Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Пресс.kg
Декабрь
2023
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22 23 24 25 26 27 28 29 30
31

Бүгүнкү көчмөндөрдүн аялдары бактысыз, эркектери таш боор… №43, 01.07.08-ж.

0

Марие Жаул дө Поншевил:

Бул маекте «Теңир» деген аталыштагы Кыргызстанда тартылган франциялык эң алгачкы толук метраждуу көркөм тасманын режиссеру Теңирчилик, жайлоодогу өзгөргөн турмуш чындыгы, жана өз ата-бабаларынын азиялык теги тууралуу сөз кылат. Буга чейин Монголияда жана Тибетте бир катар тасмаларды тарткан Дө Поншевилге Парижде Жаңыл Жусубжан жолугуп, мына бул суроолор менен кайрылды:

Жаңыл Жусубжан-Тасмаңызды эмне үчүн «Теңир» деп атадыңыз?
Марие дө Поншевил- Көкө Теңирди ички азиялык көчмөндөр туу тутушат. Теңир мага өтө жакын түшүнүк. Өзүм динчил эмесмин, дин элдерди бир бирине касташтырат, согуштарга жана кыйроого алып келет.
Теңир түшүнүгү мен үчүн көк асмандын өзүндөй чексиздикти жана кол тийбес ыйыктыкты билдирет. Ар бир адамдын көкүрөгүндө мына ушундай ыйыктыктын учкуну бар, ошондуктан ал бир келип кеткен жашоодо жоопкерчиликти сезип жашайт. Биз, адам баласы, ушуну көз ирмемге да унутпастан, өтө жупуну жүрүшүбүз керек. Теңирчилик Кыргызстанда жакшы белгилүү болгон түшүнүк, бүгүн бул ишеним кайра жаралып жатат.
ЖЖ-Бул фильмди эмне үчүн тарттыңыз?
МП- Мен ар дайым Борбор Азия аймагына кызыкчумун. Кыргызстан тууралуу көп окудум, мурдагы президент (Аскар Акаев) Францияда болгондо, мени «Кыргызстанга келиңиз» деп чакырган. Айтор, өзүм эле бир күнү жазып баштадым. Кыргызстанга улам кайра бардым, эл арасында жүрүп, алардын айткандарын уктум. Анан сценарий жазып, анын структурасын тууралаган адис менен иштештим. Айтор, бул өзүнөн өзү эле болуп калды.
ЖЖ-Каармандардын кыймыл-аракетин жаза баштаганда эле, алар өздөрүнчө «жашап» кетиштиби?
МП- Мен Арал деңизи тууралуу көп нерселерди окугам. Бул тема мени абдан кызыктырчу. Бул (экологиялык алаамат) сөөктү сыздаткан трагедия эмеспи. Мен ошол аймактан бирөөнүн жашоосун тартсам деп ойлочумун. Жайлоонун жашоосун да Монголиядан жакшы билем. Кыгрызстандын тоолорунда кыздар менен таанышып, аялдар менен сырдаштым. Бишкекте да көп нерсени уктум. Ошентип, (Францияга) кайтып келгенде, сценарийди кайра жаза баштадым, андагы окуялар кадимкидей көз алдыма тартыла баштады.
Мен үчүн жашоодо өтө маанилүү нерселер бар. Мисалы мени аялдардын тагдыры өтө кабатыр кылат. Өзүм жалаң эркек бир туугандарымдын арасында өстүм. Ага-инилеримдей каалаган окууну окуп, алдыма максаттарды коюп, ошолорго жете алгыдай болсом деп самачумун.
Бирок бойго жеткенден кийин, көп учурда турмуш бөлөкчө экенин билдим. Жасаган жумушум үчүн сый-урматка ээ болуу үчүн мен алда канча көп күч жумшашым керек болду, эч качан эркектер менен бирдей айлык болгон жок. Мындай нерселер мени абдан капа кылчу. Дүйнөдө бардык өлкөлөрдө абал ушундай. Мен ушул түшүнүктү да Теңир тасмасынын концепциясына киргизгим келди.
Мындан тышкары, мен көп жерлерди кыдырдым, (Франциянын азыркы тышкы иштер министри Бернард Кушнер түзгөн) «Чегарасыз дарыгерлер» уюму менен көп иштештим. Мен барган өлкөлөрдүн өнүгүү деңгээли мени дайым кызыктырчу. Тилекке каршы, эң бир татынакай өлкөлөр дайым жарды, экономикалык жактан Европа менен Америкага салыштырмалуу алсыз. Ушундан улам мен эбак эле «ушул өлкөлөрдө көп убакыт болом, алар тууралуу Европага маалымат жеткирем, эли адамгерчиликтүү ушул мамлекеттер тууралуу кабар бизге да жетсин» деп чечкем. Монголия, Тибет, Сибир элдеринин меймандостугу жүрөгүмдүн түпкүрүндө жылуу сезим калтырды. Мен мына ушул ченемсиз меймандостук тууралуу да сөз кылгым келчү.
Бирок буга чейинки тасмаларыма караганда, «Теңир» фильминин маанайы бир аз салыңкы болуп калды. Менимче, бул аялдар менен эркектердин алакасы татаал экендигинен болду деп ойлойм. Мен тасмамда көрсөткөн жайлоо жер үстүндөгү бейиштин төрү эмес.
ЖЖ-Мен үчүн жайлоо ар дайым эң бир ак ниет, аруу, таза адамдар жашаган жерди, көздүн жоосун алган жаратылышты билдирет. Кыздары шаңдуу, келиндери ыйбаалуу, энелери мээримдүү, жигиттери шамдагай, аталары оокатчыл жана камкор…
МП- Жок, бүгүн жайлоодо аялдар бактылуу эмес, эркектери таш боор. Муну мен өзүм көрдүм. Мен дайым «Эмне үчүн эркектер бийлик, бирөөгө үстөмөн болсом дегенде ичкен ашын жерге коет?!» деп ойлочумун. Мен бийликти эңсебейм, бирок теңдик, акыйкаттык болушу керек деп эсептейм. Бул дүйнөдө телегейи тегиз эч ким жок, Францияда да жок. Ишканаларда, мекемелерде керээлден кечке жан сабап иштегендердин баары ушундай сезимде жүрүшөт. Франциянын өкмөтүн карагылачы, 2-3 аял бар — бул таптакыр акыйкаттыкка жатпайт. Менимче эркек менен аялдын мамилеси көңүл жылытаарлык эмес.
ЖЖ-Ошого карабастан, көчмөн элдердин кыздары эр жүрөк жана эркин деп саналат эмеспи…
МП- Бир замандарда болсо болгондур, бирок дин өтө күч алган жерде аялдарды кор тутушат. Анткени, дин адатта аялдардын эмес, эркектердин тарабында болот. Аял бала төрөп, оокат кылып, бардык оор жумушту жасайт. Бирок ал өзүнүн ким экенин билет, аял — мээрман жана берешен. Түпкүлүгүндө аял бийликке умтулбайт. Көчмөндөргө дин келгенде, ал дин эркектерге акча берсе, бул бүт элдин турмушун бузат.
ЖЖ-Кандай акча тууралуу айтып жатасыз?
МП- Мен андай кишилерге жолуктум, жашоосунун маңызын жоготуп койгондорду. Менин фильмимде ошондой бирөө бар. Аны мусулман экстремисттер жалдап, согуштарга жиберишет. Ал кишинин турмушу бүт бузулат. Ал кадимки жашоосуна кайтып келет, бирок аялын сүйө албайт, балалуу боло албайт, бактысыз. Аялы да бактысыз…
ЖЖ-Сиз өзүңүздүн режиссер катары жасаган билдирүүңүздө «Европага дайым Азиядан элдер келет, бирок аларга Европада орун табылбайт. Анан алар кайда кайтып кетишет?» деп сураган элеңиз. Сиздин ата-бабаларыңызга орун табылыптыр го Европадан?!
МП- Бул тээ эбак болгон окуялар. Менин чоң атам «Биз Күн Чыгыштан келгенбиз!» деп айтар эле. Укмуш нерселерди саймедиреп айтып берсе, биз жантыгыбыздан жата калып укчубуз. Анын баары түшүмө кирчү.
ЖЖ-Чоң атаңыз айткандын канчасы чын?
МП- Мен билбейм, бирок анын шакеги болор эле, бетинде жети төрт бурчтук чегилген. Чоң атам «Мына, көрдүңөрбү? Бул монголдордун эмблемасы, демек биздин ата-бабаларыбыз Чыңгызханга жакын мансаптуу кишилер болгон» деп калчу. Тамашалап айтчу, бирок бул чындык. Көп убакыт мурда болгон. Атам муундан муунга айтылып келген кепти мага калтырып кетти.
ЖЖ-Сиз Монголияда, Ички Азиянын башка жактарына көп барып жүрөсүз. Түпкүлүгүңүз ошол жактан экенин сездиңизби?
МП- Сездим. Бир жолу Тибетте жүргөндө, Миниак Конга деген улуу тоонун этегине токтолдум. Чоң атамдын ысмы да ушундай болчу! Көзүмөн жаш чуурду. Бир аз бассам, чакан бир үй турат, ичине кирсем бир кечил отурат. Жүзүнө күндүн нуру түшүп турду. Мен анын маңдайында отуруп, ыйлап атам. Же тилин билбейм. Маңдайымда чоң атам отургандай сезилди. Көп жүз жылдардан кийин үйүмө кайтып келгендей болдум. Менин чоң атамдын ата-теги чыккан жерде жүргөндөй болдум. Ушундай өтө таң калыштуу окуя болгон…
ЖЖ-Анан Тибет менен алакаңыз эмне болду? Сизди камакка алышып, анан качып чыктыңыз?
МП- Тибет менен мамилем күчтүү бойдон эле. Камакка алуу кеп кылууга деле татыбайт. Тибет менен чегарадагы Чанду деген шаарда 3 ай турдум, жыла бастырбай кайтарышат. Анан америкалык консул келип «бүгүн түнү менен кач» деди. Ошентип, тарткан киномдун үн тасмасын көкүрөгүмө кыскан бойдон качып чыктым. Консул мени Бейжинге жөнөттү. Кийин кайтып келдим, тасмамды Кытайдан алып кетүүгө уруксат беришти.
ЖЖ-Сиздин соңку «Теңир» тасмаңызды Парижден көрсөткөндө, көрүүчүлөрдүн арасында ошол кезде көрсөтмө менен Францияда жүргөн кыргыз сүрөтчүсү Асангул Байгазиев да болуптур, ал мага «Теңирди көрүп ыйладым» деп айтты. Демек сиз өтө күчтүү фильм тарткан экенсиз да?!
МП- Эсимде, Асангул аябай ыйлады. «Кантип ушундай кино тарттыңар, билбейм, бирок бул Кыргызстандын портрети болуптур, өтө күчтүү фильм болуптур» деди. Бул сөздөрдү укканда мен өзүмдү өтө бактылуу сездим.
Маектешкен Жаңыл Жусубжан,
Париж, 21-июнь, 2008-жыл.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин: В этом году к проекту «Открой#Моспром» присоединился один миллион человек


Спорт в России и мире
Москва

В Москве вручили премию МУЗ-ТВ — 2024


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Сафиуллин не смог пробиться во второй круг турнира ATP в Штутгарте


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Синоптик Ильин предупредил, что в Москве этим летом возможно образование смерчей





Путин в России и мире
Москва

Глава МИД Турции обсудил в Москве курдские «выборы» в Сирии


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

За что Лукашенко должен извиняться перед Арменией?




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Рэпер ST

Рэпер ST встретился с участниками «Российской студенческой весны» в Ставрополе



Москва

Минздрав России принял неожиданное решение: в хлеб на прилавках начнут добавлять особое вещество

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net