Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Июнь
2020

Новости за 22.06.2020

Вена: АКШ - Орусиянын курал көзөмөлдөө боюнча сүйлөшүүлөрү аяктады

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар менен Орусия стратегиялык куралды чектөө жөнүндө келишимди талкуулашты. Венадагы сүйлөшүүгө катышкан америкалык делегацияны куралды көзөмөлдөө боюнча атайын чабарман Маршалл Биллингсли, Орусияныкын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков жетектеп барган. Маалыматка караганда, дээрлик 10 саатка созулган талкуунун жыйынтыктары тууралуу шейшембиде билинет.  Жолугушуунун алдында Москва 2010-жылы кол коюлган азыркы келишимди узартууну сунуш кылган. Ага ылайык тараптар узун аралыкка... Читать дальше...

Кремль: Орусиянын кошуналарына эч кандай аймактык дооматы жок

Azattyk.org 

Кремль мурдагы советтик жумурияттарга аймактык дооматы бар экенин четке кагууда. 22-июнда президент Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Жок, Орусиянын кошуналарга эч кандай аймактык дооматы жок" деп билдирди. Анын алдынкы күнү Путин "Россия-1", каналындагы интервьюда Советтер Союзу түзүлгөндө бир топ жумурияттар «Орусиянын далай жерин алышканын», СССР ыдыраганда ошол «белектерди ала кетишкенин» айткан. Президент кайсы жумурият, кайсы жерди кеп кылганын тактаган жок. СССР түзүлгөндө андан чыгуу укугу жазылганын... Читать дальше...

Качкындар жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков “Качкындар жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Бул тууралуу президенттин сайты жазып чыкты. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 14-майда кабыл алган. Өзгөртүү киргизилген мыйзамда "башпаанек сураган чет элдик жарандарды каттоо Ички иштер министрлигинен алынып, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилет" деп жазылган.  Мындан тышкары документте Кыргызстан качкын макамын берүүдөн кайсы учурларда баш тартаары да белгиленген. Мурда качкын макамын... Читать дальше...



COVID-19: Саламаттык сактоо министри өз алдынча дарыланбоого чакырды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 22-июндагы брифингде коронавирус аныкталган учурда өз алдынча дарыланууга болбой турганын билдирди. “Өз алдынча дарыланып, алтынчы же жетинчи күнү ооруканага жатуу үчүн кайрылып жатышат. Оор абалда гана келип атышат. Мен айткан үч адам бир гана күн ооруканада болушту. Катуу оорудан каза болушту. Кимде кант диабети, гипертония, өнөкөт оорулары болсо өтө коркунучтуу. Өз алдынча дарыланбагыла, биринчи белгилери пайда болгондо эле дарыгерге кайрылгыла. Читать дальше...

Хорватиянын президенти Москвадагы парадга барбай турганын билдирди

Azattyk.org 

Хорватия президенти Зоран Миланович Жеңиштин 75 жылдыгына арналган Москвадагы аскердик парадга барбай калды. «РИА Новости» кабарлагандай, Хорватиянын элчилиги мамлекет башчынын учагы «бузулуп калганын» билдирди. Буга чейин парадга баруудан Түркмөнстан, Азербайжан президенттери жана Армениянын премьер-министри баш тарткан. Алар муну коронавирус жана карантин менен түшүндүрүшкөн. Чехиянын президенти да орус башкалаасына барбайт. Ал Орусияда эпидемиологиялык абал оор деген жүйө келтирди. Франциянын... Читать дальше...

Кабул: Бир аптада кол салуулардан 291 жоокер окко учту

Azattyk.org 

Ооган өкмөтүнүн расмий өкүлү «Талибан» кыймылын сүйлөшүүлөр алдында чабуулдарын күчөткөндүгү үчүн айыптады. Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Жавид Файзалдын айтымында, соңку жумада согушкерлердин колунан 32 провинциядагы 422 чабуулда коопсуздук күчтөрүнүн 291 аскери өлдү, 550сү жарадар болду. Мындай маалымат менен Файзал 22-июнда "Твиттерде" бөлүштү. Талиптердин өкүлү Забихулла Мужахид өкмөт келтирген сандарды четке кагып, «душман ушундай маалымат чыгаруу менен оогандардын өз ара диалогуна... Читать дальше...

Баатырбеков: “Семетей” обсервациясында 800 кишиге орун даярдалды

Azattyk.org 

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков “Манас” эл аралык аэропортунун жанында жайгашкан “Семетей” обсервациясын көрүп келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Баатырбеков коронавирусту жуктуруп алгандар көбөйгөндүгүнө байланыштуу медициналык мекемелерде орундар көбөйтүлүп жатканын билдирген.  Анын айтымында, “Семетей” обсервациясында COVID-19 дартына чалдыккан жарандарды жайгаштырууга болот. Азыр ар бирине 120 киши бата турган жети корпус даяр. Дагы беш корпусту даярдоо мүмкүнчүлүгү караштырылып жатат. Читать дальше...

Кой-Таш окуясы боюнча Кодураңова менен Мискенбаевге айып угузулду

Azattyk.org 

Биринчи май райондук сотунда 22-июнда парламент депутаты Асел Кодураңова, мурдагы депутат Мискенбаевге жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, атайын кызматтын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевге жана кеңешчиси Кундуз Жолдубаевга бир нече берене боюнча айып тагылды. Алар бийликти күч менен басып алуу, барымтага алууну, массалык баш-аламандыктарды уюштуруу сыяктуу оор беренелер менен айыпталып жатышат. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы маалымдады. Иш убактысы аяктаганына байланыштуу... Читать дальше...



Роль женщины в разрешении конфликтов

Azattyk.org 

В программе "Эже-сиңдилер" мы поговорили о роли женщины в миростроительстве в кризисные времена. В каких сферах и какими способами женщины могут вносить вклад в консолидацию сообществ, в обеспечение мирного сосуществования людей разного этнического происхождения и социально-экономического положения?

Орусиялык окумуштуу чыккынчылык кылган деген айып менен соттолду

Azattyk.org 

Орусияда 22-июнда Борбордук машине куруу илим изилдөө институтунун кызматкери Роман Ковалев мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып менен жети жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Москва облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, институттун бөлүмдөрүнүн бирин жетектеген окумуштуу жазасын күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтөйт. Купуя маалыматтар камтылгандыктан, иш жабык каралды. Айыптын мазмуну расмий жарыяланган жок. Өкүм күчүнө кире элек жана нааразы тарап жогорку инстанцияга апелляциялык арыз берсе болот. Читать дальше...

ЖЭБ иши: Жогорку сот экс-министрлерге баштапкы өкүмдү күчүндө калтырды

Azattyk.org 

Жогорку сот Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу Бишкек шаардык сотунун өкүмүн дээрлик күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады. Жогорку соттун басма сөз кызматы жиберген маалыматта Бишкек шаардык сотунун Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Биримкулов, Ольга Лавровага карата 23-мартта чыгарган чечиминин материалдык зыянды өндүрүү боюнча бөлүгү өзгөртүлгөнү жазылат. Читать дальше...

ИИМ: бийликти күч менен басып алууга чакырган жарандар аныкталды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматы «WhatsApp» мессенжери жана башка социалдык тармактар аркылуу 1-июлда бийликти күч менен басып алууга Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгууга чакырган  тогуз мүнөттүк аудиону тараткан жаран табылганын билдирди. Ал 39 жаштагы Балыкчы шаарынын тургуну, учурда Чүй облусунда жашап жатканы белгилүү болгон. Маалыматка караганда, фактыны ИИМдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 310-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга... Читать дальше...

Укук коргоочуларга укурук салган УКМК

Azattyk.org 

28-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектеги «Шаардагы парктар» ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиеванын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, суракка алып кеткен. 29-май күнү укук коргоочу Камил Рузиевди кармаган. Учурда үй камагында отурган Рузиев атайын кызматтын бул кадамын "өч алуу" катары баалап жатат. Себеби укук коргоочу кыйноого кабылган жарандарга укуктук жардам берип, УКМК, ИИМ кызматкерлеринин үстүнөн арызданып жүргөн эле.

Кытайлык казактар абактан чыкты

Azattyk.org 

Акыркы бир күндүн ичинде коронавирус дүйнөдө дагы 183 миңден ашык адамдан аныкталды жана бул пандемия маалындагы эң чоң көрсөткүч болуп калды. Кыргызстанда 22-июнда дагы 205 кишиден коронавирус табылды.Индияда Кытай товарларына каршы акция өттү.

COVID-19: Абал курчуду, кеңеш сурагандар көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда 22-июнга карата коронавирус дагы 205 адамдан табылып, илдеттен үч киши каза болду. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Ал арада 118 ыкчам номуруна кайрылып, жооп ала албагандар нааразы болуп жатышат.

«Лидер» футбол клубу Кыргыз премьер-лигасынан чыкты

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн «Лидер» футбол клубу Кыргыз премьер-лигасынан чыкты. Бул тууралуу Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын расмий сайты жарыялады. Маалыматка ылайык, мындай чечим клубдун каржы жана спорттук милдеттенмелерди аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алынган. «Лидер» футбол клубу "Кыргыз премьер-лигасына бүгүндөн баштап мүчө болушун токтотот» деп жазылган билдирүүдө. «Лидер» футбол клубу 2018-жылы НТС телеканалында эфирге чыккан «Лидер» теледолбоору аяктагандан кийин негизделген. 2019-жылдан... Читать дальше...

Ош мэриясы: «Алай» футбол клубунун оюнчуларына маяна берилди

Azattyk.org 

Оштогу «Алай» футбол клубунун оюнчуларына айлык берилип, футболчулар машыгууларына чыга башташты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Азаттыкка» билдирди.  «Бүгүнкү күндө футболчулардын айлыгы толук төлөнүп берилди жана мындан ары да өз убагында берилип турат. Андан сырткары, футболчулар жашаган жерге шарт түзүлөт. Ал эми жетекчилик маселеси комиссия иликтеп чыккандан кийин чечилет», - деди Азамат Абсаттаров.  Буга чейин «Алай» футбол клубунун оюнчулары эки... Читать дальше...

Саламаттык сактоо министри: Көрсө, ооруканалар талапка жооп бербейт экен (видео)

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министри Кыргызстанда ооруканалар талапка жооп бербей турганын айтты. 22-июндагы брифингде медицина кызматкерлерине коронавирус жугуу себептери тууралуу суроого жооп берип, бейтапканаларда жуунучу жайлар жоктугун, жугуштуу оорулар бөлүмдөрү начар абалда экенин белгиледи: «Медиктер алдыңкы катарда иштеп, бейтаптар менен түз байланышта болот, ошондуктан оору жугууда. Көрсө, биздин бейтапканалар заманбап талаптарга такыр жооп бербейт экен. Инфраструктура жок, жуунучу жай жок, ооруканалар эски... Читать дальше...


Музыкальные новости
Юрий Шевчук

«Эта концепция вывозит»: критикующий Россию Шевчук призвал своих зрителей к революции





Персональные новости
#123ru.net

Ирина Струнова стала Терапевтом года





Орусияда “Желе" жамааты боюнча дагы эки киши соттолду

Azattyk.org 

Санкт-Петербургда аскердик сот «террордук жамаат» тууралуу иш боюнча айыпталган Виктор Филинковду 7 жылга, Юлий Бояршиновду 5,5 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кести. Аларга “Желе (“Сеть”) деп аталган регион аралык террордук анархиялык коомуна” мүчө болгон деген күнөө тагылды. Тергөөчүлөр ал уюм Орусиядагы “бийликти төңкөрүүнү” көздөгөн деп эсептешет. Соттолгондор айыптоону четке кагып, иш атайлап жасалган деп айтып келатышат. Тергөөчүлөрдүн версиясына ылайык, жамааттын мүчөлөрү имараттарды басып алуу... Читать дальше...

БШК кызматкеринен коронавирус аныкталды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) кызматкеринен 22-июнда коронавирус аныкталып, медициналык көзөмөлгө алынды. Мекеменин басма сөз кызматы имарат дезинфекцияланып, ал жерде иштегендердин баары анализ тапшырганын билдирди. Улгайган кызматкерлер аралыктан иштөөгө жөнөтүлдү. Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен жаңы вирусту жуктуруп алгандар июндун экинчи жарымында көбөйүп, мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин, жетекчилеринин арасында да каттала баштады.  COVID-19 илдетине кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. Читать дальше...

Зайырбектин ырларын сүйгөн Саянбек

Azattyk.org 

Поэзияны жанындай көргөн сегиз жашар Саянбектин тилеги. Футболчу Мессинин 94 жаштагы күйөрманы, кочкорлук Алтын апа. “Мыкты жаш окумуштуу” эл аралык сыйлыгын алган кыргыз студент Акоша. Сулайман-Тоо тарыхый жайында бак-дарактардын кыйылышынын чоо-жайы. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында.

Дүйнөдө COVID-19 жуккан эң көп учур катталды

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) акыркы бир күндүн ичинде коронавирус дагы 183 миңден ашык адамдан аныкталганын билдирди. Бул пандемия маалындагы эң чоң көрсөткүч болуп калды.

Интернетти көзөмөлдөө боюнча мыйзам долбоору комитетте дароо эки окуудан өттү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 22-июнда «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи-үчүнчү окуудан катары менен карап, кабыл алды. Бул тууралуу аталган комитеттин мүчөсү, депутат Жанарбек Акаев билдирди. Ал өзү жана дагы бир депутат Дастан Бекешев экөө мыйзам долбооруна каршы добуш беришкенин кабарлады. Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо... Читать дальше...

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 22 кызматкеринен коронавирус аныкталды

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 22 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Мекеменин басма сөз кызматы 22-июнда билдиргендей, алар өлкөнүн түрдүү аймагында иштеген адистер. Баары медициналык көзөмөлдө. COVID-19 диагнозу коюлган кызматкерлер менен байланышта болгон кесиптештеринен, туугандарынан да анализ алынды. Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен жаңы вируска кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. Андан бери илдетти жуктургандар 3356га жетип, 40 киши көз жумду, 2021и сакайды. Оору жуктуруп алгандар июндун экинчи жарымында көбөйүп... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

В Москве в 12-й раз пройдет фитнес-фестиваль «ФитЭкспо 2024»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Андрей Рублев поднялся на шестое место в рейтинге ATP


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Кирилл Купченко, Директор по послепродажному обслуживанию ABTOДОМ МКАД рассказал о сервисном обслуживании электромобилей Zeekr





Путин в России и мире
Москва

А броня, как у вертолета: какие автомобили предпочитает Владимир Путин


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Польский судья приехал в Минск и попросил защиты у Лукашенко




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Светлана Сурганова

Светлана Сурганова выступит на фестивале «Окна Открой»!



Москва

Во сколько начнется Парад Победы в Москве 9 мая 2024 года

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net