Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2018

Новости за 26.06.2018

Быйыл 186 коррупциялык көрүнүшкө бөгөт коюлду

Azattyk.org 

Быйылкы жылдын төрт айында 186 коррупциялык көрүнүш фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады. Маалыматка ылайык, бул көрүнүштөр 135 миллион сом зыян келтилген. Өлкө боюнча салыктык кылмыштарга бөгөт коюу максатында 235 текшерүү жүрүп, 1 миллиард 332 миллион сом салык төлөнбөй калганы аныкталып, анын 839 миллион сому кайтарылган. Ошондой эле мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү боюнча 34 кылмыш иши козголуп, 54 миллион сомдон ашык акча мамлекетке өндүрүлгөн. Читать дальше...

Ысык-Көлдө эки адам чөгүп кетти

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда Ысык-Көлгө чөгүп кетип каза болгон эки адамдын бири 16 жаштагы өспүрүм болгон. Ал Тоң районундагы Кекилик деген жерде чөгүп кеткен. Баланын сөөгү жакындарына тапшырылды. Ал эми Чок-Тал айылындагы пансионаттардын биринен 24 жаштагы жаран сууга чөгүп, каза болгон. Анын сөөгү жергиликтүү милицияга өткөрүлүп берилди. Ушул күндөрү Ысык-Көлдө эс алуу сезону башталып калды. Кыргызстанда былтыр 50дөн ашык адам ар кандай кырдаалда сууга чөгүп каза болгон. Читать дальше...

КСДП Атамбаевдин УКМКдан жер тилкесин сатып алганын түгөндөдү

Azattyk.org 

Экс-президент, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) лидери Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу жер тилкесин сатып алганы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу КСДП бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат. Буга байланыштуу партия УКМК талкуу жараткан жер тилкеси боюнча түшүндүрмө бериши керек экенин билдирүүдө. “Биздин маалымат боюнча Кой-Таштагы жер тилкеси азыркыга чейин УКМКнын карамагында турат жана жакында... Читать дальше...



КСДП Атамбаевдин УКМКдан жер тилкесин сатып алганын төгүндөдү

Azattyk.org 

Экс-президент, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) лидери Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу жер тилкесин сатып алганы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу КСДП бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат. Буга байланыштуу партия УКМК талкуу жараткан жер тилкеси боюнча түшүндүрмө бериши керек экенин билдирүүдө. “Биздин маалымат боюнча Кой-Таштагы жер тилкеси азыркыга чейин УКМКнын карамагында турат жана жакында... Читать дальше...

Бишкек-Ош жолунда автоунаа сууга кулап, эки киши сууга агып кетти

Azattyk.org 

26-июнь күнү Бишкек-Ош жолунун 264-чакырымында “Хонда Степ” үлгүсүндөгү машине Чычкан суусуна кулап, ичиндеги сегиз жүргүнчүнүн экөө сууга агып кеткен. Анын биринин сөөгү табылды, экинчиси дайынсыз болуп жатат. Алты киши Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Учурда окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигининин кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө. (TSh)

Чүй милициясынын жаңы башчысы дайындалды

Azattyk.org 

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп Самат Курманкулов дайындалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини облустук милициянын жамааты менен ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов тааныштарды. 41 жаштагы полковник Курманкулов буга чейин Бишкек милициясынын жетекчиси болуп эмгектенген эле. Ала качууга туш болуп, кийин Жайыл райондук милициясынын имаратында киши колдуу болгон Бурулай Турдаалы кызынын окуясынан соң Чүй милициясынын... Читать дальше...

ИИМ академиясынын мугалими байланышкан чыр иликтенүүдө

Azattyk.org 

Социалдык тармактарда Жамиля Насирова аттуу колдонуучу аны милицияда жогорку кызматта иштеген жаран токмоктогонун жазып, чырды териштирип берүүгө тиешелүү органдардан жардам сурап ачык кайрылуу жазган. Бул боюнча Ички иштер министрлиги түшүндүрмө берип, окуя териштирилип жатканын маалымдады. Кабарларга караганда, А.Н. аттуу жаран Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп мурда иштеп кеткен, учурда ИИМдин академиясынын мугалими болгон. Азыр милициянын ички иликтөө кызматы окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. Читать дальше...



Соттордун “кара тизмеси” түзүлөт

Azattyk.org 

Жарандык коом өкүлдөрү мыйзамсыз чечим чыгарган соттордун атайын реестрин түзөт. Бул тууралуу казакстандык активист Муратбек Тунгышбаевдин Казакстанга өткөрүлүшү боюнча талкуунун жүрүшүндө жарандык активист Рита Карасартова билдирди. Анын айтымында, "Бишкектин Октябрь райондук соту Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо боюнча чечимди мыйзамдарды одоно бузуу менен сот адилеттигин көзгө илбей чыгарды". - Биз мыйзам бузган судьялардын “кара тизмесин” түзөбүз. Биз аларды мыйзам чегинде жазага тартуу боюнча бардык аракетти көрөбүз. Читать дальше...

Кыргызстанда баңгизат колдонуучулар азайды

Azattyk.org 

Кыргызстанда баңгизат колдонуучулардын саны азайып жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Маңзатка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Айдар Шигаев билдирди. Анын айтымында, 2011-2012-жылдары маңзатка көз каранды адамдардын саны Кыргызстанда 11 миңге жакын болсо, учурда алардын саны 2 миңге кыскарган. ИИМдин кызматы тараткан маалыматка карганда, учурда каттоодо тургандардын саны 8500дөн ашат. “Героин жана метадон колдонгондордун саны кыскарганы менен синтетикалык маңзатты трансформациялоо аракеттери кооптонууну жаратат. Читать дальше...

Кыргызстанда баңгилер азайды

Azattyk.org 

Кыргызстанда баңгизат колдонгондор азайып жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарга каршы күрөш кызматынын башчысы Айдар Шигаев билдирди. Анын айтымында, 2011-2012-жылдары баңгилердин саны Кыргызстанда 11 миңге жакын болсо, азыр алар 2 миңге азайган. ИИМдин кызматы тараткан маалыматка караганда, учурда каттоодо тургандардын саны 8500дөн ашат. “Героин жана метадон колдонгондордун азайганы менен синтетикалык баңгизатты трансформациялоо аракеттери кооптонуу жаратат. Өкмөттүн токтому... Читать дальше...

Бишкек-Ош жолундагы кырсыкта он адам жараат алды

Azattyk.org 

Бишкек-Ош жолунда кечээ кечинде эки жеңил унаа кагышып, он адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кырсык Кара-Көл шаарынын алыс эмес Сары-Булак тилкесинде болгон. Анда "Фольксваген Пассат" жана "Мазда" үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, ичиндеги он адам ар түрдүү жараат алган. Кырсыктан жабыркагандар ооруканага жаткырылды. 2018-жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстандын аймагында 1580 жол кырсыгы катталган. Жол кырсыктарынан 167 адам каза болсо, анын 20сы балдар болду. Читать дальше...

Финполиция төрт айда 588 миллион сомду мамлекетке өндүрдү

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы (мурдагы Финансы полициясы) быйылкы жылдын төрт айында 911 кылмыш ишти тергеди. Анын ичинен 251 иш сотко өткөрүлдү. Бул былтыркыга караганда 103 ишке көп. Бул тууралуу Финполициянын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат. Ошондой эле Экономикалык кылмыштарга күрөш кызматынын тергөөчүлөрү мурда кыскартылган 139 кылмыш ишти кайрадан карай баштаган. Мунун жыйынтыгында төрт ай ичинде 588 миллион сомдон ашык акча мамлекетке өндүрүлгөнү кабарланды. ... Читать дальше...

Футбол-2018: Орусия Уругвайга утулду

Azattyk.org 

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында жыйынтыктоочу тайпалык оюндардын кезеги башталды. 25-июнда талаа ээлери Орусия Самара шаарында Уругвай менен кез келди. Эки команда буга чейин эле 1/8 бөлүккө жолдомо алып коюшкан, ошондуктан Орусия – Уругвайдын оюну тайпада биринчи орун үчүн болду. Оюн жыйынтыгында орус футболчулары талаа ээси экенине карабай Уругвайга ири эсепте утулду. Жалпы жыйынтык 3:0 болуп, Уругвай биринчи орун менен “А” тайпасын жыйынтыктады. Бул оюнда орустардын мыкты оюнчусу Александр Головин талаага чыккан жок. Читать дальше...

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял ур-токмокко кабылууда

Azattyk.org 

Кыргызстандагы медико-демографиялык изилдөөнүн жыйынтыгына караганда, 15 жаштан 49 жашка чейинки ар бир төртүнчү аял жок дегенде бир жолу ур-токмокко кабылат. Изилдөөгө катышкан кыз-келиндердин 4% сексуалдык, ал эми 14% эмоционалдык зомбулукка туш болгонун айтып берген. Кош бойлуу кезинде ур-токмокко кабылганын сурамжылоого катышкандардын 7% айткан.  Үй-бүлөдөгү зомбулукту токтотуу жана алдын алууда ички иштер органдарынын кадамдары бүгүн Бишкекте талкууланат. Ага мамлекеттик жана тартип коргоо органдарынын... Читать дальше...

Бишкекте түрк киносунун жумалыгы башталат

Azattyk.org 

Бишкекте 26-30-июнь күндөрү Түрк тасмаларынын жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Кыргызстандын кино сүйүүчүлөрү түрк кино режиссёрлорунун акыркы жылдары жараткан беш тасмасын акысыз көрө алышат. Маалыматка караганда, "Кызыл жоолук жалжалым", "Үй-бүлө арасында", "Сыя-көк мейкиндик", "Мазарчы", "Тоо-2" тасмалары көрсөтүлөт. Иш-чаранын алкагында түрк режиссёрлору жана актёрлору күйөрмандары менен жолугушат. Тасма жумалыгын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги... Читать дальше...

Өзбекстан терроризмге шектелип кармалган АКШ жаранын бошотту

Azattyk.org 

Өзбек бийлиги "Өзбекстан ислам кыймылы" террордук уюмунун иш-аракеттерине катышкан деген шек менен кармалган АКШ жараны Закир Алиевди бошотту. Закир Алиев 22-июнда өлкөдөн чыкпоо тилкаты менен бошотулганын "Борбор Азия жаңылыктар кызматына" билдирди. 18-июнда Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы Алиев терроризмге шектелип кармалганын кабарлаган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал 2000-жылы «Өзбекстан ислам кыймылынын» катарына кошулуп, ооган согушкерлери тарапта Ооганстандын жана НАТО жетектеген коалициянын күчтөрүнө каршы согушкан. Читать дальше...

Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясы иштелип чыкты

Azattyk.org 

Шайлоо тууралуу мыйзамдарды жакшыртуу боюнча 2018-2020-жылдарга карата стратегия иштелип чыкты. Стратегиянын долбоорунда президентти, Жогорку Кеңеш жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо, талапкерлерге карата жаңы талаптар киргизилген. Жумушчу топтун мүчөсү, эксперт Канышай Мамытованын “Азаттыкка” билдиришинче, долбоордо беш негизги багыт белгиленген. Партиялар арасында тең укуктуулукту, таза атаандаштыкты камсыздоо үчүн шайлоолордо финансылык чектөөлөр кирет. Талапкердин кош жарандуулугун... Читать дальше...

Майыптардын билим алуу укугу талкууланат 

Azattyk.org 

Бүгүн Бишкекте “Жаш саясатчынын жайкы мектеби” аттуу иш-чара өтүп, анда майыптардын билим алуу укугу, жаштарды жумуш менен камсыз кылуу маселелери талкууланат. Талкууга вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова катышат.  Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, ушу тапта Кыргызстанда 177 миң майып бар. Анын 29 миңден ашууну балдар. Биринчи топтогу майыптардын жалпы саны 5,5 миңден ашат, алардын 4700дөн көбү тубаса, 800дөйү түрдүү кырсыктан улам тагдырдын оор сыноосун баштан кечирип жатышат. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

В Москве 1 июня стартует чемпионат по игре «Камень, ножницы, бумага»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина, Путинцева и Бублик стартуют на Ролан Гаррос. Кто в соперниках и чего ждать?


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Акция «Чистый лес» прошла на территории округа Балашиха





Путин в России и мире
Москва

Президент РФ обозначил наиболее острым вопросом для Ингушетии количество мест в детсадах


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Минск приостановил участие в договоре о вооруженных силах в Европе




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Белый дом признал причастность к выработке «формулы мира» Киева


Навальный в России и мире
Москва

Раз нет протестов, будут санкции: как навальнисты и команда Ходорковского меняют стратегию борьбы с Россией



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Желдорреммаш

Уссурийский ЛРЗ расширяет форматы промышленных экскурсий на предприятие



Москва

Сергей Катырин: семейные предприятия должны получать расширенную господдержку

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net