“Жэй-энд-Жэй” (J&J) компаниясы бир гана жолу эмделчү вакцина сунуштайт
COVID-19 илдетине каршы атаандаш вакцина өндүрүү жүрүмүнө дары-дармек чыгаруучу “Johnson & Johnson” (кыскача “Жэй-энд-Жэй”; J&J) компаниясы да кошулду. 29-январда бул компания таркаткан билдирүүгө караганда, ал иштеп чыккан вакцина бир гана ийне саюу менен коронавируска каршы иммунтетти жогорулатууга көмөк кыла алат. Вакцина таңкыстыгы маалында бул дары заттын да мааниси зор. АКШда жана дагы башка 7 өлкөдө өткөрүлгөн сынактар анын натыйжалуулугу орточо симптому бар бейтаптар үчүн 66 пайызды көрсөтөөрүн... Читать дальше...