Кытайда Гонконг боюнча талаштуу документ карала баштады
Кытайдын парламенти Гонконгдун коопсуздугуна байланыштуу талаштуу мыйзам долбоорун карай баштады. Бир катар Батыш өлкөлөрү жана эл аралык укук коргоо уюмдары Бээжин сунуштаган бул документ жарым-жартылай автономия деп саналган Гонконгдогу жарандык эркиндикти чектеп коёрун билдирип келишет.
Кытайдын эл өкүлдөрү бул мыйзам долбоорун 28-июндагы атайын сессияда карашты. Талкуу дагы эки күнгө созулары кабарланды. Эгер бул документ 30-июнда кабыл алынса, Гонконгдо Кытайдан бөлүнүүнү жактагандар, мамлекеттик бийликке баш ийбегендер, чет өлкөлүк күчтөр менен байланышта болгондор кылмыш жоопкерчилигине тартыла баштайт. Эл аралык байкоочулар бул мыйзам менен Бээжиндин 1997-жылга чейин Британияга баш ийип келген аймактагы укуругу узара турганын белгилешүүдө.
Жекшемби күнү Гонконгдо жүздөгөн адамдар мыйзам долбооруна каршы жүрүшкө чыгышты. Полиция чогулгандарды күч менен таратууга аракет кылганда эки тарап кагылыша кетти. Тартип коргоо органдары 53 демонстрант кармалганын кабарлады.
Британия 23 жыл мурда Гонконгду өзгөчө укуктарга ээ, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайдын карамагына өткөрүп берген. Бээжин Гонконгду “бир өлкө, эки система” формуласына ылайык башкара турганын, ички саясатына кийлигишпей, кеңири автономия берерин убада кылган.