Казакстанда кармалган депутат тууралуу маалыматты төгүндөө талабы коюлду
Жогорку Кеңештин “Республика - Ата-Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров парламенттин маалымат катчысынын депутаттын кармалышы тууралуу айткандарын төгүндөөсүн талап кылды. Сабиров мындай пикирин бүгүн парламенттеги жыйында төрагага кайрылып билдирди: - Жогорку Кеңештин маалымат кызматы “депутат Дамирбек Асылбек уулунун кармалышына парламенттин тиешеси жок, биз карабайбыз” деп айтканы интернетке чыгып кетти. Ушул нерсени төгүндөп, маалымат бердиртип койсоңуз. Анткени биз комитеттен карадык, фракция карап жатат, сиз кат жөнөтүп жатасыз. Читать дальше...
