Баткенде жөө кишилерди кичиавтобус менен жөөлөгөн айдоочу камакка алынды
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында кичиавтобус менен жөө кишилерди жөөлөгөн айдоочу кармалып, камакка алынды.
Ал 25 жаштагы жаран экенин облустук милиция билдирди. Маалыматка караганда, факты алгач Жазык кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык»), 297-беренеси («Жол коопсуздугунун жана автоунаа каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кийинчерээк 39-130-беренеге («Киши өмүрүнө кол салуу») которулду.
Кармалган айдоочу убактылуу кармоочу жайга камалып, анын машинеси айып жайына киргизилди. Окуяга катышкандар чогуу спирт ичимдик ичкен деген версия бар.
25-сентябрда Кызыл-Кыя шаарында орун алган окуянын видеосу Интернетте тараган. Анда кичиавтобустун айдоочусу көчөдө турган бир нече адамды сүздүрүп, ары-бери айдап жатканын көрүүгө болот. Окуяда жабыркаган Кадамжай районунун тургуну аймактык ооруканага түшкөн.
Милиция айдоочу изин жашырып кеткенин айтып, издеп жаткан. (NT)