Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Июнь
2020

Новости за 03.06.2020

Руслан Акматбек: Президенттин коррупцияга каршы күрөшү декларативдүү мүнөздө же саботаж болуп жатат (видео)

Azattyk.org 

Эксперт Руслан Акматбек “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасында президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу сөзү декларативдүү мүнөзгө ээ болуп калды деген пикирин билдирди. “Же президент коррупцияга каршы күрөш тууралуу айтып, кагаз жүзүндө эле элге айтып коюп жатат, Бул - биринчи варианты. Же күч түзүмдөрү мамлекет башчынын саясатын саботаж кылып атышат. Үчүнчү варианты – президенттин тапшырмасын аткарууга күч түзүмдөрүнүн күчү жетпей жатат”, - деди Руслан Акматбек. Читать дальше...

Шайназаров: Бирөөнү айыптоодон алыс болушубуз керек (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү – Прогресс” фракциясынын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасына катышканда "бирөөнү айыптагандарга" кошулбай турганын билдирди. “Кайсы бир адамга күнөө коюп, айыптоонун артында түрдүү максат турушу мүмкүн, ошондуктан, Алиге да, Матраимовго да бирдей көз менен кароо керек. Аны деле 700 миллион доллар чыгарып кетти, тигиндей мындай деп айыптап атпайсыңарбы? Мына ошондойдон алыс болушубуз керек деп жатам”. Программанын дагы бир катышуучусу... Читать дальше...



Эки күбөнүн көрсөтмөсү жана укуктук талаш

Azattyk.org 

"Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнүн коноктору – Жогорку Кеңештин депутаты, Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөсү Тынчтык Шайназаров, медиа эксперт Руслан Акматбек жана Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова.

Сооронкулова: Депутаттык комиссия мыйзам бузду (видео)

Azattyk.org 

"Кандай гана комиссия болбосун, тергөө иштерине киришүүгө укугу жок болсо да, Саймаитинин иши боюнча түзүлгөн комиссия тергөө амалдарына кийлигишип, ачыкка чыгарып, элге жарыялаганы – мыйзам бузуу". Мындай пикирин Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасында билдирди. “Депутаттык комиссия али тергелип бүтө элек иштеги күбөлөрдүн көрсөтмөсүн коомчулукка жарыялап салганы менен жалпы укук бузулду. Кылмыш процессуалдык кодекс бузулду. Жогорку Кеңештин регламенти бузулду. Читать дальше...

Сооронкулова: УКМК тергөөнү башка нукка бурууга аракет кылып жатат (видео)

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлдекеттик кызмат (УКМК) «Азаттыктын» журналисти иликтеп чыккан мыйзамсыз коррупциялык иштерди иликтеп, ачыкка чыгаруунун ордуна, тескерисинче, ишти башка нукка буруп, анын өзүн күнөөлүү кылып көрсөткүсү келип жатат. Мындай пикирин Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында билдирди: «Эгер УКМК өздөрүнүн алдына коюлган ишти – иликтөөдө айтылган мыйзамсыз, коррупциялык иштердин жок экенин аныктап, ал тууралуу маалыматтарды жокко чыгарып... Читать дальше...

Чегиртке дыйкандарды кыйнады

Azattyk.org 

Ушул күндөрү Азиянын 20дан ашык өлкөсүн жана Африканы чегиртке каптады. Тажикстандын эң ири дыйканчылык аймагы болгон Хатлон облусундагы дыйкандар чегирткенин айынан ири зыянга учурап жатышат. Түркмөнстандын 35 миң гектар аянттагы эгини чегирткеге жем болду. Өзбекстан чегирткеге каршы күрөшкө ондогон техникалык каражаттарды жумшады.

Коомдук ишмерлер абактагы саясатчыга болушту

Azattyk.org 

Бир катар коомдук ишмерлер Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, алты айдан бери камакта отурган саясатчы Равшан Жээнбековду үй камагына чыгарууга көмөк көрсөтүүнү суранып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты.



Нарында нөшөрдөн кийин айрым көчөлөрдү суу каптады

Azattyk.org 

Нарын шаарында нөшөрлөгөн жаандан кийин суу ташкыны пайда болду. «Азаттыктын» кабарчысы жеринен маалымдаганына караганда, тоонун түбүндөгү каналдан суу ташып, айрым көчөлөрдүн жолдорун, үйлөрдү каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, саат 16:00 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен жаан суусу үйлөрдүн короолорун жана көчөлөрдү каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине мекеменин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, Нарын шаардык №16 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар тартылган. Читать дальше...

Жакупова: УКМКнын «Азаттыкка» каршы «далили» буюртма болушу мүмкүн

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ««Азаттыктын» журналисти иликтөөсү үчүн акча алганын Саймаитиден укканбыз» деген күбөлөрдүн көрсөтмөсү кытайлык ишкер, маркум Айеркен Саймаитинин Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу айткан маалыматтарын иликтөөчү депутаттык комиссияда көрсөтүлүшү бардык тарабынан алганда мыйзамсыз. «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова депутаттык комиссиянын отурумунда УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы көрсөткөн күбөлөрдүн видео көрсөтмөсүн ушундайча талдады. Читать дальше...

Никитенко: УКМК сын айткан активисттерди кармап жатканы кооптондурат

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) пикирин ачык айтып чыккан жарандык активисттерди кармап жатканы кооптондурат. Мындай пикирин 3-июнда Жогорку Кеңештин Кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитетинин төрайымы Наталья Никитенко билдирди. Комитеттин жыйынында ал УКМКнын төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбековго кайрылып, «Шаардагы парктар» ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиеванын жана караколдук укук коргоочу Камилжан Рузиевдин окуясына кайрылды: «Коопсуздукту... Читать дальше...

Кулматов менен Ибраимовдун иши боюнча сот 10-июнда уланат

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту 3-июнда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча кылмыш ишин кароону улантты. Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, жараянда Ибраимов менен Кулматов суралып бүттү. Иштин материалдарын иликтөө да аяктады. Кийинки жараян 10-июнга белгиленди. 2019-жылдын 23-декабрында Бишкектин Ленин райондук соту Ибраимовду 15 жылга кесип, Кулматовду беш миллион сом айып төлөөгө милдеттендирип, абактан үй камагына бошоткон. Бул иш боюнча экс-мэрлер менен кошо айыпталган 11 кишинин баары сот залынан бошотулган.

Балдардын лагерлери 25-июнда ишке киришет

Azattyk.org 

Кыргызстанда 25-июндан тартып балдардын ден соолугун чыңдоочу лагерлер иштей баштайт. Бул тууралуу коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 3-июндагы жыйынында айтылды. Жыйында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев жайкы туристтик сезон тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, пансионаттардын жана эс алуу жайларынын жетекчилерине санитардык эрежелерди көзөмөлдөө боюнча катуу талаптар коюлду. Өлкө боюнча Профсоюздар федерациясына караган ондон ашык лагерь... Читать дальше...

ЖАМК Ажиевдин кыйноого кабылганын четке какты

Azattyk.org 

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) «№1 тергөө абагында отурган Даниел Ажиев кыйноого кабылып жатат» деген маалыматтарды төгүндөдү. Мекеме 3-июндагы билдирүүсүндө Ажиевге карата эч кандай басым-кысым колдонулбаганын, ал өзүнүн суранычы менен бир камерада жалгыз отурганын кабарлады. ЖАМК Ажиевдин адвокаттарынан жалган маалыматтарды таратууну токтотушун талап кылган.   Буга чейин Интернетте Даниел Ажиевдин адвокаттары анын тергөө абагында кыйноого алынганын айтып чыгышкан. Ажиев быйыл... Читать дальше...

Орусиядагы 4,5 миң кыргызстандык мекенине кайтууга жардам сурап элчиликке кайрылган

Azattyk.org 

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде мекенине кайтууга жардам сурап кайрылган 4,5 миң кыргыз жаранынын арызы жатат. Бул тууралуу 3-июнда элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеме алардын баарынын маселесин бир заматта чечүү мүмкүн эмес экенин, ошого карабастан айрымдар нааразылыгын айтып, түрдүү билдирүүлөрдү жасап жатышканын белгилеп, аларды сабырдуулукка чакырды. Элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлиги, Росавиация, Роспотребнадзор ишканалары жана авиакомпаниялары менен сүйлөшүү жүрүп жатканын маалымдады. Читать дальше...

«Чоң казаттын» мүчөсү Мамытканов ИИМде суракта болду

Azattyk.org 

Өзүн «Чоң казат» деп атаган кыймылдын мүчөсү Максат Мамытканов бүгүн 3-июнда Ички иштер министрлигинде суракта болду. Ал тергөө сырынын купуялыгына байланыштуу сурак учурунда эмне тууралуу кеп болгонун айта албай турганын белгилеп, болгону «Чоң казаттын» эмне кызыкчылыгы бар? Саясатка аралашасыңарбы?» деген суроолор берилгенин «Азаттыкка» билдирди. Буга чейин Интернеттеги социалдык түйүндөрдө «Чоң казат» деген уюм айрым аткаминерлердин, саясатчылардын байлыгы жөнүндө айтып чыкканы кызуу талкууланган. Читать дальше...

Атамбаевди колдогон КСДПнын съездин мыйзамсыз деп таануу тууралуу арыз сотто карала баштады

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) жетекчиси катары катталган Сагынбек Абдрахмановдун арызын кароого киришти. Бул тууралуу 3-июнда «Азаттык» радиосуна Абдрахманов өзү кабарлап, алгачкы отурум жакында болгонун, кийинкиси 10-июнга дайындалганын билдирди. Анын айтымында, арызды кароо Жогорку соттун райондук жана шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгаруу тууралуу чечиминен кийин башталды. «Жогорку сот документтерди карап чыгып, Биринчи май райондук сотуна «кайра карагыла» деп тапшырма берген.


Музыкальные новости
Юрий Шевчук

"Вся лажа этим заканчивается": Шевчук со сцены в Дубае призвал зрителей к революции





Персональные новости
Полина Гагарина

Полина Гагарина — про уход на пенсию и особые способности Сергея Лазарева





Уфа: кесиптешин зордуктады деген мурдагы полиция кызматкерлери акталды

Azattyk.org 

Башкыртстандын Жогорку соту иш учурунда кесиптешин зордуктады деп шек саналган мурдагы полиция кызматкерлери Салават Галиев менен Эдуард Матвеевди актады жана сот залынан бошотту. Райондук сот аларды күнөөлүү деп таап, ар бирин жети жылга эркинен ажыраткан эле. Мындан эки жыл мурун ички иштер башкармалыгынын Уфа райондук бөлүмүндө 23 жаштагы полиция кызматкери ошол учурда райондук полициянын жетекчилигинде иштеген Эдуард Матвеев, Салават Галиев жана Павел Яромчук зордуктаганын айтып арыз жазган. Читать дальше...

COVID-19: Окуучулардын агартуучу радиосу

Azattyk.org 

10-класстын окуучусу Акмөөр Арапова курбулары менен бирге айылына радио түйүн ачты. Алардын максаты - айылдаштарына коронавирус боюнча туура маалымат жеткирүү. Жалал-Абад облусундагы эң четки Кош-Болот айылында буга чейин радио болгон эмес.

Өзбек өкмөт өкүлдөрү чек ара чатагы чыккан Сохко келип кетти

Azattyk.org 

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун тапшырмасы менен биринчи вице-премьер-министр Ачилбай Раматов баштаган өкмөт өкүлдөрү Сох районуна келип кетти. Жергиликтүү маалымат каражаттары алар аймактагы маселелер менен жеринен таанышканын жазышты. Буга чейин соңку жаңжалга байланыштуу Сохко Абдулла Арипов өзү келип кеткен жана ал Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов менен жолуккан. Аймактагы абалды 1-июнда эки өлкөнүн президенттери телефондон талкуулаган. Ушул аптагын... Читать дальше...

Үч уюм парламент комитетин жана төраганы сотко берди

Azattyk.org 

"Смарт жаран" ассоциациясы, "Прецедент өнөктөштөр тобу" жана "Эркиндик үнү" коомдук фонду Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин иш-аракетин мыйзамсыз деп табууну өтүнүп сотко кайрылды. Доо арыз комитет "Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча эреже бузууларга барды деген негизде жазылган. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Прецедент өнөктөштөр тобу" коомдук уюмунун өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка караганда, 2020-жылдын 26-февралында... Читать дальше...

«Сөз эркиндиги карикатуристтин көзү менен» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Azattyk.org 

«Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» аттуу республикалык экинчи сынактын жыйынтыгы чыкты. Сынакты «Журналисттер» коомдук бирикмеси «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен  3-май - Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө арнап уюштурган. Сынактын жыйынтыгында 1-орун «Бийлик жана ЖМК» деген карикатура үчүн Болат Рыскулбековго ыйгарылды. 2-орун «Бийликти бөлүштүрүү» үчүн Эрлан Сатыбековго жана 3-орун «Блогер» деген карикатура үчүн Нурбек Насыранбековго тийди. Мындан тышкары беш адамга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

К.ВАЛИЕВА, 23 КИТАЙЦА, WADA помогают раскрыть сеть секретных преступных отделов. Дело Скрипалей можно дополнить с пользой.


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Лучший теннисист Казахстана сдал позиции в чемпионской гонке ATP


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Синоптик Позднякова: 9 мая в Москве еще будет кружить снег





Путин в России и мире
Москва

Председатель Госдумы Володин: Путин спас Россию


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Польский судья Шмидт попросил защиты у Лукашенко и политического убежища в Белоруссии




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Джиган

Джиган планирует торговать пивом



Москва

Ушаков: не пришедшие на инаугурацию Путина послы забыли, зачем находятся в РФ

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net