Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Январь
2021

Чаткалдагы кендерге көзөмөл күчөтүлдү

0
Чаткалдагы кендерге көзөмөл күчөтүлдү

Чаткалдагы алтын кенин иштеткен «Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасындагы аварияга байланыштуу кыргыз өкмөтү мекеме аралык комиссия түзүп, кайрадан текшерүү жүргүзүп жатат. Соңку маалыматтарга караганда химиялык лабораторияга жөнөтүлгөн үлгүлөр саркынды суу коопсуз экенин аныктаган. 

Ушундан улам «Азаттык» кендердеги экологиялык жана техникалык коопсуздук шарттары тууралуу «Арай көз чарай» талкуусун уюштурду. Ага Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын тоо-кен көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Жолдош Нурмамбетов, «Ак-Терек» уюмунун жетекчиси, эколог Назгүл Эсен, Чаткал районунун акими Жуманалы Накетаев катышкан.

«Азаттык»: - 23-январда Чаткалдагы алтын кенин иштетүүчү «Эти Бакыр Терек-Сай» фабрикасынан саркынды суу ашып чыгып, сайдагы сууга кошулганда жергиликтүү бийлик кендин төмөнкү жагындагы айылдын элине кайрылып, дарыянын суусун ичпей туруш керек экенин эскерткен эле. Азыр Чаткалдын акими Жуманалы Накетаев студия менен түз байланышта турат. Соңку жагдай тууралуу, эл менен жолугушуулар тууралуу айтып берсеңиз?

Жуманалы Накетаев: - 23-январда 16:30дар чамасында «Эти Бакыр Терек-Сай» кенинин эски фабрикасынын саркынды суу топтолуучу кампасы тоңуп, суу ашып, көмүрдүн калдыктарына аралашып сайдагы сууга кошулуп кеткен. Бул боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлүп, айыл өкмөт жана кен ишканасынын өкүлдөрү тарабынан бир саатка жетпей агып чыккан суу токтотулган.

Ошол эле мезгилде элди сууну ичпей, колдонбой турууга чакырып, таза суу менен камсыз кылып турдук.

Жекшемби күнү суудан, топурактан анализдер алынып тиешелүү лабораторияларга жиберилген. 25-январда болсо бул жерде мекеме аралык атайын комиссиянын жыйыны болду. Ал жерде бардык жагдайлар айтылды. Ошондой эле квартал сайын кендерге көзөмөл салып туруу жөнүндө сунуш да айтылды. Буга чейин бир жылда бир жолу текшерилип турган экен.

Чаткал районунда чоң компаниялардан ушул «Эти Бакыр Терек-Сай» кенинен башка дагы үч ишкана бар. Андан сырткары он чакты майда ишканалар бар, бирок алар быйыл пандемияга байланыштуу иш жүргүзүшкөн жок.

Эл менен жолугушууларда алардын жашоосуна ыңгайсыздык жаралганы үчүн кечирим суралды. Айрым адамдар тарабынан «цианид заты сууга кошулуп кеткен» деген маалыматтар таралганы тууралуу да сөз болду. Элге такталбаган маалыматтарды таратуу туура эмес экендиги да айтылды.

Жолдош Нурмамбетов: - Иликтөө аягына чыга элек. Бул окуяда киши фактору болуп калды, менимче. Себеби, 6-октябрдан баштап бул фабрика токтоп турган. Бул жылдын 10-январынан баштап ишкана кызматкерлери кичинеден фабриканы жүргүзүүгө даярдай башташкан. Ошондо насостор, түтүктөр тоңуп калгандыктан суу ашып, тосмодон да толуп ташып кеткен. Бул саркындынын курамы дээрлик суу, көмүрдүн күлү кийин кошулган. Бул суу - муздатуу үчүн колдонулган суу.

Азыр иштеп жаткан мекеме аралык комиссиядан сырткары, Мамэкотехинспекция Бишкектен кошумча адистерди жибергенбиз. Алар дал ошол себебин аныктап жатышат. Андан сырткары беш жерден химиялык анализге үлгүлөр алынган - суудан үч жолу, топурактан үч жолу. Андан башка таза топурактан да, салыштыруу үчүн ошол жердин топурагынан да үлгүлөр кошо алынып, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин лабораториясына, Бишкек санэпидкөзөмөл борборуна, Кадамжай санэпидкөзөмөл лабораториясына жеткирилген эле. Азыр эле мага «суу үлгүлөрү таза чыкты» деп кабарлашты.

Назгүл Эсен: - Кийинки жылдары тоо-кен ишканалары экологиялык жактан стандарттарын туура аткарганга аракет кылып жатышат. Өкмөт тараптан да талаптар күчөп жаткандай. Бул негизинен 1998-жылы «Кумтөрдө» болгон цианид авариясынан кийинки натыйжалар. Ошондо жергиликтүү эл көтөрүлүп, көз каранды эмес уюмдар тарабынан бир нече анализдер чыккан. Андан кийин «Кумтөр» өзүнүн стандарттарын жогорулаткан. Бирок азыр көп жаңы компаниялар келип кен иштете башташты. «Алардын шарттары, стандарттары кандай?» деген суроо туулат.

Эң негизги маселе - Кыргызстанда элдин арасында түшүндүрүү иштери зарыл өңдөнөт. Себеби кендерди аларга каражат керек болгондо эле кысымга ала бербей, кен ишканалары стандарттарды сактап иш алып барышына көзөмөл кылуу зарыл экенин жеткириш керек. Эл менен кен иштетүүчүлөрдүн ортосунда жагымдуу диалог болмоюнча инвесторлорго карата нааразылык, чыр-чатактар улана берет. Бул ачууга алдырган, агрессивдүү окуялар негизги экологиялык маселелерди экинчи планга түртүп коюп келет.

«Арай көз чарай» талкуусунун толук версиясын бул жерден көрө аласыз:






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин: выборы в Мосгордуму будут серьезным экзаменом


Спорт в России и мире
Москва

«Этот спорт воспитывает силу и упорство»: Вице-спикер Народного Хурала Бурятии приняла участие в открытии чемпионата России по гиревому спорту


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Людмила Самсонова

Самсонова вышла во второй круг турнира в Хертогенбосе


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Составлен ТОП-3 регионов-лидеров по числу пунктов приема вторсырья





Путин в России и мире
Москва

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Белорусский дипломат оценил непомерные претензии Пашиняна к Лукашенко




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленский: США передадут Киеву новые ЗРК Patriot и «эскадрильи истребителей»


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Любовь Успенская

Добровинский: суд в Москве вернул исковое заявление Успенской к Киркорову



Москва

Путин поддержал инициативу Беларуси о разработке Хартии многообразия

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net