Украин бийлиги Львовдун жанындагы цыгандардын конушуна жасалган кол салууну Орусиядан көрдү. 25-июнда белгисиз бирөөлөрдүн кол салуусунан бир киши каза таап, беш-алты адам жаракат алышты. Полиция цыгандардын чатырларына өспүрүмдөр кол салышканын билдирди. Шектүү делген он чакты адам кармалды. Алардын баары неонацисттер тобунун мүчөлөрү экени маалым болду.
Украинанын ички иштер министри Павел Климкин “Орусия Украинаны адам укуктарын коргобогон радикал мамлекет катары көрсөткүсү келет. Биз Москванын... Читать дальше...
Орусия Кыргызстандын чек ара бекеттерин оңдоого 48 миллион доллар өлчөмүндө материалдык көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу парламентте Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирди. Анын айтымында, Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында ушундай жардам көрсөтүлүп, ага төрт чек ара бекети оңдолот.
Жогорку Кеңештин депутаттары бул жардамдын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө зарыл экенин белгилешти.
Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине кошулуп жаткан учурда өлкө экономикасына... Читать дальше...
Пенсиясына кошумча төлөм алып жүргөн Коргоо министрлигинин башкы штабынын мурдагы башчысы генерал-майор Нуридин Чомоев мамлекетке келтирген чыгымды төлөп берди. Мындай маалыматты Аскердик прокуратура тастыктады.
Буга чейин Аскердик прокуратура жасалма документтердин негизинде мамлекеттин эсебинен жеңилдиктерди алып келген бир нече аскер кызматкерлери боюнча кылмыш ишин козгогон. Алардын арасында генерал Чомоев да бар болчу. Бул аскер кызматкерлери "Ооганстанда кызмат өтөгөн" деп пенсиясына кошумча... Читать дальше...
Ирандын президенти Хасан Роухани өкмөт Кошмо Штаттар киргизген экономикалык санкцияларга "туруштук бере алат" деп өз элине убада берди. Бир күн мурда соодагерлер парламент имаратынын алдына чогулуп, улуттук валютанын наркы кескин төмөндөп кетишине нааразылык билдиришкен.
Вашингтон Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк макулдашуудан чыкканын жарыялагандан кийин, Тегеранга каршы экономикалык санкциялар кайра калыбына келтирилерин билдирген.
Роухани санкциялар өкмөттүн кирешесине тоскоолдук боло албаганын айтып... Читать дальше...
Башкы прокуратуранын билдиргени боюнча, жемкорлук, мамлекеттик каражатты кымырып алган кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар атайын базада сакталат. Ал реестрге 1996-жылдан 2018-жылдын биринчи кварталына чейинки электрондук базада турган тиешелүү кылмыш иштери киргизилди.
Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” ал маалымат базасы коомчулук үчүн жабык болорун маалымдады.
Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылы жемкорлуктун айынан мамлекеттик казына 670 млн. сом зыян тартканын маалымдаган. Читать дальше...
Армениянын мурдагы президенти Серж Саргсяндын иниси Александр Саргсян камактан чыкты. Бул тууралуу "Азаттыктын" армян кызматына полициянын коомчулук менен байланыш башкармалыгынын жетекчиси Ашот Агаронян билдирди. Ал ошондой эле экс-президенттин бир тууганынан табылган куралдын мыйзамдуулугу текшерилип жатканын кошумчалады.
25-июнда Ереванда Александр Саргсян кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген. Ага "мыйзамсыз курал алып жүрөт" деген кине коюлган.
Ага удаа эле экс-президенттин дагы бир иниси... Читать дальше...
Армениянын мурдагы президенти Серж Саргсяндын иниси Александр Саргсян камактан чыкты. Бул тууралуу "Азаттыктын" армян кызматына полициянын коомчулук менен байланыш башкармалыгынын жетекчиси Ашот Агаронян билдирди. Ал ошондой эле экс-президенттин бир тууганынан табылган куралдын мыйзамдуулугу текшерилип жатканын кошумчалады.
25-июнда Ереванда Александр Саргсян кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген. Ага "мыйзамсыз курал алып жүрөт" деген кине коюлган.
Ага удаа эле экс-президенттин дагы бир иниси... Читать дальше...
Орусиялык ишкер, президент Владимир Путиндин досу саналган Евгений Пригожиндин "Конкорд менеджмент жана консалтинг" компаниясы Вашингтондогу соттон ишканага тагылган айыпты алып салууну суранды. Атайын прокурор Роберт Мюллер орусиялык бул ишкананы АКШдагы президенттик шайлоого "кийлигишүү үчүн пропаганданы каржылаган" деп айыптаган.
Адвокаттар Мюллердин дайындалышын мыйзамсыз деп, "Конкорд менеджмент жана консалтинг" компаниясын кандайдыр бир "кутумга" катышкан деп айыптоого тиешелүү укугу жоктугун белгилешкен. Читать дальше...
Йемендин Амран шаарына абадан коюлган чабуулдардан тогуз киши курман болду. Жергиликтүү тургундар Сауд Арабиясы баштаган коалиция абадан сокку уруп жатканын айтышууда. Курман болгондордун көбү балдар жана аялдар. Оорукананын өкүлү жабыркагандардын саны жыйырмага чукул экенин билдирди.
Аскердик лагерге, полиция бекетине, почта бөлүмүнө да абадан сокку урулду. Амран шаарынын бийлиги өлгөндөрдүн санын жашырып, журналисттердин калаага киришине бут тосту. Эки жума мурун ушул эле коалициянын аба чабуулдарынан... Читать дальше...
Башкы прокуратура "уурдалган илимий изилдөөлөрдү каржылады" деп Билим берүү министрлигине караштуу Илим департаментинин жетекчилигине кылмыш ишин козгоду. Көзөмөл мекемеси 40тан ашуун иш плагиат менен жазылганын билдирүүдө. Ал эми Илим департаменти бул айыптоого макул эмес.
Башкы прокуратура "уурдалган илимий изилдөөлөрдү каржылады" деп Билим берүү министрлигине караштуу Илим департаментинин жетекчилигине кылмыш ишин козгоду. Көзөмөл мекемеси 40тан ашуун иш плагиат менен жазылганын билдирүүдө. Ал эми Илим департаменти бул айыптоого макул эмес.
Бишкек шаардык сотунун коллегиясы “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн мурдагы ээси Александр Кимге карата райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин Свердлов райондук соту 20-февралда Александр Кимди алты жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.
Алты жылдык шарттуу жазанын эки жылы сыноо мөөнөтү болуп эсептелет. Ошондой эле сот аны "Рубикон» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Александр Рябушкинге 27 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген болчу.
Александр Кимге карата Кылмыш-жаза... Читать дальше...
Европа кеңешинин баш катчысы Турбьёрн Ягланд орус абагында отурган украин режиссеру Олег Сенцовго ырайым берүүнү өтүнгөн расмий кайрылуусун жиберди. Бул тууралуу “Америка үнү” радиосуна Европа кенешинин басма сөз кызматы билдирген. 20 жылга эркинен ажыратылган Сенцов 42 күндөн бери ачкачылык кармап жатат.
Баш катчы Ягланд Адам укуктарынын европалык конвенциясына ылайык ырайым берүү жөнүндө өтүнүч кат жиберүүгө укуктуу.
20-июнда Ягланд Москвада тышкы иштер министри Сергей Лавров жана акыйкатчы Татьяна Москалькова менен жолугушуп... Читать дальше...
Ирмтрауд Гучке - германиялык адабиятчы жана журналист. Ирмтрауд айым - Чыңгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсүн изилдеген үч китептин автору. Улуу кыргыз жазуучусунун чыгармаларына немис адабиятчысынын кызыгуусунун сыры эмнеде?
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кыргызстан менен Казакстандын чек арасын демаркациялоо боюнча келишимдин долбоорун талкуулоону кийинкиге жылдырды. Буга эки өлкөнүн ортосундагы чек араны демаркациялоо иши толук бүтпөгөнү себеп болду.
Өкмөттүн чек араларды тактоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Курбанбай Искандаров тактоо иштери 50 пайызга аткарылганын билдирди.
Депутаттар Таластагы, Токмоктогу чек ара сызыгы такталып бүтмөйүнчө долбоорду парламентке алып келүү эрте экенин белгилеп... Читать дальше...
Жумгалдын Миң-Куш айылында көчкү коркунучу бар уран калдыктары сакталган аймактагы 23 үй-бүлө коопсуз жайга көчө элек. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов менен жолугушкан учурда билдиргенин фракциянын басма сөз бөлүмү кабарлады.
Маалыматка ылайык, өкмөттөн үй-бүлөлөрдү көчүрүш үчүн 200 миң сом бөлүнгөн. Бирок жергиликтүү тургундар ал каражат жаңы там салууга жетишсиз болуп жатканын айтышууда. (TSh)
Былтыр январь айында “Манас” аэропортунун жанында кулаган “Боинг” учагында Кыргызстандын жарандарынын жүгү болгон эмес. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов парламент комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учак кулаганда ташылып келаткан жүк күйүп кеткен. Ал эми учактан учкучтары отурган кабинетте табылган документтер боюнча Украина, Израил, Испания сыяктуу өлкөлөргө таандык жүк ташылып келе жаткан. "Жүктүн ээлеринин арасында Кыргызстандын жарандары болгон эмес”, - деп билдирди Калилов. Читать дальше...
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдына казакстандык блогер Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоого байланыштуу нааразылык акциясына чыкты. Ал кыргыз бийлигинен Тунгышбаевге башпаанек берүүнү талап кылып жатат. Токтонасыровдун айтымында, блогердин башпаанек суроо маселесинде УКМК жолтоо болуп жатат.
25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активист жана блогер Муратбек Тынгышбаевди экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын чечимин колдогон. Читать дальше...
Ала-Бука районундагы Иштамберди кенинде мыйзамсыз алтын казуу фактысы боюнча быйыл февраль айында козголгон кылмыш иши кайра жанданды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди.
Маалыматка ылайык, кенди иштеткен кытайылык “Фулд Голд Майнинг” ишканасы быйыл 20-февраль түнү Чаткалдын Кызыл-Токой айылынын элүүдөй тургуну келип, өзүм билемдик менен кен казып кеткени жөнүндө милицияга арыз жазган. Бул боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок кийинчерээк кытайлык компания... Читать дальше...
Бүгүн Молдованын баш калаасы Кишиневдо нааразылык акциялары уланары кабарланды. 25-майда Молдованын Жогорку соту баш калаанын жетекичисин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. 3-июнда өткөн шайлоонун экинчи айлампасында батышчыл саясатчы Андрей Нэстасе жеңип чыккан.
Дүйшөмбүдө нааразылык акциясына чыккандар Жогорку соттун алдына топтолуп, “Революция!” деп кыйкырып жатышты. Нэстасе тарапкерлерин шейшембиде да соттун алдына келүүгө чакырды.
19-июнда сот эки талапкер тең "добуш берүү жүрүп жаткан... Читать дальше...
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) казакстандык блогер Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоого иши бир айга созулушу мүмкүн экенин маалымдады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” мындай деди:
- Экстрадициялоонун шарттары көп, 1-2 күндө эле жиберилбейт. Азыр бизде эле. Эки тарап кат алышып, макулдашкандан кийин ишке ашат. Өткөрүп берүү боюнча так күн айтылбайт.
25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активист жана блогер Муратбек Тынгышбаевди... Читать дальше...
Бүгүн Жумгал райондук администрациясына чогулган жүздөй айдоочу Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр ташуу боюнча бийликке нааразычылыгын билдирип чыгышты.
Алардын айтымында, ЖЭБге көмүр ташуу үчүн өкмөт бекиткен тоннасына 1200 сомду Кара-Кече көмүр кениндеги ишканалар 800 сомдон төлөп жатышат. Айдоочулар өкмөт талаптарын аткарбаса Кара-Кечеден көмүр алып келген оор жүк ташуучу автоунаалардын жолун тосо турганын эскертишти.
Аларга Жумгал районунун акими Адыл Сапаров маселени өкмөткө жана парламентке жеткирээрин убада кылды. Читать дальше...
“Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары анын ишин жаңы жагдайлар боюнча кароодон баш тарткан Башкы прокуратуранын чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылат. Бул тууралуу саясатчынын адвокаттарынын бири Таалайгүл Токтакунова “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, Башкы прокуратура ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра кароодон баш тарткан соң Текебаевдин жактоочулары сотко кайрылууга укуктуу экенин билдирген. Бирок Бишкектин Октябрь райондук соту бул боюнча арызды өндүрүшкө алуудан баш тартты. Читать дальше...
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Анын маалыматына ылайык, 25-июнь күнү куткаруучулар Кустанай көчөсүндөгү №1 автобазанын аймагындагы кудуктардын биринен аялдын сөөгүн алып чыгышкан.
Милициянын билдиргени боюнча ал Б.С. аттуу шаар тургуну болгон. Учурда анын өлүмүнүн себептери иликтенип жатат. (TSh)
Касаткина о романе Синнера и Калинской: рада, больше ничего не хочу говорить
Загрузка...
123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.
Белорусская филармония и хор готовы приехать на гастроли в Алтайский край — Лукашенко
123ru.net — международная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.