Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Март
2021

Новости за 23.03.2021

Аксы: Электр кубаты жете элек эки айыл туристтик аймакка айланышы мүмкүн

Azattyk.org 

Кыргызстандын Өкмөтүнүн Жалал-Абат облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Кореянын KOICA эл аралык кызматташтык агенттигинин KF SilkRoad долбоорунун жетекчиси Чу Санг Хун менен жолугушуп, Аксы районундагы Кызыл-Бейит жана Кашка-Суу айылдарынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өөрчүтүү жөнүндө талкуулашты. Өткөн жылы облус аймагындагы туристик мүмкүнчүлүгү бар жайлар изилденип, Аксы районундагы аталган эки айыл долбоорго тандалып алынган. Жолугушууда боюнча ал айылдарга баруучу жолдор, туристтик инфратүзүмдү жакшыртуу аракеттери көрүлөөрү айтылды. Читать дальше...

Кара-Суу районунун акимдик кызматына 74 талапкер ат салышат

Azattyk.org 

Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун башчылыгына 74, Ноокат районунун акими кызмат ордуна 24 киши талапкер катары арыз тапшырды. Бул тууралуу мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Абдырахман Маматалиев 23-мартта  “Азаттык” үналгысына билдирди. Анын айтымында, документтерди кабыл алуу аяктап,  Ош облусундагы район акимдерин тестирлөө жыйынтыкталгандан кийин Кара-Суу жана Ноокат райондорунун акими кызматына талапкерлерди кайра баалоо башталат. Ош облусунун Кара-Суу районунун... Читать дальше...

Айбек Бузурманкулов: Жерүй кени боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүшү керек

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтүнүн Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов Жерүй кени боюнча келишимдин экономикалык жана экологиялык жагдайларын текшерген мамлекеттик комиссия түзүлүшү керек деп эсептейт. Бузурманкулов мындай пикирин “Фейсбуктагы” баракчасында түз эфирге чыгып айтты. “Мамлекеттик комиссия түзүлүп, сүйлөшүүлөр жолу менен элдин пайдасына чечилиши керек. Муну акционерлер дагы туура түшүнүшү керек. Эгерде мыйзам жолунда иш алып барам дешсе... Мамлекеттик комиссия биринчи кезекте үлүш маселесин карашы керек. Читать дальше...



Депутат: Жаныбарларды коргоо мыйзам долбоору мал союу ыкмасына шайкеш келбей калды

Azattyk.org 

Үй жаныбарларын коргоого багытталган мыйзам долбоору 23-мартта Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинде каралып, талаштуу жагдайлардан улам күн тартибинен кайра алынды. Өкмөт сунуштаган “Жаныбарларды коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Бул мыйзам долбоору Кыргызстан мүчө болуп саналган Дүйнөлүк жаныбарлардын ден соолугу уюмунун (OIE) стандарттарына шайкеш келтирүү үчүн иштелип чыккан. Долбоордо үй жаныбарларын багуунун эрежелери... Читать дальше...

Футбол: КР олимпиадалык курама командасы эл аралык мелдештеги алгачкы оюнда утулду

Sputnik Кыргызстан (sport) 

23 жаштан төмөнкү спортчулар ойногон Кыргызстандын курама командасы "Үч улуттун кубогу" мелдешине 22-30-март күндөрү катышып жатат. Аларга Бангладеш жана Непал командалары атаандаш.

Британия куралдуу күчтөр боюнча стратегиясын өзгөртөт

Azattyk.org 

Британия өкмөтү 22-мартта жарыялаган планга ылайык, өлкөдө куралдуу күчтөрдүн саны кыскартылып, дрон, роботторду  чыгарууга жана “кибер аскерлерди” түзүүгө көбүрөөк каражат жумшалат. Британиянын коргоо министри Бен Уоллес билдиргендей, 2025-жылы кургактагы аскерлердин саны төрт миңге же 76500дөн 72500гө чейин азайат. Анын айтымында, тынчтык заманда аскерлер ашыкча көп жана жетиштүү деңгээлде куралданбагандай болбошу керек. Жаңы инвестициялар технология жана инфраструктурага жумшалат. Британия... Читать дальше...

"Камбар-Атага" капитал Өзбекстандан тартылат

Azattyk.org 

Ош шаарында киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылды. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна Өзбекстандан капитал тартылышы ыктымалдыгын айтты. Тажикстанда коронавируска каршы эмдөө башталды.

Саламаттык сактоо министрлиги шайлоого байланыштуу алгоритм иштеп чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстанда 11-апрелге белгиленген референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоодо санитардык коопсуздук боюнча атайын алгоритм иштелип чыкты. Аны Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте даярдаган. Бул тууралуу министрликтин өкүлү Айнура Акматова 23-марттагы брифингде билдирди. “Алгоритм жарандардын санитардык коопсуздугун жана ден соолугун коргоодо төмөнкү талаптарды камтыйт. Алар: аймактык шайлоо комиссияларына коюлган талаптар, шайлоо алдындагы үгүт иштерине коюлган талаптар... Читать дальше...



Кытай менен Орусия Батыштын санкцияларын сынга алды

Azattyk.org 

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бээжинде жолугуп, БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүн саммит өткөрүүгө чакырышты. Адам укуктарын бузуп, диссиденттерди куугунтукташканы үчүн эки мамлекетке тең Батыш санкция киргизген. 23-мартта Кытайдын башкалаасында биргелешкен маалымат жыйынын өткөргөн Ван И менен Сергей Лавров Батыш өлкөлөрүнүн сынын четке кагышты. Лавров Москва жана Бээжиндин көз карашында АКШ «кансыз согуш доорундагыдай саясий альянстарга таянып... Читать дальше...

Пара алууга шектелген депутаттын агасына айыппул салынды

Azattyk.org 

Пара талап кылууга айыпталган Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык кеңеш берүү борборунун мурдагы директору Бахтияр Төлөновдун иши 23-мартта Бишкек шаардык сотунда каралды. Шаардык соттун өкүлдөрү билдиргендей, жараянда биринчи инстанциянын чечими күчүндө калды. Биринчи май райондук соту буга чейин аны  Жазык кодексинин 326-беренеси (“Опузалап пара алуу”) менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айыппулга жыккан. 2020-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат  Бахтияр... Читать дальше...

Ошто дагы бир кишини атып кетишкени кабарланды

Azattyk.org 

Ош милициясы шаардагы "Жапалак" авто базарынын жанында табылган кишинин сөөгү медициналык экспертизадан өткөрүлүп, октонбу же бычактанбы - эмнеден каза тапканы текшерилүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык 23-мартта эртең менен саат сегиздер чамасында Көкүм Бий көчөсүндө 30-35 жаштагы кишинин сөөгү табылган. Анын денесинин үч жеринде тешик болгон. Маркумга ок атылганбы же бычак сайылганбы текшерилүүдө. Бул факт Кылмыш... Читать дальше...

Жогорку сот Салянованын «лицензия» иши боюнча өкүмдү жокко чыгарды

Azattyk.org 

Жогорку сот Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу мурдагы баш прокурор Аида Салянованын ишин кайра карап, мурдагы чечимдерди жокко чыгарды. Бул тууралуу Салянова «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, Жогорку Соттун чечимине ылайык иш эми Ленин райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү. Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана... Читать дальше...

Жерүйдө тамакка ууланды делген жумушчулардын анализдери чыкты

Azattyk.org 

Бул тууралуу Талас облустук санитардык жана эпимедиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Чолпон Сагындыкова билдирди. Анын айтымында, ооруканага кайрылган Жерүйдүн жумушчулары тапшырган анализдердин жыйынтыктарында уулануунун белгилери болгон эмес: “Бул факты 18-мартта катталыптыр, бизге маалымат кеч жетип 20-мартта барып текшердик. 15 кызматкердин үчөөнөн анализ алдык, калгандары жумуш ордуларында экен. Жыйынтыгы кадимки эле ич өткөк (гастроэнтероколит) болгону аныкталды. Буга так себебин айта албайм... Читать дальше...

Каниметов: Сания Токтогазиеванын үстүнөн арыз түшкөн

Azattyk.org 

Бул тууралуу ишки иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында депутат Наталья Никитенконун суроосуна жооп берип жатып билдирди. “Сания Токтогазиева боюнча иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Бишкектеги Эркиндик бульварынын тургунунун арызынын негизинде катталган. Арыздануучу “дем алыш күнү тынчтык бербей жатат” деп кайрылган. Аны менен (Токтогазиева. ред.) болжолдуу иш жүрдү. Читать дальше...

Бишкекте коронавируска байланыштуу санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Azattyk.org 

Бишкекте коронавируска байланыштуу санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу 23-мартта мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө, бирок, ошондой болсо да атайын мобилдик бригадалар мекеме-ишканаларды эми көбүрөөк текшере башташат. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү - 23-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул вирус 75 адамдан аныкталды, каза болгондор катталган жок. Оору... Читать дальше...

Шайлоо: шаардык кеңешке аттанган туугандар

Azattyk.org 

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоого жек-жаат, туугандарга байланган партиялар катышып жатат. Айрыкча Бишкек шаардык кеңешине бараткан партияларда мындай байланыштар көп. Тааныш-билиш талапкерлер Үй-бүлө мүчөлөрү чырмалышып шайлоого аттанган партиялар боюнча Бишкек шаардык кеңеши алдыга эч кимди салбайт. Шаардык кеңештеги 45 мандатка 25 партиядан 1 820 талапкер ат салышып жатат. Бир мандат үчүн 40 киши күрөшүп жатканы атаандаштык кандай курч экенин көрсөтүп тургандай. Депутат болуп борбор... Читать дальше...

Ооган отторунан эстелик

Azattyk.org 

19-мартта Бишкек шаарындагы "Эмен паркы" көргөзмө залында «Ооган отторунан эстелик» аттуу китептин бет ачары өттү. Ал китепте 1979-1989-жылдардагы Ооган согушуна катышкан жоокерлердин эскерүүлөрү камтылган. Жыйнак "Полис Азия" аналитикалык борбору менен "Эсимде" талкуу аянтчасынын демилгеси менен жарыкка чыкты.

Косоводо жаңы өкмөт куралды

Azattyk.org 

Өткөн айда шайланып келген Косовонун парламенти премьер-министрликке “Ветевендодже” ("Өзүн-өзү аныктоо") партиясынын лидери Альбин Куртини шайлады. 22-марттагы парламенттин жыйынында 120 депутаттын 67си жаңы премьер-министрди колдоп, добуш берди. Курти жетектеген “Ветевендодже” ("Өзүн-өзү аныктоо") партиясы 14-февралдагы парламенттик шайлоодо жеңип чыккан. Бул партия парламенттеги 120 орундун 58ин ээлеген. Бул сан өкмөттү куроо үчүн жетиштүү болбогондуктан Курти парламентке келген серб азчылыгынын өкүлдөрү менен эсептешүүгө туура келди. Читать дальше...

Көзү көрбөгөн Дастандын жөндөмүнө куландан соо адамдар таң беришет. Видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Дастан Камчыбековдун жашоосу жети жыл мурда чукул өзгөргөн. Башкалардан эч нерсеси менен айырмаланбаган өспүрүм басканды, окуганды кайра баштан үйрөнүүгө мажбур болгон. Азыр ал профессионал катары спорт менен машыгып, паратриатлон боюча Азия чемпионатына даярданууда.


Музыкальные новости
Земфира

Экс-солистка "ВИА Гры" посетила концерт Земфиры в Испании





Персональные новости
Сергей Собянин

Сергей Собянин поздравил москвичей с 1 Мая





COVID-19: Өкмөт элди этият болууга чакырды

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү өлкөдө коронавируска чалдыккандар кайра көбөйө баштаганына тынчсыздануу билдирүүдө. Бүгүн, 23-мартта Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берип жатып элге кайрылды: "Бишкек шаарында учурлар көбөйүшүн байкап жатабыз. Ошондуктан ооруну алдын алуу боюнча атайын элементардык эрежелерди сактоого, беткап тагынып, аралыкты сактап, эл көп чогулган жерге барбоого чакырабыз". Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү... Читать дальше...

ЕБ жана АКШ Бирмадагы аскердик хунтанын жетекчилерине санкция салды

Azattyk.org 

Европа Биримдиги жана АКШ Бирмада аскердик төңкөрүш жасаган хунтанын жетекчилерине санкция киргизди. Расмий Брюссель 22-мартта жарыялаган санкцияга аскердик хунтанын башчысы Мин Аун Хлаин баш болгон тогуз жетекчи жана өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы кирди. Алар визалык чектөөлөргө туш болуп, четтеги банктардагы жана башка активдери камакка алынат. Буга чейин алардын  көпчүлүгү АКШнын  санкциясына илинген. Бул ирет тизмеге Бирманын полициясынын башчысы, атайын операциялардын жетекчиси жана башка адамдар  кошулду. Читать дальше...

Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү ушул аптада баштаганы жатат

Azattyk.org 

Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү ушул апта ичинде баштаганы жатат. Бул тууралуу 23-мартта “Азаттык” радиосуна Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, эмдөө милдеттүү түрдө болбойт. Вакцина алууну каалаган 75 миң адамга арасын 20 күндөй кылып эки жолу сайылат: “Кытай менен келишимдин негизинде 150 миң доза «Синофарм» компаниясынын вакцинасы келди. Биринчи этапта Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, реанимацияда... Читать дальше...

Белдемчини даңазалагысы келген Асел

Azattyk.org 

Тоңдук келин Асел Кайнарбек кызы келиндерге арналган белдемчини илгерки ыкма менен тигип, саймасын колго түшүрөт. Ал түрктөрдүн, кытайлардын кийимдеринен көрө кыргыздын улуттук кийимдерин даңазалап, "күнүмдүк кийим катары кийсек да болот деген сунушун айтат. Азыр ал тиккен белдемчилер кудага кийит катары тартууланып жаткан чак. Бир белдемчини бүтүрүүгө Асел бир айга чейин убакыт коротот. Бул үчүн жаш кол өнөрчү Кыргызстанды түрө кыдырып, сайма саюунун сырларын үйрөнүп келген.

Блинкен АКШ НАТО менен алаканы бекемдей турганын билдирди

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Брюсселдеги сапарынын жүрүшүндө НАТО менен мамилени бекемдөөгө убада берди. Ал Вашингтон Ооганстандагы тынчтык орнотуу аракеттери боюнча союздаштар менен кеңешип иш кыларын билдирди. Блинкен Брюсселде 23-24-мартта өтүп жаткан НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышууда. Ошондой эле президент Жо Байдендин трансатлантикалык байланыштарды чыңдоо саясатынын алкагында Евробиримдиктин лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. “Кошмо Штаттар... Читать дальше...

Абхазиядан ташылган машинелердин ээлери митинг өткөрүштү

Azattyk.org 

Бүгүн -23-мартта эски Өкмөт үйүнүн алдында - Турдакун Усубалиев атындагы аянтта - Абхазиядан ташылган автоунааларды Кыргызстанда каттоону мамлекеттик органдардан талап кылгандардын митинги өттү. Президент Садыр Жапаровдун атына жазылган кайрылууда митингчилер Абхазиядагы каттоосу менен Кыргызстанда жүргөн жана Жапониядан сатып алынып жолдо келе жаткан оң рулдуу автоунааларды мыйзамдаштырууну, учурда айып аянтчасына токтотулгандарын бошотуп берүүнү өтүнүшкөн.  Ошондой эле алар Жапониядан оң рулдуу... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

В дивизии имени Ф.Э. Дзержинского Росгвардии стартовал турнир по боксу «Кубок Победы»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Рафаэль Надаль

Легечка обыграл Надаля и сыграет с Медведевым в 1/4 финала «Мастерса» в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Ежемесячную денежную выплату получают более 1,6 млн пострадавших от радиации





Путин в России и мире
Москва

«Известия» показали репетицию инаугурации Путина на Соборной площади


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

В Минске одобрен проект соглашения о системе таможенного транзита ЕАЭС




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Николай Басков

Басков рассказал, что предпочитает гостевой брак и девушек не моложе 28 лет



Москва

Психолог рассказала, как сформировать здоровое отношение к алкоголю у подростка

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net