Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Май
2021

ЖРТ: Окуучуларга талап өзгөргөн жок

0
ЖРТ: Окуучуларга талап өзгөргөн жок

18-19-майда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы республикалык тестирлөөсү  өттү. Пандемия шартында экинчи жолу өтүп жаткан сынакка 42 817 окуучу катышты. Тестирлөөнүн шарттары аралыктан окутууга байланыштуу жеңилдедиби? Быйылкы бүтүрүүчүлөргө кандай талаптар коюлду?

Бишкектеги Кара-Жыгач жаңы конушунда жайгашкан №91 мектептин бүтүрүүчүсү Малика Бактыбекова 19-майда Жалпы республикалык тестирлөөгө кирип чыкты.

Малика "STEM - илимдеги кыздар" долбоорунун алкагында тестке менчик борборлордун биринде акысыз даярдануу мүмкүнчүлүгүн алган. Ал кыска убакыт ичинде курстан үйрөнгөн билимин классташтары менен бөлүшүүгө да жетишкен.

"Мектепке барганда сабакка даярданып, жолдо жүргөнчө көп убактыбыз кетип калчу. Онлайн окуу бизге пайдалуу экен. Себеби, мектептин тапшырмаларын бат эле аткарып коюп, убактымдын көбүн ЖРТга даярданууга жумшадым. Бишкектеги "Секом" аттуу менчик даярдоо борборуна күнүгө барып турдум. Классташтарымдын баарында эле мындай мүмкүнчүлүк болгон жок. Аларга жардам болсун деп, "Секомдон" чыгарган эсептерди, үйрөнгөн билимди айтып, көрсөтүп жаттым".

Малика сынакка алты айдан бери даярданып, анын суроолору оңой сезилгени менен "окуп түшүнүү" бөлүмүнөн бир аз кыйынчылык тарткан. Жогорку класстын окуучулары 2020-жылдын март айынан бери пандемиянын айынан аралыктан окуп жаткандыктан, Жалпы республикалык тестирлөөгө мурдагыдай мектеп мугалимдери даярдаган жок.

Элеттиктер шаардагы курстарга келишти

Бишкектин тургуну Нуржан Алымканова Балыкчыда жашаган инисин баш калаага алып келип, тестке даярдаган менчик курстардын биринде окутту. Ал быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлине аралыктан окуу терс таасир тийгизди деген ойдо:

"Иним Балыкчыдан январь айында келип, Бишкекте бир нече ай ЖРТга даярдаган менчик курстарда окуп кетти. Себеби, алардын мектеби аралыктан окууга өтүп, сынакка камынганга шарты жок болуп калды. Негизи эле аралык эмес, мындай окуганда деле азыр аймактарда окутуу деңгээли начар болуп калбадыбы. Бул жакка келгени жакшы болуптур, себеби башкаларды көрүп, тест тапшырганга машыгып, убакытты кантип колдонуу керек баарын үйрөндү. Ал тургай курска барган балдар менен кайсы кесипти тандайбыз деп талкуулашып, кандайдыр бир багытын да тапты. Бирок, мындай окутууга бардык ата-эненин эле каражаты боло бербейт да. Элеттеги окуучулардын көбү эле кыйналды окшойт. Анын үстүнө онлайн окутуу деген болбогон эле нерсе экен. Мугалимге күч келип, окуучулар деле аралыктан окууда көңүл буруусу начар болот тура".

Пандемияга чейинки жылдары элеттеги мугалимдер мектептен сырткары бүтүрүүчүлөрдү даярдашып, кошумча сабактарды өтүп турушчу. Ушундан улам аймактардагы ЖРТ жыйынтыгы орто деңгээлде болуп келген. Окууга жөндөмдүүлөрдү айрым педагогдор район борборундагы менчик тестирлөөчү жайларга да ташып окуткан учурлар болгон.

Нарын облусундагы мектептердин биринин мугалими Алтынбек COVID-19 пандемиясы башталгандан бери мындай практика азайганын айтты:

"Быйыл окуучулар кандай даярданып жатканын деле билген жокмун. Аралыктан окуу болгондуктан баары эле өз алдынча даярданып жатышат окшойт. Мурдагыдай негизги предметтерден берген мугалимдер даярдоочу сабактарды деле уюштурушпады. Жылда бизге "Ага Хан фондунан келдик" дешип, ЖРТга даярдаган атайын педагогдор болот эле. Алар быйыл келишкен жок. Балдар өз алдынча Нарын шаарына, райондук борборлорго барышып, менчик курстарда окуп жатышат окшойт".

Быйыл жеңилдиктер болгон жок

Коомчулукта акыркы мезгилде бир жылдан ашуун уланган аралыктан окутуудан улам тестирлөө жана анын жыйынтыгын баалоого жеңилдиктер болобу деген суроо талкууга түшүүдө.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары боюнча борбордун жетекчиси Чынара Батракеева онлайн окууга карабай быйылкы ЖРТ талаптарына өзгөртүү кирбегенин айтат:

"Негизи бизде стандарт өзгөргөн жок. Окутуу онлайн форматта болсо да баары бир үзгүлтүксүз жүрүп жатты. Ошондуктан, биз Жалпы республикалык тестти түзүүдө мектеп программасы менен стандарттарга таяндык. Тапшырмалар мурдагы мазмундай эле түзүлдү. Аралыктан окутуу лабораториялык иштерге терс таасир этет эмеспи. Ал эми биздин сынакта практикалык иштер жок. Биз баланын алган билиминин өлчөмүн ченебейбиз да. Алган билимди пайдалана билүү жөндөмү гана каралат. Ушундан улам тапшырмаларды түзүп жатканда өзгөрүүлөр өтө деле болгон жок".

Батракееванын айтымында, Баткен окуясында жабыркаган бүтүрүүчүлөр үчүн деле тестирлөөнүн эрежелери өзгөргөн эмес. Болгону жергиликтүү бийликтин жана мектеп жетекчилиги, мугалимдердин чечими менен окуучунун муктаждыгына жараша окуу жайга жайгаштыруу каралмакчы.

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга мектеп бүтүрүүчүлөрүн кабыл алууну аныктаган Жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи туру 19-майда өттү. Ага катышууга жетишпей калгандар 21-22-майга белгиленген 2-турга, 22-23-июнда 3-турга катышса болот.

Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, быйыл сынактарга 42 817 окуучу катышты.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин. Главное за день


Спорт в России и мире
Москва

Футболисты «Локомотива» – в расширенном составе сборной России на июньский сбор


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Даниил Медведев

Теннисист Медведев не смог выйти в четвертьфинал турнира серии «Мастерс» в Риме


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о энергоэффективной постройке жилья в России





Путин в России и мире
Москва

В этот день ровно 30 лет назад будущий президент Российской Федерации был гидом будущего короля Великобритании в экскурсии по Ленинграду


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Шесть городов Белоруссии и Азербайджана стали побратимами




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

ABC: Зеленский недоволен результатами визита Блинкена в Киев


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Наташа Королёва

«Уже поперек горла стоит»: Пригожин поддержал Королеву после инцидента на ТВ



Москва

Суд в Москве заочно арестовал журналистку Залину Маршенкулову

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net