Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Пресс.kg
Декабрь
2023
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22 23 24 25 26 27 28 29 30
31

Мода куубаган, досторун сатпаган тележурналист Асел Мамбетова 25.12.08

0

Өзүм
Учурда УТРКнын «Ала- Тоо» аналитикалык борборунда шефредактор жана аталган программанын жыйынтыктоочу чыгарылышын орус тилинде алып барам, көрсөтүүнүн авторумун. Өзүмдү ата-энемдин сүйүктүү кызы, биртуугандарымдын жароокер эжеси, кесиптештер арасында адис, көп жылдан бери студенттик күндөрүмдү кыйбагандыктан, студенттердин арасында студент катары эсептейм. Иштеген ишимде жоопкерчиликтүү болгонум менен ата-энемдин алдында эркемин. Бул мүмкүн үйдөгүлөрдүн улуусу болгондугумдан болсо керек. Анан албетте, биртуугандарыма насаатчымын. Коомдун ар кыл тарабынан караганда, турмушка активдүү, кыргыз жаранымын.
Калп
Калп айталбайм. Бирөөнүн көңүлүнө карап да, калп айткан эмесмин. Калп айтканда жүзүмдөн, эмоциямдан билинип кала тургандай сезилет. Чыгармачыл адам болгондон кийин кээде калп айтуу деле керек болот чыгар, анткенге дитим барбайт. Бул турмушта Кудайдын астында күнөөлүү болбоюн деп калп айтууга аракеттенбейм дагы.
Ушак
Ушактан алысмын. Туура эмес кылган, же туура эмес сүйлөгөн адамдын артынан шыбап, актанып олтурбайм. Андан көрө бетине айтып, жаман көрүнсөм да айтарымды айтам. Өзүм жөнүндө айтылган ушактарга көңүл бурбайм, ишенбейм дагы. Анткени, чыгармачыл адамдар эл көзүндө болгон соң, аларды ар кандай ушактар ээрчийт. Ушак-айыңдарды угуп, акылыңды, көңүлүңдү, жүрөгүңдү алдыра берсең, олуттуу болгон жумушуң, мансабың (карера) 2-3-орунга, керек болсо арткы орундарда кала берет. Мен биринчи орунга жумушумду, ата-энемди, биртуугандарым жана досторумду коём.
Көз жаш, кайгы
«Турмушта ак-кара бирдей жүрөт» дегендей, жакшылык менен жамандык, бактылуу кез, кубаныч, аза күтүү, кайгы дайым аралаш. Адам болуп жаралгандан кийин аза күтүү, кайгы, көз жаш дегендерге ар убакта даяр болуш керек. Жамандыкты кечинен берсе дейм. Турмушумда көп кыйынчылыктар болгон. Кездешкен кыйынчылыктарды ата-энемдин жардамы, күчү жана кайратуулугум менен жеңген экем деп коем. Адамдын кыйналган же ооруп ыйлап турганын көргөндө, көрмөксөнгө салып, басып кете албайм. Колуман келсе, жардам бергим келет. Жок дегенде «жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет» дегендей, жакшы сөзүм менен ал адамды колдоп, жардамдашканга умтулам.
Сүйүү
Сүйүү жаатында жеке турмушум жөнүндө айткым келбейт. Сүйүү деген ар кандай сезим. Мисалы, ыйык ата-энени, биртууганды, мекенди сүйүү менен аял, эркектин ортосундагы сүйүүнүн айырмасы асман, жер сыяктуу. Ал эми маданиятка, искусствого, спортко болгон кызыгуу, сүйүүлөр ар башка. «Аял менен эркектин ортосунда ыйык сүйүү барбы?» дегендерге, «сүйүшкөн эки жүрөк түбөлүккө бир болбой калганда, сүйүү жүрөктө сакталат, өчпөйт, ички сезим өмүр бою ыйык бойдон калат. Эгер сүйүшкөн эки адам чогуу болсо, ортодо ишеним, сезим пайда болуп, турмуштун кыйынчылыгына, оор кыйчалыштарына аралашып, сүйүү түбөлүккө сакталбай калабы?» деп жооп берер элем.
Өч
Өч деген сөздүн өзүнөн кооптоном. Апамдын тарбиясынанбы, турмушта ар кандай нерселер болгондо жаштык кылып, ачууланып, түркүн ойлорго жетеленсем, апам: «өч алам деген адамзатына туура келбеген нерсе, канчалык кечиримдүү болсоң, кудай колдойт» дечү. Ойлоп көрсөм, чынында адамга, өзгөчө аялзатына туура келбеген сапат экенин сездим. «Таш менен урганды аш менен ур» дегендей, жамандык каалаган адамга жакшылык кылсаң, Кудай өзү таразалап коет. Коомдо деле өч алуунун арты, амбицияга айланып кетиши ыктымал. Амбицияга айлангандан кийин, ал жамандыкка алып келет.
Мода
Мен мода куубайм. Университетте бир эжебиз «модадан эрте же кеч жүрүү керек» деп айтканын көп эстейм. Апамдын жаш кезинде кийген кийимдерин, кийин мода болуп мен кийгем. Ошондо эч ким «бул эски кофта, илгерки фасон экен» деп айткан эмес. Мода улам кайталана берчү нерсе. Мисалы жакшы кийим алсаң, ошого өңдөш шарф алып тагынсаң деле мода болот.
Достук
«Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос баркка жетпейт» дегендей жаңы досторум жок. Бирок, бардык адам менен тил табышып, аралашып кетем. Мени кыйынчылыкта колдогон эски досторум бар. Бири-бирибиздин ким экенибизди жакшы билип, аларды адам катары таанып алгам.
Эс алуу
Эл эс алган ишемби, жекшемби күндөрү мен дайыма иштейм. Жоопкерчиликтүүлүгүмөн эс ала турган күндөр болсо да эс алууга мүмкүнчүлүгүм келбейт. Убактым болсо, тоодо, шаркыратманын жээгинде, жаратылыш кучагында эс алганды жактырам.
Үйдө
Аялзатына тиешелүү үй жумуштарынын бары колуман келет. Жумуштан үйгө барып, босогону аттагандан баштап, жумуштагы ойлорумду таштап, үйдөгү маселелерди чечүүгө бел байлайм.
Алсыздык
Адамга ишенип алам. Ишеним болмоюн жашоо болбойт дечи, бирок кээде мага тийген кесепеттен улам ишенчээктигим менин алсыздыгым окшойт деп калам.
Байлык
«Байлыкка кызыкпайм» десем, окшошпой калат го. Ар бир адам жетишкендик, барчылыкты каалап, өз нысабына жараша байлыкка умтулса керек. Ошентсе да байлыктын артынан түшүп алгым келбейт. Мен каалаган байлык — азыркы менин жашоом. Ата-энем, биртуугандарымдын денсоолугу, амандыгы, коомдогу ордум, иштеген ишим да мага кол жеткис байлык. Болбосо, акчасы бар, бирок жандүйнөсүнүн тынчтыгы, ата-энеси, денсоолугу жок, коомду мындай кой, досунун жүрөгүнөн орун ала албаган көп эле адам жүрбөйбү.

Жазгүл КАРБОСОВА






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин: В этом году к проекту «Открой#Моспром» присоединился один миллион человек


Спорт в России и мире
Москва

Московские школьники завоевали четыре медали на престижной Международной олимпиаде


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублёв пропустит Олимпийские игры в Париже


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Перечислены виды транспорта, которые выпускаются в «Технополисе Москва»





Путин в России и мире
Москва

Путин по телефону обсудил с президентом Киргизии взаимодействие в рамках ЕАЭС


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

За что Лукашенко должен извиняться перед Арменией?




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Фёдор Шаляпин

«Всю жизнь я зарабатывал пением и… легким аферизмом». Прохор Шаляпин раскрыл источники дохода в шоу «Вкусно с Анфисой Чеховой» на ТВ-3



Москва

ZDF: Между Шольцем и Бербок возник конфликт из-за России

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net