Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Май
2021

Новости за 20.05.2021

Кумтөр: Эл аралык сотко жеткен эрегиш

Azattyk.org 

Кыргызстандагы эң ири алтын кенинин айланасындагы соңку окуялар эл аралык аренада жана инвесторлор арасында кандай таасир калтырууда? Чет өлкөлүк инвесторлордун миллиондогон доллар доосуна кабылган кыргыз өкмөтү бул ирет эл аралык сотто утуп чыгабы? "Биз жана дүйнө" берүүсүндө книри сөз болот.

Эки апта иштеген министр эки айга камалды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту ири өлчөмдө пара талап кылууга шектүү катары кармалган Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары, мурдагы санарип өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаевди 20-июлга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Азамат Дыйканбаев Жазык кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") менен шектелүүдө. УКМК аны чет өлкөлүк компаниядан пара талап кылган деп айыптап жатат. “Дыйканбаев “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырып жаткан чет өлкөлүк компаниядан келишимдин... Читать дальше...

Жаш министр пара чырынан улам кармалды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун орун басары, санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев кармалды. Ал ири өлчөмдө пара талап кылууга шектелүүдө. Бишкекте аскер кызматкерлери жана алардын жакындары нааразылыкка чыкты. Алар үйүнүн алдына мэрия мыйзамсыз турак жай куруп жатат деп даттанууда. Дүйнөдө бир жылда 40 миллиондон ашык киши ички качкынга айланды. Өз өлкөсүнүн ичинде жер которгондордун саны рекорддук чекке жетти.



Барскоон: Айылдыктардын үмүтү менен күйүтү

Azattyk.org 

10 миңге жа кын эли бар Барскоон айылы Күмтөр алтын кенине жакын жайгашкан. 500дөн ашык айыл тургуну бул ишканада эмгектенет. Кендин айланасында болуп жаткан соңку окуялар тууралуу барскоондуктар кандай ойдо?

АКШ жана Орусиянын башкы дипломаттары жолугушту

Azattyk.org 

Эки мамлекеттин жогорку даражалуу дипломаттарынын алгачкы сүйлөшүүсү Исландияда өттү. Кремль 20-майдагы билдирүүсүндө АКШ менен Орусиянын жогорку дипломаттарынын жолугушуусун конструктивдүү деп атап, Путин менен Байдендин ыктымал саммитин өткөрүү үчүн «позитивдүү белги» катары мүнөздөдү. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 19-майдын кечинде Исландияда жолуккандан кийин эки мамлекеттин ортосунда олуттуу пикир келишпестиктер болсо да, чогуу кызматташуу жолдорун таба алышарын белгилешти.

Муфтийликке талпынган талапкерлер

Azattyk.org 

Кыргызстанда ушул айдын аягына чейин мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи, Аалымдар кеңешинин жаңы чакырылышы шайланганы турат. Муфтий болгусу келген алты талапкер 21-майда сынак тапшырат. Аалымдар кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын 19-майдагы протоколдук чечимине ылайык, Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтияттын) башчысына сынак 21-майда, саат 14:30да өтөт. Ал эми 22-майда Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна, 24-25-май күндөрү Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө сынак өтөт. Читать дальше...

ЖРТ: Окуучуларга талап өзгөргөн жок

Azattyk.org 

18-19-майда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы республикалык тестирлөөсү  өттү. Пандемия шартында экинчи жолу өтүп жаткан сынакка 42 817 окуучу катышты. Тестирлөөнүн шарттары аралыктан окутууга байланыштуу жеңилдедиби? Быйылкы бүтүрүүчүлөргө кандай талаптар коюлду? Бишкектеги Кара-Жыгач жаңы конушунда жайгашкан №91 мектептин бүтүрүүчүсү Малика Бактыбекова 19-майда Жалпы республикалык тестирлөөгө кирип чыкты. Малика "STEM - илимдеги кыздар" долбоорунун алкагында тестке менчик борборлордун биринде акысыз даярдануу мүмкүнчүлүгүн алган. Читать дальше...



Москва: элчилик алдында кезек узарды

Azattyk.org 

Москвадагы кыргызстандыктар консулдуктан керектүү документтерди өз маалында ала албай, эки-үч күн кезек күтүп турганына нааразы. Москвада иштеген Акбаралы Камбаралы уулу өткөн жумада Кыргызстандын элчилигине мөөнөтү бүтүп бараткан паспортун алмаштыруу үчүн барган. Таң эрте кезек күткөнүнө карабай кишинин көптүгүнөн документ тапшырууга үлгүрбөй калганын айтты. "Элчиликтен бир кагаз алыш оор болуп калды. Эртең менен барсаң деле, кечинде барсаң деле киши толтура. Эки-үч күн кезек күткөндөр бар экен. Читать дальше...

Сатылмай болгон маммүлктүн санагы

Azattyk.org 

Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө даярдык башталды. Мунун алдында президент Садыр Жапаров мамлекетке караштуу мүлктүн көпчүлүгүн сатууну сунуштаган. Калганы тийиштүү министрликтерге, комитеттерге жана башка органдарга өткөрүлмөкчү. Демилгени сынга алгандар да, колдогондор да чыгып жатат. Учурда Мамлекеттик мүлк фондунда заводдор, комбинаттар, имараттар, автоунаалар жана башка миңдеген мүлктөр бар. "Азаттык" атайын видеодо бул жараянды түшүндүрүп берет.

Өзгөчө макам Баткендин багын ачабы?

Azattyk.org 

Баткендин өзгөчө макамы тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда тармактык комитетте колдоо тапты. Негизги соода алакасы коңшулаш Тажикстан менен болгон аймакты өнүктүрүү үчүн мамлекет ишкерлерге колдоо көрсөтүүнү сунуштоодо. Чек ара жаңжалдарынан улам сырттан инвестор келбеген аймакта жергиликтүү ишкерлер арзан, узак мөөнөттүү насыя жана салык каникулдары зарыл экенин айтып жатышат. Жыйырма жылдагы жылыш Бир кезде Ош облусунун курамындагы Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорун, Кызыл-Кыя шаарын... Читать дальше...

Атасын издеген Зинат апа

Azattyk.org 

82 жаштагы Зинат Базарбаева 1941-жылдагы согушка кеткен атасын издеп келет. Ал Орусиянын борбордук архивине чейин кат жазып, атасынын дайын-дарегин сураштырган. Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында жашаган Зинат апа атасы менен катар эле Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган айылдаштарын да сураштырып келет.

Чөлкөмдөгү абал, Нур-Султандын мүдөөсү

Azattyk.org 

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Тажикстанга расмий сапар менен барды. Эки күндүк сапар жүрүшүндө казак-тажик мамилесинен сырткары Борбор Азиядагы коопсуздук маселесин талкуулай турганы айтылды. Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Дүйшөмбүгө расмий сапар менен 19-майда барды. Аны аэропорттон тажик президенти Эмомали Рахмон өзү тосуп алды. Сапардын жүрүшүндө Токаев Тажикстандын Рахмон баштаган бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Казак президентинин маалымат кызматы Дүйшөмбүдө Токаев... Читать дальше...

Наркотрафиктин боюндагы Кыргызстан

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жарым тоннадай баңгизат колго түшкөнүн маалымдады. Атайын кызмат бул Кыргызстандын эгемен тарыхында кармалган эң чоң көлөмдөгү маңзат экенин билдирди. УКМК колго түшүрүлгөн героиндин баасы 20 миллион долларга чамалай турганын билдирди. Бул фактыга байланыштуу эки жаран шек саналып кармалган. Учурда атайын кызмат дагы башка кылмышка тиешеси адамдарды издеп жатат. “Ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында баңгизат оор жүк ташуучу автоунаада жашыруун бекитилген жеринен аныкталган. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Команды филиалов приняли участие в турнире по футболу «Энергия Великой Победы»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Андреева обыграла Паолини и вышла в 1/4 финала турнира WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Минэкологии требует возместить ущерб в 19 млн руб от свалки в Ленинском округе





Путин в России и мире
Москва

«Коноплянка» гнездится в России // Московский «Кристалл» начнет выпуск белорусской водки


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

В Киеве СБУ проводит облавы против нелояльных Зеленскому


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Анастасия Ивлеева

Анастасия Ивлеева удалила из Instagram все фотографии и видеоролики



Москва

Свыше 3 млн человек побывали в парках Подмосковья за 10 дней

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net