№01, 20.04.10. • «Биримдик» гезити
Бир собол… — Бакиев жана анын жакындары кылмыш жообуна тартылаарына көзүңүз жетеби? Дастанов Сапар...
The post №01, 20.04.10. • «Биримдик» гезити first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.
— Бакиев жана анын жакындары кылмыш жообуна тартылаарына көзүңүз жетеби?
Дастанов Сапар
— Канча элибиз кырылып кетти. Карачы, мынабу темирге тийген окторду. Бул го темир экен, ооруканаларда канча жарадарлар жатат. Жакшы болбоду. Жооп бериш керек. Кетип каякка барат?
Акенов Жоомарт
— Бакиев жана анын жакындары канчалык деңгээлде капсалаңдуу окуяга күнөөлүү болсо, оппозициянын лидерлери да ошончолук деңгээлде күнөөлүү деп эсептейм. Анткени, элди көтөрүп чыкпаганда, мынчалык кан төгүү болбойт эле. Бакиевди кетирүүнүн башка жолдорун иштеп чыгышса болмок.
Абдымомунова Курманбүбү
— Жаңы бийлик будамайлап жибербесе эле, сөзсүз түрдө жоопко тартылыш керек. Бүгүн неберелеримди атайын аянтка курман болгондорго куран окуттуруп алып келдим. Эр-азаматтарыбыз Бакиевдин бийлигин кулатыбыз деп ушундай ишке барышты.
Бейшеев
Урмат
— 7-апрелде менин агам кайтыш болгон. Биздин бирден бир талабыбыз Бакиевдерди кылмыш жообуна тартуу. Убактылуу бийликтин иши канааттандыраарлык эмес. Бакиевдерди качан мыйзам чегинде жазага тартат, ошол күнү эл тынчыйт. Биз ошого чейин аянтта турабыз.
The post №01, 20.04.10. • «Биримдик» гезити first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.