыскелди Момбеков 5-июнда "Ата Мекен" жана "Ак шумкар" партияларынын бириккени тууралуу иш-чара ободон кетпей калды деп сын айтты. КТРК жетекчилигин, байкоочу кеңешти калыс болууга чакырды.    "Азамат Таалайбекович, (Ред: КТРКнын Байкоочу... Читать дальше...

Телерадио боюнча расмий мекеме “3-каналга” кол салууну кескин айыптады

Azattyk.org 

Кыргызстандын телерадио тармагы боюнча мамлекеттик расмий органы Таластагы “3-канал” туш болгон окуяга байланыштуу билдирүү таратып, “кол салууну кескин айыптай турганын” белгиледи. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникация департаменти 10-июнда тараткан билдирүүдө “көз каранды эмес телеканалга кол салуу тууралуу кабар өтө чоң өкүнүү жана капалык менен кабыл алынганы, анткени Кыргызстан көптөгөн жылдардан бери сөз эркиндиги сакталып, корголуп келаткан демократиялык өлкө экени” айтылды. Читать дальше...

Батукаевдин иши боюнча дагы 13 кишинин иши сотко өттү

Azattyk.org 

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинде шек саналган дагы 13 кишинин иши сотко өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Наргиза Куватова "Азаттыкка" билдирди. "Жалпы 19 кишинин үстүнөн жазык иши болгон. Буга чейин төрт кишинин иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберилген. 14 киши тергөө менен иштөөгө макул болуп, макулдашуу түзүлгөн. Ал тергөө аяктагандан кийин 13 адамдын иши сотко кетти. Касымов деген адвокат боюнча тергөө жүрүп жатат. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Росгвардия приняла участие в обеспечении безопасности при проведении футбольных матчей в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Российский теннисист поднялся на две позиции в топ-10 рейтинга ATP


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Лесопожарные станции в Подмосковье получили новые грузовики





Путин в России и мире
Москва

А броня, как у вертолета: какие автомобили предпочитает Владимир Путин


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Польский судья отказался от должности и попросил защиты у Лукашенко. Он обвинил Варшаву в нечестной политике




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Джиган

Джиган собирается торговать пивом



Москва

В Подмосковье помогают паллиативным пациентам с бронхиальной астмой

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net