Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Май
2021

Новости за 13.05.2021

Кыргыз-өзбек чек арасындагы окуя боюнча расмий маалымат берилди

Azattyk.org 

Кыргыз-өзбек чек арасындагы абал көзөмөлдө, 13-майдагы окуяга күнүмдүк жашоодо боло жүрчү катардагы себеп түрткү болду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Сай айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда пикир келишпестик жаралып, мушташ чыккан. Натыйжада эки өлкөнүн чектеш айылдарынын тургундары чек арага топтолгон. Окуя... Читать дальше...

Кан майданды көргөн Сыргабай атанын тилеги

Azattyk.org 

Быйыл Улуу Жеңишке 76 жыл толду. Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун эр азамат катышкан. Алардын көбү кан майдандан өз жерине кайткан жок. Ал эми мекенине жеңиш менен кайтып келип, азыр арабызда бакубат өмүр сүрүп жаткан ардегерлердин катары жыл айын суюлууда. Алардын бири Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагынын жашоочусу Сыргабай Төрөгелдиев.

Газа тилкесинде абал курч бойдон кала берүүдө

Azattyk.org 

Газа тилкесинде израилдиктер менен палестиналыктардын куралдуу тиреши курчуп жатат. 13-майда палестиналык ХАМАС тобунун командири өлтүрүлүп, тилкедеги көп кабаттуу имарат кыйраган соң Израилди көздөй ондогон ракеталарды атты. 10-майда кырдаал курчугандан тартып кеминде 56 палестиналык набыт болду. Алардын 14ү - балдар. Израил тараптан жети адамдын мерт болгону кабарланды. Аймактагы араб жана жөөттөр аралаш жашаган аймактарда көчө кагылыштары орун алууда. АКШнын президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшүп... Читать дальше...



Жапаров менен Мирзиёев эки өлкө мамилесин жана кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны талкуулашты

Azattyk.org 

Бүгүн 13-майда президент Садыр Жапаров Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, алар Орозо айт майрамына байланыштуу куттуктоолорун айтып, эки тараптуу жана аймактык кызматташтык менен катар кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги акыркы окуяларды талкуулашты. Жапаров Мирзиёевге ошол кездеги кырдаалга жеке өзү көңүл буруп, Кыргызстан элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле президенттер кыргыз-өзбек... Читать дальше...

Кыргыз турмушун өнөрү менен көрсөткөн Акылбек

Azattyk.org 

“Супара” этнокомплексиндеги музейде жаш кол өнөрчү Акылбек Каныбек уулунун миниатюралык композициялары коюлган. Алар "Өнөр айылы", "Улуу көч", "Көк бөрү" деп аталган үч бөлүктөн туруп, жалпысынан 700гө жакын экспонатты камтып турат. Экспонаттардын көлөмү колдун манжасындай болгону менен, бир топ түйшүктүү эмгекти талап кылат.

Кыргыз-өзбек чек арасында бир адам сабалганы кабарланды

Azattyk.org 

Кыргыз-өзбек чек арасында эки өлкөнүн жергиликтүү тургундары арасында чыр чыгып, бир кыргызстандык сабалганын “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы маалымдоодо. Окуя 13-майда түшкө маал Баткен районунун Сай айылынын Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавы менен чектешкен жеринде болду. Расмий бийлик өкүлдөрү бул боюнча азырынча комментарий бере элек. Өзбекстандан да расмий маалымат айтыла элек. Эки тараптын чек арачылары окуя болгон жерде сүйлөшүп жатышканы, 30-40тай адам топтолуп турганы маалым болду. Читать дальше...

14-майдын аба ырайы

Azattyk.org 

14-майда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 7...12... Читать дальше...



Жапаров Токаев менен кызматташтыкты жана кыргыз-тажик чек ара окуясын талкуулады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн 13-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтык маселелери менен катар кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларды талкуулады. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, президенттер бири-бирин Орозо айт майрамы менен куттуктап, каалоо-тилектерин айтышты жана “Кыргыз-казак эки тараптуу жана аймактык кызматташтыктын актуалдуу багыттары, анын ичинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик... Читать дальше...

Жапаров: "Центерра" 45 күндө сүйлөшүү башталбаса сотко кайрыларын айтты

Azattyk.org 

Кумтөрдөгү алтын кенин иштетип жаткан канадалык инвестор – “Центерра” компаниясы Кыргызстандын өкмөтүнө шарт коюп, 45 күндүк мөөнөт берди. Бул тууралуу 12-майда “Кумтөр Голд” компаниясынын ишин текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров билдирди. Жапаровдун айтымында, “Центерра” Кыргызстанга кат жөнөтүп, “Кумтөр Голддун” тегерегиндеги соңку окуяларга байланыштуу сүйлөшүү баштоого чакырды жана бул үчүн июндун ортосуна чейин убакыт берерин билдирди... Читать дальше...

Коронавирустан бир күндө алты киши каза болду

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 13-майдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада илдеттен алты бейтап каза болду. Алардын бешөө Бишкекте, бирөө Чүйдө катталды. Муну менен пандемияда вирустан көз жумгандардын жалпы саны 1681 адамга жетти. Акыркы суткада 329 киши коронавирусту жугузуп алды. Алардын көбү Бишкекте (205) жана Чүйдө (75) катталды. Өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 99 645 адамга жетти. Бир күндө 309 адам сакайып чыкты. Учурда 1750 бейтап стационарда дарыланып жатат. Читать дальше...

Чаткал: Алтын кениндеги 100 млн сомдук зыян боюнча маселе сотто каралды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Чаткалдагы “Чаарат Заав” алтын кен компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерип, мыйзам бузулгандыктан экологияга 100 миллион сомдук зыян келтирилгенин айтып чыкты. Мекеменин сайтына 12-майда жарыяланган маалыматка караганда, Жалал-Абад облустук прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, “Кадастр” мамлекеттик ишканасы бул компанияга 726 гектар жер тилкесин пайдаланууга убактылуу күбөлүктү айыл чарба жоготуулары төлөнбөгөнүнө карабастан бергенин жана кийин бул төлөмдүн суммасы 4,6 миллион сом деп эсептеп чыкканын аныктаган. Читать дальше...

Рахмон чек ара чырында каза болгон жарандарынын жакындарына көңүл айтты

Azattyk.org 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза болгон жарандарынын жакындарына көңүл айтып, жарадар болгондорго батыраак сакайып кетишин каалаган. Бул тууралуу «Озоди» радиосу маалымдады. “Тажикстан менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кудай сиздерге күч жана чыдамкайлык берсин”, - деп жазылган Рахмондун билдирүүсүндө. Ага чейин Тажикстан... Читать дальше...

Казан: Бийлик интернетти чектөөнү кыйытты

Azattyk.org 

Казандагы трагедиядан кийин Орусияда Интернетти чектөө, курал-жарак сатуу эрежесин катаалдаштыруу жана окуу жайларда балдарды улуттук идеологияга тарбиялоо демилгелери көтөрүлүп жатат.

ЕП депутаты: Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны сөзсүз иликтөө керек

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя сөзсүз иликтениши керек. Мындай пикирин 12-майда Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууда Европа парламентинин депутаты Нойзе Норберт билдирди. Бишкекке иш сапары менен келген саясатчы депутаттар менен жолугушууда чек арада жай тургундарга каршы аскердик техника аркылуу "агрессия" көрсөтүүнү тынчтыкты бузуу катары баалоо керектигин айтты жана окуяны иликтөөгө жардам берүүгө даярдыгын кошумчалады. Ошону менен катар Нойзе Норберт Европа Биримдиги куралдуу жаңжал... Читать дальше...

Жыл сайын чет өлкөлөрдө 300гө жакын кыргызстандык кайтыш болууда

Azattyk.org 

Чет жакта жашаган кыргызстандыктар арасында каза болгондордун саны жыл сайын 300гө чамалап жатат. Бул тууралуу чет өлкөгө чыгып жаткандардын өмүрүн милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорунун негиздемесинде жазылды. Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакпаев иштеп чыккан долбоор 12-майда  парламенттин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду. Негиздемеде Кыргызстанда ар үчүнчү үй-бүлөнүн жок дегенде бир мүчөсү чет өлкөдө бир жылдан кем эмес убакыт иштеп келери, алар көбүнчө өндүрүштүк жаракат алуу коркунучу жогору... Читать дальше...

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 3.9% азайды

Azattyk.org 

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстандын тышкы жана ички соода жүгүртүүсү 1,4 миллиард долларды түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 3,9 пайызга артка кетти. Ал эми Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) рыногундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 674 миллион доллар болуп, былтыркы көрсөткүчтөн 5,3% төмөндөгөн. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети таратты. Ага ылайык, акыркы төрт айда экспорт 8,9 пайызга, импорт - 1,5 пайызга азайды. Статистика комитети Кыргызстандын экономикасы акыркы төрт айда 3,8% начарлаганын билдирди. Читать дальше...

Атамбаевдин уулу "Кумтөр" боюнча комиссияда айтылган айыптоону четке какты

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек (Сеид) Атамбаев Кумтөр алтын кениндеги ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын отурумунда атасынын дарегине айтылган айыптоолорго жооп кайтарды. Ал 13-майда “Фейсбуктагы” жеке баракчасына комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “курулай эле кара көө жаап, далилсиз маалымат таратты” деп жазды. 12-майда Жапаров комиссиянын отурумунда “Центерра” компаниясынын 2011-жылы Кыргызстанга бөлгөн демөөрчүлүк акчасын... Читать дальше...


Музыкальные новости
Джиган

Звездная пара Джиган и Оксана Самойлова примут участие в шоу «Выжить в Дубае»





Персональные новости
Желдорреммаш

Уссурийский ЛРЗ расширяет форматы промышленных экскурсий на предприятие





Милиция: «Кумтөрдүн» жетекчилери Кыргызстандан апрелде эле чыгып кеткен

Azattyk.org 

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан ушул жылдын апрель айында эле чыгып кеткени белгилүү болду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Ысык-Көл облустук милициясынын Тергөө кызматы «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын каржы боюнча директору Саймон Танды, компаниянын президенти Деон Баденхорстты, «Кумтөр Голд Компанинин» ташып келүүлөр тутумун башкаруу боюнча директору Арипин Буманды 12-майга суракка чакырган. Читать дальше...

Казанда сот Ильназ Галявиевди эки айга камакка алды

Azattyk.org 

Татарстандын Казан шаарында сот 12-майда мектепте 9 адамды өлтүрүүгө шек саналган Ильназ Галявиевди эки айга камакка алды. Ага эки же андан ашык кишини өлтүргөн деген айып тагылды. Мындай берене менен шектүү өмүр бою кесилиши мүмкүн. Сот отурумунун жүрүшүндө Галявиев "өзүнүн иш-аракеттеринин акыйкаттыгына жана негиздүүлүгүнө толук ишенерин" айтып, оор илдет менен жабыркабай турганын жана камакка алынышына каршы эмес экенин билдирди. Тергөөчүнүн маалыматы боюнча, айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Читать дальше...

Кадырбеков: "Кумтөр Голд Компаниден" 3 млрд. доллар өндүрсө болот

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ишенбай Кадырбеков "Кумтөр Голд Компани" ишканасы Кыргызстандын соту чыгарган чечимге каршы арбитраждык сотко кайрыла албай турганын билдирди. Бул тууралуу ал 12-майда "Азаттык" радиосунун "Эксперттер талдайт" программасында сүйлөп жатып айтты. «Эгерде биз «Кумтөр Голд Компанини» Жогорку соттон утуп алсак, алар 3 миллиард долларды айласы жок берет. 2009-жылкы келишимде «Экология боюнча Кыргызстандын мыйзамдарын так аткарууга милдеттүү» деп жазылган. Ошондуктан... Читать дальше...

Президент: Орозодо өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө коркунуч жараткан окуялар болду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 13-майда кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Өлкө башчынын куттуктоосунда Орозо айт — кайрымдуулуктун жана кубанычтын жышааны, эзелтеден бери белгиленип келе жаткан салттуу майрамдардын бири экени айтылат. Бүткүл ислам дүйнөсү бул күндү мээримдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн жана жаңылануунун белгиси катары тосуп алары белгиленген. «Ыйык Орозо айында өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурган окуялар болуп өттү. Балким мында Жараткандын бир жакшылыгы болсо керек... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

На ВДНХ пройдет Удмуртский национальный праздник Гербер


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Ролан Гаррос

Соболенко победила на старте открытого чемпионата Франции по теннису


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

«Компьютерный 3D-переводчик на жестовый язык» стал одним из победителей конкурса цифровых проектов и идей для людей с нарушением слуха «Мы услышим»





Путин в России и мире
Москва

Путин оценил идею создания в Москве памятника из советских монет к юбилею Победы


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

В Польше заявили о зловещем плане Киева


Навальный в России и мире
Москва

Раз нет протестов, будут санкции: как навальнисты и команда Ходорковского меняют стратегию борьбы с Россией



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Игорь Бутман

Трансляцию концертов оркестра Бутмана в Китае посмотрели более 50 млн человек



Москва

Показательные соревнования по сап-поло пройдут в выходные на Гольяновском пруду

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net