Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2020

Новости за 28.06.2020

Тарыхый инсанды баалоодо кыйшык күзгүнүн кереги канча?

Azattyk.org 

Пост-советтик Кыргызстанда тарыхый инсандарга баа берүү жаатында чоң секириктер жана жетишкендиктер архивдик жана башка тарыхый маалыматтарга негизделбеген айрым чалкеш, бир тараптуу, “фолк хисториге” таандык көз караштар менен да коштолуп келет. Тарыхчынын блогу.

Экс-президенттин энеси Салийка Даниярова дүйнөдөн кайтты

Azattyk.org 

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын энеси Салийка Даниярова 28-июнда 95 жаш курагында дүйнө cалды. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгелери фондунун” маалымат кызматы кабарлады. Маркумдун сөөгү 30-июнда Аламүдүн районунун Байтик айылындагы көрүстөнгө коюлат. Салийка Даниярова 1925-жылы 1-январда Талас облусунун Манас районундагы Кеңеш айылында туулган. 40 жыл мугалимдик кесипти аркалап жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан.  Жети кыз, бир уулдун энеси. “Азаттык” радиосунун эмгек... Читать дальше...

Кытайда Гонконг боюнча талаштуу документ карала баштады

Azattyk.org 

Кытайдын парламенти Гонконгдун коопсуздугуна байланыштуу талаштуу мыйзам долбоорун карай баштады. Бир катар Батыш өлкөлөрү жана эл аралык укук коргоо уюмдары Бээжин сунуштаган бул документ жарым-жартылай автономия деп саналган Гонконгдогу жарандык эркиндикти чектеп коёрун билдирип келишет.  Кытайдын эл өкүлдөрү бул мыйзам долбоорун 28-июндагы атайын сессияда карашты. Талкуу дагы эки күнгө созулары кабарланды. Эгер бул документ 30-июнда кабыл алынса, Гонконгдо Кытайдан бөлүнүүнү жактагандар, мамлекеттик бийликке баш ийбегендер... Читать дальше...



COVID-19га чалдыккандар 10 миллиондон ашты

Azattyk.org 

Дүйнө жүзүндө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 10 миллиондон ашты. Илдеттен каза тапкандар жарым миллионго чукулдады. Вирус АКШнын айрым штаттарында кайра жайылууда. Индия баштаган Азия өлкөлөрүндө илдетке чалдыккандардын саны азайбай жатат.

Орусиядагы добуш берүүгө үч күндө 31 миллион адам катышты

Azattyk.org 

Орусияда Конституцияга киргизилип жаткан түзөтүүлөр боюнча жети күндүк добуш берүүнүн алгачкы үч күнүндө жалпы шайлоочулардын 28,5 пайызы добуш берүүгө үлгүрдү. Бул тууралуу 28-июнда Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова билдирди. Анын айтымында, соңку үч күн ичинде жалпы 110 миллиондой шайлоочунун 31 миллионго чукулу өз тандоосун жасады. Алардын арасында электрондук тартипте добуш бергендери да бар. Владимир Путиндин президенттик мөөнөтүн дагы 12 жылга узартууга жол... Читать дальше...

Өлкө боюнча пневмония менен 300дөй киши ооруп жатат

Azattyk.org 

Республикалык штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып, өлкөдөгү медициналык мекемелерде орундар жетиштүү, дүрбөлөң түшүүгө негиз жок экенин маалымдады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 28-июнга карата өлкөдөгү медициналык мекемелерде даярдалган 1976 орундун 1047сине бейтаптар жаткырылды. Калган 929 орун бош турат. “Учурда ооруканаларда орундар жетиштүү. Бирок акыркы... Читать дальше...

Трамп: Орусия ооган жоочуларына акча бергенин уккан эмесмин

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп "Орусиянын чалгын кызматы Ооганстандагы америкалык аскерлерди өлтүрүү үчүн "Талибанга" тиешеси бар жоочуларга акча төлөгөн" деген корутунду менен таанышпаганын билдирди.  "Орустар тарабынан Ооганстандагы биздин күчтөргө коюлганы айтылган чабуул боюнча эч ким мага же вице-президенти Майк Пенске же аппарат башчысы Марк Медоузга маалымат берген эмес же айткан эмес", - деп жазды Трамп 28-июнда "Твиттердеги" барагына.  Ал "The New York Times" басылмасында жарыяланган... Читать дальше...

Польшада президенттик шайлоо өтүп жатат

Azattyk.org 

Польшадагы президенттик шайлоодо жекшемби күнү чак түшкө чейин шайлоочулардын 24 пайызы добуш берди. Бул сан 2015-жылдагы шайлоого салыштырмалуу 10 пайызга көп экенин өлкөнүн добуш берүү тармагын тейлеген расмий өкүлдөрү билдиришти. Шайлоого учурдагы мамлекеттик башчы Анджей Дуда баш болгон 11 талапкер ат салышууда. Алардын арасында аялдар жок.  Сурамжылоолорго ылайык, поляктардын 40 пайыздайы президент Дуданы колдойт. Экинчи орунда баш калаа Варшаванын мэри Рафал Тшасковский турат. Ага шайлоочулардын 30 пайыздайы добуш берери күтүлүүдө. Читать дальше...



Дүйнөдө коронавируска чалдыккандар 10 миллиондон ашты

Azattyk.org 

АКШдагы Хопкинс университетинин маалыматына караганда, пандемия башталгандан бери COVID-19 илдетинен 500 миңден ашуун адам көз жумду. Коронавируска чалдыккандардын көпчүлүгү АКШда. Өлкөдө 2,5 миллиондон ашык адам вирусту жуктурган. 125 миңден ашуун киши коронавирус жуктургандан кийин көз жумган. Экинчи орунда Бразилия турат. Бул өлкөдө COVID-19 вирусун 1,3 миллиондон ашуун киши жуктуруп алган. Коронавирус жуктургандардын көптүгү жагынан үчүнчү орунда Орусия турат. Бул өлкөдө 634 миңден ашуун адам илдетке чалдыккан. Читать дальше...

Саясий партиялардын шайлоо тизмеси жөнүндө жобо бекитилди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуучу саясий партиялардын БШКга берчү документтеринин формасын бекитти. БШКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, саясий партиялар шайлоого катышуучу талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн БШКга берилүүчү документте талапкерлер тууралуу так маалымат болууга тийиш. Саясий партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышуучу талапкерлеринин Кыргызстандыкынан башка жарандыгы жоктугу тууралуу маалымат берүүчү форма да бекитилди. Талапкерлер тууралуу... Читать дальше...

Башка, бетке, чыкыйга тээп... UFC беттешиндеги эсте калчу учурлардын видеосу

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Бул үч мүнөттүк видеодо мушкерлердин беттештеги эсте каларлык учурлары камтылган. Алардын ичинен Дастин Порье катышкан мушташ “жылдын мыкты беттеши” наамына ат салышууда.

АКШда пляждар жана барлар ачылгандан кийин коронавирусту жуктургандар көбөйдү

Azattyk.org 

АКШнын түштүгүндөгү жана батышындагы штаттарда коронавируска чалдыккан адамдардын көп катталып жатышына аймакта барлар менен пляждардын иштеп жатканы себеп болууда. Айрым штаттардын губернаторлору экономикалык ишмердүүлүктү калыбына келтирүү максатында чектөөлөрдү тез арада алып, барлар менен пляждарды ачып салышканын мойнуна алышты. 27-июнда Флорида штатында суткалык рекорд катталган. Бир күндө аймакта 9 585 адам коронавируска чалдыккан. Оору жуктургандардын көпчүлүгү – жаштар. Губернатор Рон... Читать дальше...

Аба ырайы: Күн салкын болот

Azattyk.org 

29-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Тоолордо жаан карга айланат. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31 градус, Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28 градус, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2...-7... Читать дальше...

“Симпсондордогу” Апуну ак түстүү актер "сүйлөтпөй" турган болду

Azattyk.org 

“Симпсондор” деп аталган мультфильмдин авторлору тасмадагы түстүү каармандардын үнүн ак түстүү актер коштобошу керек деп билдиришти. Ага ылайык, эми мультсериалдагы Индиядан келген иммигрант Апу ак түстүү актер Хэнк Азариянын үнү менен “сүйлөбөй калат”. Би-Би-Си белгилегендей, “Симпсондор” мультсериалында бир нече каарманды “сүйлөткөн” актёр Хэнк Азария быйыл январда Апунун үнүнөн баш тартарын билдирген. Ал 2017-жылы “Апунун көйгөйү” деген даректүү тасма чыккандан бери өзүнө кысым көбөйгөнүн айткан. Читать дальше...

Баткен окуясына катышкан Руслан үйлүү болот

Azattyk.org 

Ош шаарынын тургуну, Баткен согушунун катышуучусу, 40 жаштагы Руслан Абдулганиев калаа четиндеги Дача айылында 20 жылдан бери энеси менен жашайт. Апасы пенсияда, өзү болсо согушта бир колунан ажыраган. Абдулганиев ушул күнгө чейин мамлекет тарабынан эч кандай жардам болбогонун айтат. Ушу тапта эне-баланын эңсегени орундалып, алар үчүн ашар жолу менен үч бөлмөлүү үй курула баштады.

Кыргыз ырлары эми жаңсоо тилинде жаңырат

Azattyk.org 

Жакындан бери жаңсоо тили менен коштолгон кыргызча ырлардын видеосу Интернетте жарыялана баштады. Максаты угуусу начар адамдар үчүн ырлардын ритмин, маанайын билдирүү болгон бул саамалык “Беш бармак” долбоорунун алкагында ишке ашып жатат.

Баткенде коронавирустун жайылуусуна жол бербөө чаралары күчөтүлдү

Azattyk.org 

28-июнга карата Баткенде COVID-19 илдетине чалдыккан 13 адам катталды. Бул пандемия башталгандан берки убактагы облустагы эң жогорку көрсөткүч. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдагандай, акыркы учурда оорунун белгилерин байкап, ооруканага өзү кайрылган жарандар көбөйдү. “Буга байланыштуу оорулуулар жана алар менен байланышта болгон жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Облуста санитардык карантиндик посттор күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Кырдаалды ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов жеке көзөмөлүнө алган.

Путин Жээнбековго Москвага сапары үчүн ыраазычылык билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен 26-июнда телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппарат 28-июнда билдирди. Сүйлөшүү учурунда орус президенти Кыргызстандын мамлекет башчысына Москвага жасаган сапары үчүн ыраазычылык билдирип, Жеңиш парадына катыша албай калганына өкүнгөнүн айтты. Владимир Путин кыргызстандык куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрүнө Жеңиш парадында өз мамлекетин бийик деңгээлде көрсөтө алышканы үчүн ыраазычылык билдирип... Читать дальше...


Музыкальные новости
Филипп Киркоров

Киркоров потратил 200 млн рублей на ремонт и золотые унитазы





Персональные новости
ЦБ

ЦБ выпустил монету с томским памятником в рамках серии "Города трудовой доблести"





HRW: Ашхабад COVID-19ду жашыруу менен элинин саламаттыгын коркунучка кептеди

Azattyk.org 

Эл аралык "Human Rights Watch" уюму Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө коронавирус бар болгонун жашырып, элинин саламаттыгын коркунучка кептеп жатканына тынчсызданды. 27-июнда тараткан билдирүүсүндө уюм расмий Ашхабадды өлкөдө коронавирус оорусунун жайылышы жөнүндө маалыматтарды чогултуп, жарыялоону талап кылды. Мындан тышкары билдирүүдө вируска тест аркылуу текшерилүү жолдорун жөнөкөйлөтүп, дарыгерлерге басымды токтотуу талап кылынган. Уюмдун Борбор Азиядагы жетекчисинин орун басары Рейчел Дэнбер... Читать дальше...

Алайга жана Чоң-Алайга кар жаады

Azattyk.org 

Алай районундагы Сары-Таш айыл аймагында жайгашкан жайлоолорго 28-июнга караган түнү кар жаады. Бул тууралуу райондун акими Замир Молдокулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, учурда тиешелүү адистерден түзүлгөн топ жайлоодогу чабандардын жана мал-жандын абалын билүү үчүн жөнөп кетишти. 28-июнга караган түнү кар Чоң-Алай районуна да жааган. Райондун акими Жумадилла Жапаровдун “Азаттыкка” кабарлагандай, кар Кашка-Суу айыл аймагындагы жайлоолорго, Ленин чокусунун алдындагы альплагерь жайгашкан тарапка жааган. Читать дальше...

Чамасы чак медицина, чарчаган дарыгерлер

Azattyk.org 

Өкмөт оору менен күрөшкөн дарыгерлер чарчап, медицина тармагына күч келип турганын айтты. Мындан улам кадр резервин түзүп, аларды окутуу маселеси көтөрүлүүдө.

Асылбаева: Менин атымдан Дастан Бекешевдин дарегине жазылган жорум – фейк

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун автору Гүлшат Асылбаева расмий билдирүү таратты. Ал “Твиттерде” өзүнүн атынан кесиптеши, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге карата эч кандай комментарий жазбаганын билдирген. Жогорку Кеңеш Асылбаеванын атынан тараткан расмий билдирүүдө: “Мен бул маселе боюнча Дастан Далабаевич менен сүйлөштүм, ал мен мындайга бара албасымды жакшы билет. Менин “Твиттерде” да, “Инстаграмда” да аккаунтум жок. Ошондуктан ал жакта менин атымдан аккаунт ачып алып... Читать дальше...

Боронов Бишкекке Тез жардам кызматтарын мобилизациялоону тапшырды

Azattyk.org 

Премьер-министр Кубатбек Боронов 27-июнда республикалык штабда жыйын өткөрүп, Бишкекте жеке лабораторияларды, Тез жардам кызматтарын жана ооруканаларды мобилизациялоону тездетүүнү тапшырды. Мындан тышкары мамлекеттик органдардын карамагындагы "Тез жардам" унааларын жана тиешелүү адистерди, эпидемиологиялык абал жакшы райондордун Тез жардам кызматтарын да Бишкекке тартууну талап кылды. “Кызмат алып келген бейтаптарды ооруканалар кабыл албай койгон же көчөдө 1,5 саат күттүргөн фактылар болбосун.... Читать дальше...

Баатырбеков: "Тез жардам" бригадаларын көбөйтүү зарыл

Azattyk.org 

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков акыркы учурда 103 жана 118 кызматына нааразылыктар көп болуп жатканына байланыштуу Бишкек шаарындагы “Тез жардам” борборунда кеңешме өткөрдү. Анда Тез жардам кызматынын жана мобилдик топтордун ишин күчөтүү тууралуу сөз болду. Баатырбеков "Тез жардам" бригадаларын көбөйтүү зарылчылыгын айтты: «Коронавирус инфекциясын жуктургандар көбөйүп жатканына байланыштуу учурда 103 жана 118 кызматына жарандардан кайрылуулар, ошол эле учурда нааразычылыктар... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о подготовке специалистов в спортивной сфере


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Соболенко вышла в ⅛ финала турнира WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Воспитанник Московского дворца пионеров стал лауреатом конкурса «Эксперимент в космосе. Космос для всех»





Путин в России и мире
Москва

Участников СВО обучат для работы в органах власти


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

В Минске одобрен проект соглашения о системе таможенного транзита ЕАЭС




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

В Киеве СБУ проводит облавы против нелояльных Зеленскому


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



The Beatles

100 лучших сольных песен The Beatles - 4



Москва

Подмосковные спортсмены стали победителями фестиваля РФС «Стальная воля»

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net