Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Май
2021

Новости за 05.05.2021

"Ховар": Душанбе менен Бишкек "Кожалы-Ворух" жолун курууну макулдашты

Azattyk.org 

Тажикстандын "Ховар" улуттук жаңылыктар агенттиги чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы жолугушуусунан кийинки биргелешкен билдирүүсүн жарыялады. Ага ылайык, тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курууну макулдашты. Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонот жана анын абалын карап туруу милдетин өзүнө алат. "Ховардын" маалыматына ылайык... Читать дальше...

Карашев: жаңы Конституцияга ылайык мыйзамдар өзгөртүлүшү керек

Azattyk.org 

5-майда президент Садыр Жапаров кол койгон Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, ондогон мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилиши керек. Анын 17си конституциялык мыйзамдар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев “Азаттык” радиосунун “Арай көз чарай” берүүсүндө билдирди. “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарды карашыбыз керек. Булар конституциялык мыйзамдар болгондон кийин парламенттин үч окуусунан өтүшү шарт. Комитеттерде талданышы абзел. Көп убакытты талап кылат. Читать дальше...

Бельгияда соттолгон ирандык дипломат доо арызынан баш тартты

Azattyk.org 

Террорчулукка шек саналып, Бельгияда соттолгон ирандык дипломат Ассадулла Ассади апелляциялык арызынан баш тартты. Натыйжада ал 20 жылдык абак жазасын өтөй турган болду. Бул маалыматты 5-майда анын адвокаттары ырасташты. Ассади Франциядагы Иран улуттук каршылык көрсөтүү уюмунун 2018-жылдын 30-июндагы курултайында "жардыруу жасамак" деген шек менен Германиянын Ашаффенбург шаарында кармалып, кийинчерээк Бельгияга өткөрүлүп берилген. Ассади ага чейин Венадагы Иран элчилигинде иштеп келген. Ал... Читать дальше...



"Фейсбуктун" көзөмөл кеңеши Трамптын баракчасын жабуу чечимин колдоду

Azattyk.org 

"Фейсбук" компаниясынын көз карандысыз көзөмөл кеңеши АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын баракчаларын убактылуу жабуу тууралуу чечимди күчүндө калтырды. Бирок кеңеш Трамптын "Фейсбуктагы" жана "Инстаграмдагы" баракчаларын биротоло жабуу туура эмес болорун эскертти. Ал чечимди алты айдан кийин кайра кароого чакырды. "Фейсбук" бул баракчаларды быйыл 6-январда Капитолийдеги чабуулдан кийин убактылуу жаап салган. Ага тушташ "Твиттер" социалдык түйүнү Трамптын баракчасын толук жапкан. ... Читать дальше...

Атасын 75 жыл күткөн бир туугандар

Azattyk.org 

"Эсимде: өткөн тарыхты эстеп" аттуу талкуу аянтчасы тарабынан даярдалып жаткан “Чиеш тагдырлар II” китебиндеги Аида Кубатованын кулакка тартылып, сүргүнгө айдалган үй-бүлөнүн тагдырын баяндаган макаласын сунуштайбыз. Буга чейин тарыхтын ачылбаган барактарында калган айрым адамдардын өмүр таржымалы бүгүнкү жана эртеңки кадамыбызды туура таштоого өбөлгө болот деген ниеттебиз. Тарыхты адамзат башынан кечирген олуттуу окуялар, коомчулук, анын ичинде ар бир адамдын жеке тагдыры да түзөрү белгилүү. Читать дальше...

"Талибан" Ооганстандагы бир районду ээлеп алды

Azattyk.org 

"Талибан" кыймылы Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү менен бир нече саатка созулган кармаштан кийин Баглан провинциясындагы Барака районун ээлеп алышты. Бул маалыматты 5-майда райондун башчысы Мухаммад Ширзад "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна ырастады. Ал курал-жарак жетишсиз болгондуктан, ооган аскерлери артка чегинүүгө аргасыз болгонун айтты. Провинциянын полициясынын басма сөз өкүлү "Талибан" кыймылы да чоң жоготууга учураганын билдирди. Коопсуздук тармагында иштеген, атын атабаган расмий жетекчинин айтымында... Читать дальше...

Өзбек прокурорлору блогер Сатториге 11 жыл сурады

Azattyk.org 

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун прокурорлору акча талап кылууга шектелген блогер Отабек Сатторини 11 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүндү. Музрабад райондук сотунда 4-майда өткөн отурумда айыпталуучу күнөөсүн моюнуна албай турганын билдирди. Сот 10-майда улана турган болду. “Telegram” жана “YouTube” каналдары аркылуу «Эл пикири» деген видеоблог алып барган 40 жаштагы Саттори жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сындап жүргөн. Ал 30-январда Термез шаарында опузалап акча талап кылууга шек саналып кармалган. Читать дальше...

Төрт түлүккө бай, ар улуттуу айыл

Azattyk.org 

Ровное - Казакстандын чек арасына жакын жайгашкан Чүйдүн эң четки айылы. Советтер Союзу ыдыраганы анда жашаган казак, орус, немис сыяктуу ар кыл улут өкүлдөрү көчүп кете баштаган. Эми айыл тургундары талкаланып калган чарбаларды калыбына келтирип, төрт түлүк малдын санын көбөйтүп жаткан чагы. Кыргыз-казак чек арасында жашаган айыл эки эл ортосунда дайым тынчтык болсун деп тилейт.



Жеңиш Молдокматовду ИИМге суракка чакырышты

Azattyk.org 

Былтыркы парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясынын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматов Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка чакырылды. Ага ылайык, Молдокматов 6-майда саат 10:00 мекеменин Тергөө кызматына барышы керек. “Кайсы маселе боюнча суракка чакырып жатканын так билбейм. Бирок саясатка байланыштуу айткан акыркы пикирлерим себеп болушу мүмкүн. Анткени, Баткендеги куралдуу кагылыш үчүн атайын кызматтын төрөгасы Камчыбек Ташиевдин отставкасын талап кылганбыз. Ага чейин Садыр Жапаров... Читать дальше...

Кыргызстан президенттик башкарууга кайтты

Azattyk.org 

Кыргызстан 5-май – Конституция күнүндө жаңы Баш мыйзам менен жашоого өттү. Өлкө ошентип, 11 жылдык парламенттик-партиялык башкаруудан кийин кайрадан президенттик башкарууга кайтты. Жаңы бийликтин президенттик системага өтүү демилгеси кыргыз коомунда чоң талаш, карама-каршылыктар менен коштолду. Президенттик башкаруу формасын артка чегинүү, авторитардык бийликке багыт алуу деп кооптонгондор бар.  Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституциянын жоболоруна ылайык, дароо эле “Министрлер кабинети жөнүндөгү" жарлыкка да кол койду. Читать дальше...

Тажик бийлиги чек ара жаңжалында Исфаранын 10 тургуну өлгөнүн ырастады

Azattyk.org 

Тажикстандын бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалда Исфара районунун 10 жайкын тургуну мерт болгонун ырастады. Курман болгондордун тизмеси 5-майда жарыяланды. Буга чейин бийлик курмандыктар тууралуу расмий маалымат бербей жаткан. Кыргызстан менен чектеш Согд облусунун бийлиги шаршемби күнү билдиргендей, Исфаранын жаңжалда каза тапкан тургундарынын үй-бүлөлөрүнө 70 миң сомонилик (6,2 миң доллар) материалдык жардам көрсөтүлөт. 5-майда облустун губернатору Раджаббой Ахмадзода жаңжалда каза тапкандардын үй-бүлөлөрү менен жолугуп... Читать дальше...

Швейцариядагы кыргыз жарандары БУУнун алдына акцияга чыгышты

Azattyk.org 

5-майда Швейцарияда жашаган бир нече кыргызстандык Бириккен Улуттар Уюмунун Женева шаарындагы имаратынын алдына чогулуп, эл аралык коомчулукту кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалга көңүл бурууга чакырышты. Акциянын катышуучулары колдоруна «Тажикистандын жай тургундарга каршы курал колдонушу согуштук кылмыш болуп саналат!», «Чек ара чатактары тынчтык жолу менен гана чечилсин!», «Эл аралык иликтөө жүрүшүн талап кылабыз!», «БУУ, ЕККУдан эл аралык иликтөө талап кылабыз!», «Курал колдонууга жол жок!»... Читать дальше...

Актриса Бермет Өмүрованын баалана элек эмгеги

Azattyk.org 

Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрынын Д.Сариев жетектеген бир жамааты мындан 38 жыл мурда Токтогул шаарчасындагы маданият үйүндө Адылбек Дыйканбаевдин “Мен апамды издеп келем” драмасынын негизинде спектакль койгон. Ошондо залдагы көрүүчүлөр жетим баланын татаал тагдырына кейип-кепчип, каардуу өгөй эненин ролун ойногон Бермет Өмүрованы каргап-шилегендер да болгон. Көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрүү максатында спектаклден кийинки концерттик программаны “Айылчы абысындар” деген интермедия менен баштадык. Читать дальше...

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү дайындалды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституциянын жоболоруна ылайык “Министрлер кабинети жөнүндөгү" жарлыкка кол койду. Министрлер кабинетинин түзүмү төмөнкүдөй: Ушул кезге чейин вице-премьер-министр болуп турган Улукбек Кармышаков министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри болуп дайындалды. Буга чейин байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилигин ээлеп турган Азамат Дыйканбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - санариптик өнүктүрүү министри болду. Читать дальше...

Өкмөт Министрлер кабинети болуп кайра түзүлдү

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституциянын жоболоруна ылайык “Министрлер кабинети жөнүндөгү" жарлыкка кол койду. Анын дагы башка жарлыктары менен Министрлер кабинетинин төрагасы болуп буга чейинки премьер-министр Улукбек Марипов, төраганын орун басары кызматына ушул кезге чейин вице-премьер-министр болуп турган Артем Новиков дайындалды. Президенттин жарлыгына ылайык, Министрлер кабинетинин түзүмү төмөнкүдөй болду: — Экономика жана финансы министрлиги; — Коргоо министрлиги; — Тышкы иштер министрлиги; ... Читать дальше...

"Чоң жетинин" саммитинде вакцина маселеси талкууланат

Azattyk.org 

"Чоң жетиге" кирген мамлекеттердин башкы дипломаттары 5-майда Лондондогу саммитте бир катар эл аралык көйгөйлөр менен кошо коронавируска каршы вакцина маселесин талкуулаганы турат. Үч күндүк саммитке Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония жана АКШнын тышкы иштер министрлери катышууда. Бул өлкөлөр өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө вакцинаны туура бөлүштүрүүнү көздөгөн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун COVAX программасына басым жасашууда. "Менимче, COVAX механизми мындай абдан сезимтал учурда дүйнөдөгү өнүгүп келе жаткан... Читать дальше...

Баткенде президенттин атайын өкүлү дайындалат

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 5-майда “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү” жарлыкка кол койду. Ага ылайык, бул максатта премьер-министр төрагалык кылган мамлекеттик комиссия түзөлөт жана аталган облуста президенттин атайын өкүлү дайындалат. “Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын камсыз кылуу, мамлекеттик органдардын ишин координациялоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү жана жергиликтүү элге... Читать дальше...


Музыкальные новости
The Beatles

Вышел трейлер отреставрированного фильма о The Beatles «Let it be»





Персональные новости
Бато Багдаев

Бурятия, Россия, Дети, Концерт: Театр кукол Ульгэр в Улан-Удэ представит "Вальс Победы" к празднику





COVID-19: Кыргызстанда 36 миңден ашык адам вакцина алды

Azattyk.org 

Соңку бир күндүн ичинде коронавируска каршы 3,5 миңден көп жаран эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады. Ага ылайык, вакцина алгандарын саны 5-майга карата 36 миң 364 адамды түздү. Президент Садыр Жапаров 5-майдагы коомчулукка кайрылуусунда Кыргызстан изоляцияда калбашы үчүн жарандар коронавируска каршы вакцина алууга тийиш экенин айтты. "Калкты эмдөөдөн өткөрбөсөк, пандемия шартында жарандардын ары-бери каттоосуна бөгөт болгон маселеге айланат", - деди Жапаров. Өлкөдө коронавирус... Читать дальше...

Чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик комиссия түзүлөт

Azattyk.org 

Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөт. Президент Садыр Жапаров 5-майда тийиштүү жарлыкка кол койду. Комиссия 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгондордун, дайынсыз жоголгондордун, жабыр тарткан жарандардын, ишканалардын, турак жайлардын тизмесин жана зыянын тактайт. Жабыркагандарга көмөктөшүү максатында жарандар жана уюмдар берген каражаттар үчүн атайын эсеп ачылат. Курман болгондордун жана... Читать дальше...

Бишкекте өкмөттүн “Баткенге жардам” штабы ишин токтотту

Azattyk.org 

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайынынын алдында уюштурулган “Баткенге жардам” аттуу өкмөттүн штабынын иши жыйынтыкталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. “Гуманитардык жардам чогултуу улантылат жана ал жер-жерлерге берилет. Бишкек шаарында гуманитардык жардам чогултуу, аны эсепке алуу жана жөнөтүүнү Бишкек шаардык мэрия  координациялайт", деп айтылат маалыматта. Өкмөт Баткендеги коогада жабыркагандарга жардам берген ишкерлерге ыраазычылык билдирди. Чек арадагы... Читать дальше...

"Озоди": Чек ара жаңжалынан Тажикстандын 20 жараны каза тапты

Azattyk.org 

"Озоди" радиосу 28-30-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон жаңжалда каза тапкан тажик жарандарынын саны 20га жеткенин билдирди. Бул тууралуу Чорку айылынын башчысы Шукурхон Насриев радиого ырастап, Набиев армияда кызмат өтөп келгенин билдирген. Маалыматка караганда, кайтыш болгондордун теңинен көбү же 11и аскер кызматкерлери. Тажик өкмөтү жабыркагандардын жана курмандыктардын санын расмий жарыялай элек. "Озоди" радиосу Тажикстанда соңку чек ара жаңжалынан 90дой адам жабыркаганын маалымдады. Читать дальше...

Кошкин: Жаңгак токойлору - климаттын күзгүсү

Azattyk.org 

Германиянын эл аралык кызматташтык уюму Кыргызстанда токойлорду көбөйтүү жана элдин экологиялык сабаттуулугун арттыруу максатында бир катар долбоорлорду ишке ашырууда.

Өкмөт 10-май - жумуш күнү экенин билдирди

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү 10-май - кадимкидей иш күнү экенин билдирди. Буга чейин 9-май жекшембиге туш келгендиктен,  10-майда эс алуу болору айтылган эле. Адатта Кыргызстанда майрам жекшембиге туш келсе, анын эртеси эс алуу күнү жарыяланат. Бул ирет кыргызстандыктар 10-майдын эсебинен 30-августта - Эгемендик майрамынын алдында эс алышат. Май - Кыргызстанда майрамдар эң көп болгон ай. 1-май - Эмгекчилердин тилектештигинин күнү, 5-май - Конституция күнү, 9-май - Жеңиш майрамы. Бул жылы Орозо айт майрамы да 13 же 14-майга туш келүүдө.

Спорт в России и мире
Москва

Спортсмены Якутии стали бронзовыми призерами чемпионата России по вольной борьбе


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Полина Михайлова

Россиянка Полина Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Минэкологии требует возместить ущерб в 19 млн руб от свалки в Ленинском округе





Путин в России и мире
Москва

«Известия» показали репетицию инаугурации Путина на Соборной площади


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

В Минске одобрен проект соглашения о системе таможенного транзита ЕАЭС




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Тимати

После резкого поста о Надежде Стрелец мама Тимати вступила в дискуссию с подписчиками и неожиданно упомянула Ксению Собчак



Москва

Ремонт Каширского шоссе в Ленинском округе завершат к концу года

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net