Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Январь
2021

Новости за 26.01.2021

Кыргыз эл акыны Рамис Рыскулов дүйнөдөн кайтты

Azattyk.org 

Кыргыз эл акыны, сүрөтчү Рамис Рыскулов 26-январдын түнүндө 87 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул маалыматты Кыргызстандын Жазуучулар бирикмесинин басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады. Маалыматка караганда, акын көптөн бери ооруп жүргөн. Акыркы күндөрдө Бишкектеги онкологиялык ооруканада дарыланып жаткан. Анын сөөгү качан жана кайсы жакка коюлары азырынча чечиле элек. Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайын... Читать дальше...

Энтони Блинкен Сенатта мамлекеттик катчы болуп бекитилди

Azattyk.org 

АКШ Сенаты 26-январдагы отурумунда демократ саясатчы Энтони Блинкенди өлкөнүн жаңы мамлекеттик катчысы (тышкы иштер министри) кылып бекитти. Анын талапкерлигин жактап 78 сенатор добуш берди, 22 сенатор каршы болду. Эми ал өлкөнүн 71-мамлекеттик катчысы болуп калды. Ага чейинки АКШнын мамлекеттик катчысы, республикачы Майк Помпео бул кызматты 2018-жылдын 26-апрелинен 2021-жылдын 20-январына чейин аркалап келди.  Блинкен дасыккан дипломат жана президент Жо Байдендин көптөн берки кеңешчиси катары таанымал. Читать дальше...

Активисттер парламенттин таркашын талап кылышууда

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн, 27-январда жергиликтүү активисттер парламентти таркатууну талап кылып нааразылык акциясын өткөргөнү жатышат. Бул тууралуу жарандык активист, укук коргоочу Рита Карасартова билдирди. Нааразы тарап азыркы Жогорку Кеңештин мөөнөтү былтыр октябрда эле бүткөнүнө байланыштуу аны таркатыш керек деп эсептейт.   Уюштуруучулардын маалыматына караганда, акция тууралуу Бишкек шаардык мэриясына алдын-ала кабар берилген.   Кыргызстанда 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки окуялар бийликтин алмашуусуна алып келди. Читать дальше...



Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кармады. Бул тууралуу кабарды «Азаттыктын» ишенимдүү булактары ырасташты. Маалыматка караганда, Абылгазиев 26-январда УКМКга суракка чакырылып, андан соң кармалган. Экс-премьерге карата Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча айып коюлууда. Айрым маалыматтарга ылайык Абылгазиевге карата Кумтөр кенин иштетүү боюнча соңку келишимдерге байланыштуу иш козголушу мүмкүн. Атайын кызмат мурдагы... Читать дальше...

Ооган өкмөтү талибдерди «Катардагы сүйлөшүүнү бузуп жатат» деп айыптады

Azattyk.org 

Кабулдун тынчтык сүйлөшүүлөргө катышып жаткан өкүлү Надер Надери «Биздин эл жана өкмөт баарынан мурда тынчтыкты жана зомбулукту токтотууну көздөйт», деп жазды «Твиттерге». Ал талибдер Дохадагы тогуз күндөн бери Катардагы сүйлөшүүлөргө катышпай жатышканын кошумчалады. «Талибан» кыймылы бул сөздөрдү төгүндөп, эки тарап бири-бири менен байланышта экенин билдирди. «Бир да сүйлөшүү үзгүлткүсүз күнүгө уланбайт. Анткени ички сүйлөшүүлөр дагы зарыл», - деп белгиледи Дохадагы талибдердин кеңсесинин өкүлү Мохаммад Наим. Читать дальше...

АКШ Сенаты Энтони Блинкендин Мамкатчылыкка талапкерлигин карайт

Azattyk.org 

АКШнын Сенаты 26-январда демократ Энтони Блинкенди өлкөнүн жаңы Мамлекеттик катчы (тышкы иштер министри) кызматына тастыктаары күтүлүүдө. Президент Жо Байден былтыр ноябрда эле Блинкендин бул кызматка талапкерлигин сунуштай тургандыгын шардана кылган. 25-январда Сенаттын тышкы карым-катнаштар комитети 15 “макул”, 3 “каршы” добуш менен Блинкендин талапкерлигин колдоп добуш берген. Сенаттын көпчүлүгүнүн жаңы лидери, демократ Чак Шумер эми бул добушту күн тартибине киргизди. Шейшембиде Сенатта көпчүлүк Блинкенди колдошу күтүлүп жатат. Читать дальше...

Германияда тажик жараны жети жылга кесилди

Azattyk.org 

Германияда сот баш калка сурап жүргөн Тажикстандын жаранын “Ислам мамлекети” террордук уюмуна мүчө болгону үчүн жети жылга эркинен ажыратты. Прокуратуранын маалыматына караганда, Равшан Б. террордук уюк түзүүгө шектелип жаткан тажикстандыктардын тобун жетектеген. 31 жаштагы Равшан Б. тагылган айыптарды жарым-жартылай моюнга алып, өкүм чыгарылардын алдында кечирим сурап, “өкүнөрүн” айтты. Ал “Ислам мамлекети” террордук уюмунун бөлүмүнө акча табуу үчүн башка тажик жарандары менен биргеликте бир орусиялыктан буйрутма алып... Читать дальше...

Жогорку сотто Аида Салянованын лицензия боюнча иши каралат

Azattyk.org 

Жогорку сот 27-январда мурдагы юстиция министри, экс-башкы прокурор жана мурдагы депутат Аида Салянованын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу ишин кайрадан кароого киришет. Салянованын адвокаты Рабига Садыкова "Азаттыкка" билдиргендей, Жогорку соттогу биринчи отурум саат 10.30га белгиленген. Буга чейин алгачкы соттук териштирүү 6-январга коюлуп, прокурордун даяр эместигине байланыштуу 27-январга жылган. Иш Жогорку сотто Аида Салянованын адвокаттарынын жаңы... Читать дальше...



Чаткалдагы кендерге көзөмөл күчөтүлдү

Azattyk.org 

Чаткалдагы алтын кенин иштеткен «Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасындагы аварияга байланыштуу кыргыз өкмөтү мекеме аралык комиссия түзүп, кайрадан текшерүү жүргүзүп жатат. Соңку маалыматтарга караганда химиялык лабораторияга жөнөтүлгөн үлгүлөр саркынды суу коопсуз экенин аныктаган.  Ушундан улам «Азаттык» кендердеги экологиялык жана техникалык коопсуздук шарттары тууралуу «Арай көз чарай» талкуусун уюштурду. Ага Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын тоо-кен көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Жолдош Нурмамбетов... Читать дальше...

«Чек арасыз кабарчылар» Евробиримдикти Орусияга санкция салууга чакырды

Azattyk.org 

Эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» уюму Евробиримдикти 23-январда өткөн акцияларда «50дөй журналисттин кармалганына» байланыштуу орус аткаминерлерине санкция киргизүүгө чакырды. Парижде жайгашкан уюм 26-январда тараткан билдирүүсүндө Орусиядагы митингдерди чагылдырган кабарчылар «болуп көрбөгөндөй куугунтукка» кабылганын белгилейт. «Полиция айрым маалымат каражаттарын атайылап куугунтуктап, кээ бир журналисттер тартып алган видеолорду өчүрүш үчүн жеке батирлерге чейин кирип барды», - деди «Чек... Читать дальше...

Кыз-келиндерге депутаттыкка жол ачкан мектеп

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын мектеби өз ишин баштады. Бул мектепте билим алганы өлкөнүн булуң-бурчунан келген кыз-келиндер 11-апрелде өтчү жергиликтүү шайлоодо багын сынап көрүшөт. 25-январда Ысык-Көлдө “Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын” мектеби өз ишин баштады.

Токаев Казакстанда жасалган вакцинаны сайдырат

Azattyk.org 

Казакстанда жасалган вакцина сыноодон ийгиликтүү өтсө аны президент Касым-Жомарт Токаев сайдырарын билдирди. Бул тууралуу ал 25-январда өкмөттүн кеңейтилген отурумунда айтты. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, ушул тапта казакстандык «QazCovid» вакцинасы сыноонун үчүн баскычынан өткөрүлүп жатат. Аны 19-декабрдан бери үч миңдей ыктырячыга сайышкан. Казакстанда коронавируска каршы жапырт вакцинация 1-февралда башталат. Алгач Орусиянын «Спутник-V» вакцинасы менен медицина кызматкерлери... Читать дальше...

Иранда вице-президенттин агасы эки жылга кесилди

Azattyk.org 

Иранда биринчи вице-президент Ишак Жахангирдин агасы каржылык махинацияларга байланыштуу айыпталып, эки жылга кесилди. Сот системасынын өкүлү Голамхоссейн Эсмаили 26-январда билдиргендей, Мехди Жахангир 847 миң доллардан ашуун акчаны аткезчилик жолу менен чыгарып кеткен. Жахангир каражатты кайтарууга милдеттендирилди. Ал Тегеран соода палатасынын башкармалыгына кирчү жана «Gardeshgari Bank» деген жеке менчик банкты негиздеген. Ал 2017-жылы камалып, жарым жылдан кийин күрөөгө коё берилген. 2019-жылы... Читать дальше...

Генерал Курсан Асанов кармалды

Azattyk.org 

Генерал Курсан Асанов кармалды. Конституциянын жаңы долбоору даяр болуп калды. Баш мыйзам кабыл алынса, өкмөттү президент жетектейт. Долбоор эми Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. Өкмөттүн пандемиядагы ишмердигин териштирүү уланууда. Мурдагы эки вице-премьер-министр сурак берди. Коронавирустун Бразилияда чыккан түрү Кошмо Штаттарга жетти. Азыр дүйнөнү кооптондурган коронавирустун жаңы үч түрү - Британияда, Бразилияда жана Түштүк Африкада чыккан штаммдар.

Сегизбаевди абакка сүйрөгөн «Белизгейт»

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы, 10-январдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон Абдил Сегизбаев чуулгандуу «Белизгейт» окуясына байланыштуу камакка алынды. Ал "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп шек саналууда. «Белизгейт» Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана Аскер прокуратурасынын биргелешкен иликтөөсүндө «Белизгейт» деген ат менен таанымал окуяда Абдил Сегизбаев күнөөлүү экени боюнча далилдер табылганын маалымдады. Читать дальше...

Орусия соту Навальныйдын доо арызын карайт

Azattyk.org 

28-январда Москва облустук соту Химки шаардык сотунун Алексей Навальныйды 30 күнгө камоо тууралуу чечими боюнча адвокаттардын доо арызын карайт. Бул тууралуу Кремлдин оппонентинин жардамчысы Леонид Волков «Твиттерге» жазды. Алексей Навальный 17-январда Берлинден Москвага учуп келери менен «Шереметьево» аэропортунда кармалган. Ага карата «Ив Роше» деп аталган иш боюнча шарттуу жаза камакка алууга алмаштырылары айтылып, 30 күнгө камакка алынган. Учурда оппозиционер Москвадагы «Мастросская тишина» аттуу тергөө абагында кармалып турат. Читать дальше...

ПИН номурдан чыккан чыр

Azattyk.org 

Кыргызстандагы ондогон жарандар жеке өзүнө тийиштүү персоналдык идентификациялык номурун (ПИН) тактоодо убара тартып жатат. Бир күндө 400дөй адам ушул маселе боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылууда. Алар бир эле адамга эки башка персоналдык идентификациялык номер катталып калганын, буга өздөрү да түшүнбөй жатканын айтышууда.

Бегижан Ахмедовдун повести «Жылдын мыкты котормо китеби» аталды

Azattyk.org 

Кыргызстандык өзбек улутундагы жазуучу жана изилдөөчү, «Даңк» медалынын ээси Бегижан Ахмедовдун «Дербиш» повестин Жазуучулар союзу менен Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык Ысык-Көл форуму «2020-жылдын мыкты котормо китеби» деп тааныды. Китепти кыргыз тилине Маркабай Ааматов которгон. Бул тууралуу Жазуучулар бирикмеси билдирди.  «Дербиш» повестинде дин таануу жаатындагы философиялык, социалдык, адеп-ахлактык маселелер камтылган. Өзбек тилинде жазылган чыгарманын түп нускадагы алгачкы бет ачары 2019-жылдын 13-ноябрында Брюссел шаарында өткөн. Читать дальше...

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармады. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын адвокаты Икрамидин Айткулов кабарлады. Курсан Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталууда. «Курсан Асановду бүгүн кармап, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу изоляторуна алып кетишти», - деди адвокат. ИИМдин басма сөз кызматы Курсан Асановдун кармалганы тууралуу маалыматты «Азаттыкка» бышыктады. Читать дальше...


Музыкальные новости
Концерт

Тариф – Концерт. Провести свой Концерт.





Персональные новости
50

Активиста Булатова оштрафовали на 50 тысяч рублей за дискредитацию армии





Кара-Кече-Балыкчы темир жолунун экономикалык негиздемесин жаңылоого 110 млн. сом коротулат

Azattyk.org 

«Кыргыз темир жолу» ишканасы Балыкчы-Кара-Кече темир жолунун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесинин долбоорун жаңылаш үчүн тендер жарыялады. Ишкана долбоорду жаңылоого 110 млн. сом төлөп берет. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуу порталында жарыяланды. Курулуштун долбооруна ылайык Балыкчыдан Кара-Кече көмүр кенине чейинки темир жолдун узундугу 186 чакырымды түзөт. 2020-жылы август айында Транспорт жана жол министрлиги аталган маршрутта темир жол куруу боюнча өкмөттүн токтомунун долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Читать дальше...

Өзбекстанда президенттик шайлоо октябрда өтүшү мүмкүн

Azattyk.org 

Өзбекстанда президенттик шайлоо октябрда мөөнөтүнөн мурда өтүшү мүмкүн. Бул маселе 25-январда парламенттин жыйынында талкууланды. Азыркы Конституцияга ылайык, президенттик шайлоо декабрда өтмөк. Эгер Мыйзам чыгаруу палатасында тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуш кабыл алынса, мамлекет башчыны шайлоо 24-октябрга жылат. Өткөн жылдын соңунда президент Шавкат Мирзиёев парламентке кайрылуусунда «2021-жылы өтө турган президенттик шайлоо эл аралык стандарттарга шайкеш өтүшү зарыл» экенин билдирген. Читать дальше...

Рахмон Тажикстанда коронавирус жок экенин жарыялады

Azattyk.org 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 26-январда парламентке кайрылуусунда өлкө коронавирустун кутулганын жарыялады. Ал өткөн айда Тажикстанда коронавирус катталбаганын кошумчалады. Анткен менен Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдан бери вирус бир нече адамдан табылганын жакында эле билдирген. Рахмон чет жактан келгендердин баары карантинде болушу зарыл экенин да билдирди. Тажик бийлиги маалымдагандай, мечиттер санитардык эрежелерди сактаган шартта 1-февралдан тартып ачылат. Коңшу мамлекетте... Читать дальше...

Социалдык медиага жасалма сүрөт тараткан өспүрүм кармалды

Azattyk.org 

24-январда кыргыз тилдүү социалдык медиада тараган мончодогу зомбулукка байланыштуу видеону өз баракчаларына жарыялаган «Фейсбук», «Инстаграм» социалдык тармактарындагы видеолор өчүртүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) атайын маалымат таратты: «Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан «Фейсбук» жана «Инстаграм» социалдык тармагында 51 тайпадан жана блогерлердин баракчаларынан аталган видеону өчүрүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү». Мындан... Читать дальше...

Конституциялык кеңешмеде долбоордогу «улуту» графасы боюнча талаш чыкты

Azattyk.org 

Конституциялык кеңешме кезектеги жыйынында Баш мыйзамдын долбоорунун 31-беренесине «улуту» графасы аркылуу улутун көрсөтүү боюнча демилге колдоо тапкан жок. Кеңешменин көпчүлүк мүчөлөрү бул жобо мыйзамдар менен жөнгө салынганын белгилешти. Алардын бири, парламенттин мурдагы депутаты Эсенгул Исаков мындай деди: «Толук алып салыш керек дегеним, жакында эле «паспортто улуту көрсөтүлөт» деген кирди. Ар бир жаран өзү паспорт алып жатканда укугу бар, өзү айтып жаздырып алат. Азыр Конституцияга майдалап жазып алсак, башкача чечмелеп алгандар бар. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Олимпийский чемпион Роман Костомаров поздравил победителей номинации «Экскурсия без границ» программы «Лига Экскурсоводов»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Шнайдер вышла в финал турнира WTA-125 в Париже, обыграв Грачёву


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Сергей Собянин. Главное за день





Путин в России и мире
Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает В.В. Путину улучшить либо отменить налоги в обществе.


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Запись от имени Президента Беларуси сделана в книге соболезнований в посольстве Ирана




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленский объяснил, почему не хочет приглашать РФ на «саммит мира»


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Тимати

Мама Тимати рассказала, как относится к нынешней девушке рэпера



Москва

Экс-игрок ЦСКА Вернблум о базе: клуб не хотел тратить деньги на роскошное жилье

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net