Меркел: Иран боюнча кырдаалдан чыгуунун саясий жолдорун издеш керек
Эл аралык коомчулук Иран боюнча түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун саясий жолдорун издеп табышы керек. Германиянын канцлери Ангела Меркел бүгүн, 22-июнда ушудай пикирин билдирди. - Биринчиден, менде үмүт бар. Экинчиден, мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чеги жок деп айта албайбыз. Саясий чечим болушу зарыл. Биз дал ошону ойлоп жатабыз, - деди ал. Меркелдин айтымында, бул маселе "Чоң жыйырманын" (G20) 29-июнда Жапонияда өтө турган саммитинде талкууланат. 20-июнда Иран АКШнын учкучсуз учагы өлкөнүн аба мейкиндигин... Читать дальше...
