Айгүл Рыскулова КМШнын Экономикалык кеңешине кызматка барды
Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Айгүл Рыскулова Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешиндеги комиссияда Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. 4-февралда тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Буга чейин ал кызматты Зина Асанкожоева аткарып келген. Айгүл Рыскулова Бишкек шаарынын вице-мэринин кызматынан 2018-жылы кеткен. (TSh)