Бразилия орусиялык “Спутник V” вакцинасын каттоону токтотту
Бразилиянын санитардык көзөмөл агенттигинин расмий сайтында кабарлангандай, орусиялык вакцинаны каттоону токтотуу чечимине ал тууралуу жетиштүү маалыматтар алына электиги себеп болгон. Биринчи жолу быйыл 15-январда препаратты каттоо үчүн арызды Uniao Quimica уюму тапшырган. Ал Бразилияда “Спутник V” вакцинасын алдыга жылдырып, Орусиянын инвестициялык кызыкчылыгын алдыга сүрөгөн компания. Анда аталган агенттик тапшырыкты четке кагып, вакцина тууралуу кошумча маалыматтарды талап кылган. Экинчи ирет 26-мартта арыз берилген. Читать дальше...