Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2018

Новости за 28.06.2018

"Шадиев качканга чейин мүлкүнүн көбүн саткан"

Azattyk.org 

“Азаттык” парламент депутаты Аскарбек Шадиевге козголгон кылмыш иштеринин чоо-жайы боюнча УКМКга кайрылды. Суроолорго мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулайманов жооп берди.

Украинанын омбудсменине Олег Сенцов менен жолугушууга уруксат берилген жок

Azattyk.org 

Украинанын омбудсмени Людмила Денисовага Орусиянын Ямало-Ненецк округундагы Лабытнанги шаарынын "Ак аюу" деген түрмөсүндө 20 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан украиналык режиссер Олег Сенцовго жолугушууга уруксат берилген жок. Бул тууралуу ал 28-июнда өзүнүн “Фейсбук” баракчасына жазды. Акыйкатчы 44 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан Сенцовго жолугушуу үчүн бүгүн барган. Денисова Ямало-Ненецк аймагына Орусиянын омбудсмени Татьяна Москалькова менен бир учакта учканын, бирок орусиялык кесиптеши аба бекетинен ары өзүнчө кетип калганын билдирди. Читать дальше...



Москва: таксисттердин түмөн түйшүгү

Azattyk.org 

Орусияда кыргызстандык айдоочулар кандай шарттарда иштешет? Жумуш берүүчү компаниялардын жоопкерчилиги кандай? Кандай себептерден мигрант айдоочулар 15-20 саат иштеп, тобокелдикке барып жатышат? “Азаттыктын” “Биз жана дүйнө” берүүсүндө ушул маселе сөз болду.

Шадиевге дагы бир кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн» деген жүйө менен дагы бир кылмыш иши козголду.

Эки Корея Азия оюндарында биргелешкен командаларын чыгарат

Azattyk.org 

Түштүк жана Түндүк Корея быйыл Индонезияда өтө турган Азия оюндарында спорттун үч түрү боюнча биргелешкен командаларын чыгарат. Ошондой эле 18-августта оюндардын ачылыш аземинде эки өлкөнүн спортчулары бир туунун алдында өтүшөт. Мындай чечимге бүгүн эки Кореянын Улуттук Олимпиада комитеттеринин өкүлдөрү Азиянын Олимпиада кеңешинин башчысы менен жолугуп, сүйлөшкөн соң келишти. Эки Корея баскетбол, кайык жарышы жана каноэ менен сүзүү боюнча биргелешкен командаларды жөнөтмөй болушту. Февраль айында... Читать дальше...

Казакстанда кул болгон мигранттар

Azattyk.org 

Казакстанга акча табуу үчүн иш издеп барган кыргызстандыктар тоодой тоскоолдуктарга кабылууда. АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путин Хельсинкиде жолугушат. Сириянын өкмөттүк күчтөрү Дераа провинциясында чабуулун улантышты.



Дональд Трамп менен Владимир Путин кийинки айда Хельсинкиде жолугат  

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин 16-июлда Финляндиянын борбору Хельсинкиде жолуга турганын "Рейтер" агенттиги Кремлдеги булактарына таянып кабарлады.  Кремлден эки лидер АКШ менен Орусиянын кызматташтыгынын азыркы абалын жана келечегин, андан тышкары эл аралык проблемаларды талкуулай турганын билдиришкен. Саммит макулдашылганы 27-июнда Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун Кремлдеги сүйлөшүүлөрүнөн кийин айтылган.  Трамп менен... Читать дальше...

Таластын Үрмарал тоосунда кен казуу иштери убактылуу токтотулду

Azattyk.org 

Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында бүгүн, 28-июнда алтын кени жайгашкан Бакай-Ата районундагы Акназаров айыл өкмөтүндө жергиликтүү бийлик менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин орун басары катышкан жыйын болду. Анын жыйынтыгында аймакта кен казуу укугуна ээ “Полюс голд кейжи" аттуу компаниянын ишин убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды. - Айылдык кенештин депутаттары кен боюнча чечим... Читать дальше...

Путин Сириядан 1140 жоокер чыгарылганын билдирди

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин акыркы убакта Сириянын аймагынан 1140 жоокер, 13 аскердик учак жана 14 тик учак чыгарылганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн аскер окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган кечеде билдиргенин "Интерфакс" маалымат агенттиги кабарлады.  Орусия Сириядагы аскердик операцияларын расмий түрдө 2015-жылы күзүндө баштаган. Орусиялык аскерлер Сирия чатагында президент Башар Асад тарапта болушту. Былтыр декабрда Кремль Сирияда тирешүү басаңдап калгандыктан аскерлеринин негизги тобун чыгара баштай турганын жарыялаган. Читать дальше...

Кыргын салуучу куралды жайылтпоо маселеси Чолпон-Атада талкууланды

Azattyk.org 

Кыргын салуучу куралды жайылтпоо маселесине арналган эл аралык жыйын бүгүн Чолпон-Ата шаарында өттү. Анда Беларустан, Казакстандан, Кыргызстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана Түркмөнстандан чогулган эксперттер Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин бул багытта кабыл алынган резолюциясынын аткарылышын талкууга алышты. Талкууну уюштурууга Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Кыргызстандагы программалык кеңсеси көмөктөштү. Резолюция 2004-жылы 28-апрелде кабыл алынган.

Түркия: Кыргызстандык мугалим жыныстык ыдык көрсөттү деп шек саналууда

Azattyk.org 

Бул тууралуу жергиликтүү "Doğan" кабар агенттиги жазып чыкты. Анда 28-июнда Анталия шаарына караштуу Манавгат райондук №1 кылмыш-жаза соту кыргызстандык И.Б.га каршы ачылган доо боюнча соттук жараян болгону айтылган. Соттон 56 жаштагы И.Б. аттуу кыргызстандык 13 жаштагы окуучу кызга жыныстык ыдык көрсөттү деп айыпталып жатат. "Doğan" кабар агенттиги окуя быйыл апрель айында Манавгат шаарчасында болгонун жазат. Бирок айыпталуучу өзүнө коюлган доомат менен макул эмес экенин айткан. Сотто ал: “Мен 25 жылдан бери пианинодон жеке сабак берем. Читать дальше...

Шадиевге карата дагы бир иш козголду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди. Башкы прокурор 25-июнда ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинде ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") каралган белгилер боюнча иш козгоду. Тергөө УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылды. Шадиевге Башкы прокуратура... Читать дальше...

БУУ Йемендеги жоолашкан тараптарды жараштыруу аракеттерин улантууда

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Йемен боюнча атайын чабарманы Мартин Гриффитс шаршембиде Аден шаарына барып, өлкөдө 2014-жылдан бери согушуп жаткан эки тарапты элдештирүүгө багытталган аракеттерин улантты. Ал президент Абду-Раббу Мансур Хади жана өлкөнүн жогорку расмий өкүлдөрү менен жолугушту. Өткөн аптада Гриффитс хусит козголоңчулары менен баш калаа Санада жолугушкан, бирок алар менен бир пикирге келе алган эмес. Йемендеги куралдуу чатак 2014-жылдын аягында башталган. Жергиликтүү шийит жамааты жана... Читать дальше...

Сабалган эгиз кыздардын апасы коомчулукка кайрылды

Azattyk.org 

"Өгөй атасынан зомбулук көрдү" деген 10 жаштагы эгиз кыздардын апасы Лора коомчулуктан, бийликтен аны энелик укуктан ажыратпоону суранып жатат. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” өзү маалымдады. Лора мындан кийин кыздарын камкордукка жана көзөмөлгө алаарын айтууда. Ал оор турмуштан улам айрым учурда кыздары кароосуз калганын мойнуна алат. 27-июнда Сокулук районундагы эки эгиз кыз катуу токмоктолуп ооруканада жатканы маалым болгон. Ушундан улам кыздардын энесин укуктан ажыратуу демилгеси көтөрүлгөн.... Читать дальше...

Дастан Жумабеков: Парламент жогорку кесипкөйлүк менен иштеди

Azattyk.org 

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш бүгүн 28-июлда IV сессиясын аяктады. Соңку отурумду жыйынтыктап жатып парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков депутаттардын ишине жогору баа берди:  - Бул чакырылышта өлкө үчүн зор мааниси бар көп маселелерди чечүүдө жогорку кесипкөйлүк менен иштөөнү камсыз кыла алдык.   Ошондой эле Жумабеков парламенттин ишмердүүлүгү боюнча журналисттерге өзүнчө маалымат жыйын курарын кошумчалады. Эл өкүлдөрү кийинки сессияга ушуну менен күзүндө чогулушат. (TSh)

Парламенттен уурдалган 30 миң доллар боюнча сот башталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы 30 миң доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлыгы уурдалганына байланыштуу камалган Арсен Закировдун иши сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева билдирди. Анын айтымында, ишти Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту карап жатат. Алгачкы отурум 21-июнда болуп, иштин материалдары менен таанышып чыгууга убакыт суралгандыктан кийинки отурум 10-июлга белгиленди. Акча... Читать дальше...


Музыкальные новости
Бато Багдаев

"Вальс Победы" покажет Театр Ульгэр в честь Дня Победы, Россия, Культура Дети, Концерт





Персональные новости
Сергей Лавров

Лавров позвонил главе МИД Таджикистана. Москва и Душанбе по-разному пересказали их диалог





Ооганстанда “Талибандын” кол салуусунан ондогон киши көз жумду

Azattyk.org 

"Талибан" кыймылынын Ооганстандагы чабуулдарынан ондогон адамдын өмүрү кыйылды. Куралдуу топтун Тахар провинциясындагы кол салуусунан кеминде 14 полиция кызматкери көз жумду. Ошондой эле окуядан эки кызматкер жакарат алса, дагы алты полиция кызматкери дайынсыз болууда. Бул тууралуу губернатордун өкүлү Суннатулла Тимур билдирди. "Талибандын" басма сөз катчысы Забихулла Мужахид ал жакка талибдер кол салганын ырастады. Мындан тышкары, Логар провинциясынын жергиликтүү бийлигинин маалыматы боюнча... Читать дальше...

Тажик прокуратурасы студенттерди четке уруксатсыз чыгарбоо жөнүндө сунушту карап жатат

Azattyk.org 

Тажикстандын Башкы прокуратурасы студенттерди чет өлкөгө атайын уруксатсыз чыгарбоо жөнүндө Билим берүү министрлигинин чечимин карай баштады. Башкы прокуратура бул чечим өлкөнүн мыйзамдарына канчалык дал келерин текшерет.  Билим берүү министрлиги жогорку окуу жайларынын студенттерине жана мугалимдерине атайын уруксатсыз чет өлкөлөргө чыгууга тыюу салган чечимди жыл башында эле кабыл алып, жакында эле коомдук талкууга чыгарган. Бул кабар көп адамдарды нааразы кылып, укук коргоочулар жана жарандык... Читать дальше...

Канатбек Исаевдин бир кылмыш иши токтотулду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин камактагы депутаты Канатбек Исаевдин Токмок шаарынын мэри болуп турган учурдагы кылмыш иши токтотулганын саясатчынын кызы Бермет Исаева “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, Бишкек шаардык сотуна Канатбек Исаевдин жактоочулары 303-беренесин ("Коррупция") 304 беренесине ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") которуп, мөөнөтү өтүп кеткендиктен кыскартууну өтүнүшкөн. Сот жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырды. Мындай чечим ушул иш боюнча соттолуп жаткандардын үчөөнө карата чыгарылды. Читать дальше...

Аймира: Баламды сатууга аргасызмын...

Azattyk.org 

Жашы отуздар чамасындагы өзүн Аймира деп тааныштырган келиндин төрт баласы бар. Ал азыр курсактагы беш айлык ымыркайын багып алгысы келгендерге сатууну көздөп турат.

Трамп менен Путин жолуга турган болду

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар менен Орусия президенттери Дональд Трамп менен Владимир Путиндин саммити 16-июлда Хельсинкиде өтөт. Бул тууралуу бүгүн Кремль жарыялады. Саммит макулдашылганы 27-июнда Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун Кремлдеги сүйлөшүүлөрүнөн кийин айтылган. АКШ менен Орусиянын президенттеринин алгачкы саммитинде кайсы маселелер талкууланышы мүмкүн?

Арменияда Күзөт кызматынын мурдагы башчысы эки айга камалды

Azattyk.org 

28-июнда Ереван соту Армениянын мурдагы президенти жана премьер-министри Серж Саргсяндын Күзөт кызматынын башчысы Вачан Казарянды эки айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу Армениянын атайын тергөө кызматы билдирди. Тергөө мекемеси Казарянды мыйзамсыз жол менен байыган деп айыптап жатат. Вачан Казарян 25-июнда Ереванда кармалган. Тинтүү учурунда анын жанынан 120 миң доллар жана 486 миллион армян драмы (900 миң доллар) табылган. Ал акчаны өзүнүн банктагы эсебинен алганын, бирок эсептин чыныгы ээси башка адам болгонун билдирүүдө.

Спорт в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о чемпионате по профмастерству в авиастроении


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Андреева обыграла Паолини и вышла в 1/4 финала турнира WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Воспитанник Московского дворца пионеров стал лауреатом конкурса «Эксперимент в космосе. Космос для всех»





Путин в России и мире
Москва

Участников СВО обучат для работы в органах власти


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

В Минске одобрен проект соглашения о системе таможенного транзита ЕАЭС




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Бато Багдаев

Культура России: как прошёл конкурс бурятского языка для детей в Бурятии?



Москва

В канун Пасхи в Россию доставят одно из главных православных чудес

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net