IT билимди университеттен алган оңбу же курс жакшыбы?
Германиядагы журтташыбыз Айзада Акбекованын "IT адиси болуш үчүн диплом керекпи же курсту бүтүрүү жетиштүүбү?" деген суроого жообу.
Германиядагы журтташыбыз Айзада Акбекованын "IT адиси болуш үчүн диплом керекпи же курсту бүтүрүү жетиштүүбү?" деген суроого жообу.
Түркиялык адвокат Иляс Доган Конституциялык сотко жөнөткөн арызында 2019-жылы Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында каза болгон 23 жаштагы өзбекстандык Надира Кадырованын өлүмү боюнча тергөө ишинин негизги принциптери сакталбаганын жүйө келтиргенин кабарлаган. Адвокат Иляс Доган Надира Кадырованын өлүмүн жергиликтүү прокуратура "суицид" деп жыйынтык чыгарганы менен мигрант кыздын бөлмөсүндө окуяга дал келбеген буюмдар болгонун баса белгилейт. Өзбекстандык Надира Кадырова 2019-жылы 23-сентябрда депутат Үналдын үйүндө ок жеп каза болгон. Читать дальше...
9-июнда Казакстандын Алматы калаасынын акимчилигине турак жай, бала бакча, жумушсуздук көйгөйлөрүн чечүүнү талап кылып ондой аял барышты. Аларды күзөтчүлөр имаратка киргизген жок. Нааразыларга калаанын Медеу районунун акими Султанбек Макежанов чыгып, аялдардын сөзүн үнсүз тыңдады. Ошол эле маалда баш калаа Нур-Султанда жыйырма чакты аял эки күндөн бери Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдында “үнсүз” акция өткөрүп жатат. Алар министрликтин алдында түнөшкөн. Казакстанда көп балалуу... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-июнда Улуттук тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталып жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыратты. Ага ылайык, Исаков Кылмыш кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен күнөөлүү деп табылды. Ага мамлекетке келтирилген 247 миллион 650 миң 281 сомду да төлөп берүү да милдеттендирилди. Исаков өзүнө тагылган күнөөнү мойнуна албайт. Анын адвокаты соттун чечимин арызданарын билдирди.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу сотто көрсөтмөлөрдү угуу аяктады. Ишти карап жаткан Биринчи май райондук сотунда 9-июнда айыпталуучулар Индира Жолдубаева, Калыбек Качкыналиев жана Абдухалим Раимжанов суракка алынды. Сот жараянында иштин материалдарын изилдөө башталып, кийинки отурум 11-июнга белгиленди. Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Читать дальше...
Гарвард университети жүргүзгөн иликтөөлөргө ылайык, коронавирус Кытайдын Ухань шаарында 2019-жылдын август айында эле жайылган болушу мүмкүн. 8-июнда жарыяланган баяндамадагы бул маалыматты Бээжин “күлкүлүү” деп четке какты. Гарварддын иликтөөчүлөрүнүн айтымында, август айынан декабрга чейин беш оорукананын айланасында кымгуут көбөйгөнүн спутниктен алынган сүрөттөр көрсөткөн. Андан тышкары ошол маалда “жөтөл”, “диарея” сыяктуу оорунун белгилери Интернетте көп изделген. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер комитети Орусиянын Канттагы авиабазасы боюнча талаштуу протоколду жактырды.
9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталып жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыратты.
COVID-19 инфекциясын жугузуп алган Нарын шаарындагы №2 Чкалов атындагы орто мектебинин директору Айчүрөк Самакова илдети өтүшүп кетип 7-июнда көз жумду.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Орусиянын Канттагы аскер базасы тууралуу талаштуу протоколду жактырды. Буга чейин Кант аэродромундагы учуп-конуу тилкесине ээлик кылууга байланышкан маселе кызуу талкуу болгон.
Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, белгилүү театр жана кино актеру Марат Жантелиев 59 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров тастыктады: “Жаңы эле угузушту. Байкеси телефон чалды. Оор болуп, реанимацияда жаткан. Бөйрөк талмасы абдан катуу кармап, дарыгерлер алы жетпей калыптыр. Бишкектин “Учкун” кичи районунда турчу. Жакын деп Ново-Покровкадагы ооруканага алып бара калышкан экен”. Марат Жантелиев 1961-жылы Нарын облусунда туулган. Читать дальше...
Орусияда чек арадагы чектөөлөр жумшартылып, Москвада дээрлик эки айдан ашкан карантин алынды. Нур-Султанда үнсүз акцияга чыккан көп балалуу энелер министрликтин алдында түнөштү. Түндүк Кореянын бийлиги Түштүк Корея менен телефон байланышын үзүүнү чечти.
Талас шаарында бир адам коронавирус жуктуруп алган болушу ыктымал деп шектелүүдө. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди: "Азырынча анализинин жыйынтыгы чыга элек. Ошондуктан расмий эч нерсе тастыктап айта албайбыз. Эртең билинет". Жалпысынан 18-марттан 9-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2055 адамдан табылды, алардын ичинен 24 бейтап кайтыш болду, 1483 бейтап айыгып кетти. Республика боюнча бир гана Талас облусунда вирус катталган эмес. Читать дальше...
Экс-премьер-министр Сапар Исаковдун жана президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаеванын адвокаттары Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылышат. Бул тууралуу Сапар Исаковдун адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди. Адвокаттын айтымында, сот Исаковго музейди реконструкциялоо иши боюнча 12 жарым жыл, ипподромдун курулушу боюнча да 12 жарым жыл берди. Мурдагы иштер боюнча... Читать дальше...
8-июнда 50дөй айдоочу «Эркечтам» бажы бекетинен кытайлык «Абу-Сахий» карго компаниясынын автоунаалары гана өтүп жатканына нааразы болуп, Ош облустук администрациясынын алдына топтолушту.
Орусиялык таанымал актер, соңку жылдары Кремлдин саясатын сынга алып келген Михаил Ефремов адам өлүмү менен коштолгон аварияга кабылганы үчүн 12 жылга чейин кесилиши мүмкүн. Полиция билдиргендей, Ефремов мас абалында "Jeep Grand Cherokee" автоунаасында катуу ылдамдыкта баратып, бет маңдайынан чыккан машине менен кагышкан. Жол кырсыгында Ефремов жабыркаган эмес, ал эми башка автоунаанын айдоочусу, 57 жаштагы Сергей Захаров өзүнө келбей жатып көз жумган. Жол кыймылдарын тескеген борбор “Твиттердеги” баракчасына авариянын видеосун жарыялады... Читать дальше...
Экс-премьер-министр Сапар Исаков 18 жылга эркинен ажыратылды.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын 264ү 15 жашка чыга элек балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, алардын арасынан 33 бала бир жашка толо элек ымыркай. 20-35 жаштагылар 788 бейтап, 36-55тегилер 619 бейтап, 56 жаштан улуу курактагылардын саны 310 адам. Жалпысынан 18-марттан 9-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2055 адамдан табылды, алардын ичинен 24 бейтап кайтыш болду, 1483 бейтап айыгып кетти. Оору жуккандардын эң көбү Бишкек шаарында – 655 адам. Читать дальше...
Казакстандын баш калаасында 8-июнь күнү нааразылык акциясын баштаган көп балалуу энелер Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдында түнөштү. 9-июнда акция уланды. Алар министрликтин алдында үн катпастан колдоруна “Муктаж калктын насыялары кечирилсин”, “Ар бир балага 21 миң теңге жөлөкпул”, “Милдеттүү вакцинага каршыбыз”, “Ачкачылык жарыялайбыз” деп жазылган плакаттарды көтөрүп турушат. Нааразы аялдардын айтуусуна караганда, таң атканча бийлик өкүлдөрүнөн эч ким кабар алган эмес. Алар бийликтен... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-июнда Улуттук тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталып жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыратты. Өкүмдү ишти караган судья Марат Сыдыков окуду. Ага ылайык, Сапар Исаков Кылмыш кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен күнөөлүү деп табылды. Исаков бул иштерден мамлекетке келтирилген 247 миллион 650 миң 281 сомду да төлөп бериши керек. Соттун чечими менен президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү... Читать дальше...
Бишкектеги “Орто-Сай” базары карантинге жабылат. Бул тууралуу 9-июнда Бишкек шаардык кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда борбор калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди. Анын айтымында, мындай чечим коронавируска чалдыккан бир нече адам ошол базарда болгонун айтып бергенине байланыштуу кабыл алынды: "Орто-Сай” базары дезинфекциялоого жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жабылууда. Себеби бизге кайрылган бир нече адам ооруп калган себебин көрсөткөндө бул базарда болгонун айтып беришкен”. Читать дальше...
АКШда афро-америкалык жаран, полициянын колунан каза тапкан Жорж Флойдду шейшембиде Хьюстон шаарына коюшат. Анын өлүмү расизмге, полициянын зомбулугуна каршы нааразылык акцияларды тутантып, АКШдан башка жерлерге да жайылды. Маркум жерге берилгенде Париж, Женева, Рим, Оксфорддо эскерүү акциялары өткөнү жатат. Алдынкы күнү Флойд менен коштошууга миңдеген адамдар келишип, чиркөөнүн алдында узун кезекке турушту. Маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтуу үчүн Хьюстонго мурдагы вице-президент Жо Байден да барды. Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоо боюнча кылмыш иштерин кароону 9-июнда аяктады. Бул күнкү сотто бул иштерде шектүү катары өтүп жаткандарга жана алардын адвокаттарына сөз берилди. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаттары анын күнөөсү жок экенин айтышып, актоону суранышты. Исаковдун өзү сотко келүүдөн баш тартканы айтылды. Мира Карыбаева акыркы сөзүн айтты. Сотко кайрылып, калыс чечим чыгарууну өтүндү. «Бүгүн сиздин колдо туура чечим кабыл алууга... Читать дальше...
2010-жылкы июнь окуясын чагылдырууда журналисттер жеке коопсуздугун тобокелге салып, коомчулукка маалымат таратып турушкан. Улут аралык жаңжалды башынан кечирип жаткан Ош менен Жалал-Абаддагы кырдаалды, коомдогу чыңалууну, кооптуу окуяларды чагылдыруунун артында чоң жоопкерчилик менен милдет турган.
Венесуэла коронавируска каршы күрөшүү максатында Ирандан жардам алды. Жүк аба аркылуу 8-июнда жеткирилди. Бул АКШ санкциясына кабылган эки мамлекеттин байланыштары бекемделип жатканынан кабар берет. Венесуэланын пландоо министри Рикардо Менендестин айтымында, Тегеран коронавирусту аныктоочу тесттерди жана дары-дармектерди жөнөткөн. Министр ошондой эле президент Николас Мадуро Иран бийлигине жардам жана мунай үчүн ыраазычылык билдирүү максатында жакын арада Тегеранга барарын кошумчалады. Мадуро... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.