Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Январь
2021

Новости за 25.01.2021

УКМК: Борбор Азия өлкөлөрүнө баңгизат ташыгандар кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Борбор Азия өлкөлөрүнө баңгизат ташуу жана сатуу үчүн туруктуу жол түзүп алган кишилер кармалганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары 55 жана 59 жаштагы жарандар УКМКнын Ош аймагындагы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Атайын кызмат алардын автоунаасын жана үйүн тинтүүдө жалпы салмагы 600 граммдан ашык кара куурай табылганын билдирди. Факт 22-январда Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып... Читать дальше...

Беларуста апта соңундагы акцияларда 200дөй киши кармалды

Azattyk.org 

Беларуста өткөн дем алыш күндөрү бийликке каршы акциялардын жүрүшүндө 160тай адам кармалды. Өлкөдөгү «Весна» укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, көптөгөн адамдар Минскиде колтукташып басып келе жаткан учурда кармалган. Акцияга чыккандар Александр Лукашенкого бийликтен кетүү, буга чейинки жүрүштөрдө кармалгандарды бошотуу боюнча талаптарды коюшту. Бул жолу былтыр декабрдан бери абакта ачкачылык кармап жаткан блогер Игорь Лосикти камактан бошотуу жөнүндө талап көбүрөөк жаңырды. Коомдук тартипти... Читать дальше...

Юристтер коому: Жогорку Кеңештин регламентин өзгөртүүнүн долбоору негизсиз

Azattyk.org 

Кыргызстандагы «Юристтер коому» деп аталган уюм парламенттин регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилге мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейт.  Юристтер коому ушундай мазмунда кайрылуу таратып, мыйзам чыгаруучу органды «Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жөнүндө мыйзамды коомдук талкуусуз дароо үч окууда кабыл алууну сунуш кылууда, мыйзамдарды одоно бузууда» деп айыптады жана демилгени чакыртып алууну сунуш кылды.  «ЖК депутаттарынын эсине сала кетебиз: Кыргызстандын эли - эгемендиктин... Читать дальше...



Диний билим берүү жана саясий туруктуулук

Azattyk.org 

Диний билим берүүдө кайсы бир өлкөнүн тажрыйбасы керекпи же Кыргызстан өз моделин иштеп чыгууга тийишпи? Акыркы кезде Кыргызстанда «Ыйман сабагын» киргизүү боюнча демилге көтөрүлүүдө. Бул сунуш коомдо талаш маселе бойдон турат. 2017-жылдан баштап «Дүйнөлүк диндердин маданияты тарыхы» сабагы пилоттук негизде 56 мектепке киргизилген. 2021-жылдын сентябрынан бардык мектептерде окутуу пландалууда. «Биз жана дин» түрмөгүндө Канатбек Мурзахалилов менен дин таануу илимдеринин доктору Сайфулла Базаркулов ушул темага кайрылышты. Читать дальше...

Израил бардык авиакаттамдарды бир аптага токтотот

Azattyk.org 

Израил дүйшөмбүнүн кечинен тартып бир аптага бардык эл аралык авиакаттамдарды токтотот. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху жекшембиде билдирди. Анын айтымында, Израилдин жарандары өлкөгө кириши жана чыгышы үчүн абдан салмактуу жүйөлөрдү келтириши керек. Израил коронавирус пандемиясы башталгандан тартып өлкөгө кирген-чыккандарга карата катааал чараларды киргизген. Акыркы чектөөлөргө Британияда аныкталган коронавирустун жаңы штаммын өлкөгө киргизбөө максаты себеп болууда. ... Читать дальше...

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Орусияга карата жаңы чараларды талкуулашат

Azattyk.org 

25-январда Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Орусиядагы Алексей Навальныйдын камалышын жана соңку акциялардын катышуучуларын кармоого каршы чараларды талкуулашат. Еврокомиссиянын тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррелл жолугушуунун жүрүшүндө Орусияга карата «кийинки кадамдар» караларын билдирди. Буга чейин Евробиримдиктин айрым мүчөлөрү Москвага карата санкцияларды күчөтүүнү сунуш кылышкан. 23-январда Орусиянын ондогон шаарларында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды абактан бошотууну талап кылган акциялар өткөн. Читать дальше...

Кочкордо аялдын өлүмү боюнча иликтөө башталды

Azattyk.org 

Кочкор районунда өлтүрүлгөн 23 жаштагы аял Сокулук районунун тургуну экени аныкталды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» кабарлады. Маалыматка караганда 23-январда Кочкор районунун Тынай-Булак кыштоосундагы үйлөрдүн биринен аялдын сөөгү табылган.  Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен сотко чейинки тергөө башталды. Статистикалык комитеттин маалыматына караганда аялдарга... Читать дальше...

УКМК: Мыйзамсыз курулуш менен алектенген ири компания аныкталды

Azattyk.org 

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы Бишкек шаарындагы архитектуралык курулуш көзөмөл тармагында шаар курууга шайкештиги жана уруксат берчү документтери жок көп кабаттуу үйлөрдү системалуу куруу фактысын аныктады. Бул тууралуу атайын кызмат маалымат таратты. Маалыматка караганда текшерүүдө ири курулуш компанияларынын бири узак убакыт бою мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп келген. Бул аракеттерин компания мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлеринин калкалоосу менен ишке ашырган. Коррупицяга... Читать дальше...



Нидерланддарда коронавируска байланыштуу чектөөгө каршы акцияда тополоң чыкты

Azattyk.org 

Нидерланддардагы эки шаарда коронавируска байланыштуу чектөөлөргө каршы акцияларда башамаландык болду. 24-январда өлкөнүн түштүгүндөгү Эйндховен шаарында жүздөгөн кишилер көчөгө чыгып, полиция менен кагылышты. Коопсуздук күчтөрү көздөн жаш агызчу газ колдонуп, суу бүркүп демонстранттарды таратууга аракет кылышты. Акциянын катышуучулары болсо полицияны көздөй таш ыргытышты. Ондогон кишилер кармалды. Өлкөнүн борбору Амстердамда да нааразылык акциялары өтүп, 100дөн ашык адам кармалды. Башаламандык өлкө... Читать дальше...

Коронавирустан жакынын жоготкондордун митинги

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин алдына бүгүн, 25-январда коронавирустан жакындары каза болгондор пикетке чыгышты. Алар башкы пульмонолог Талантбек Сооронбаев менен министрдин орун басары Мадамин Каратевдин кызматтан кетишин талап кылышууда. Пикетти уюштуруучулардын бири, «Биз чындык үчүн» кыймылынын мүчөсү Ырыскан Зулпукарова медицина тармагында люстрация болушун талап кылып жатышканын «Азаттыкка» айтты: «Биз медицинада өз элин сүйгөн жетекчилер иштешин каалайбыз. Коронавирусту дарылоо боюнча үчүнчү протоколду катып алган жетекчилер... Читать дальше...

Шайланган президент Жапаров алгач Орусияга барат

Azattyk.org 

Шайланган президент Садыр Жапаров чет өлкөдөгү алгачкы сапарын Орусиядан баштоону пландап жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Равшан Сабиров дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин тармактык комитеттердин жалпы жыйынында айтты:  «Садыр Жапаровдун биринчи сапары Орусияда өткөнү турат. Биз алдын-ала биринчилерден болуп ушул газ маселесин коюп жатабыз. Эгерде бул маселелер боюнча сүйлөшүү ишке ашса биздин элибизге бир топ жеңилдик болот деген үмүт бар». Равшан Сабиров Агрардык саясат, суу ресурстары... Читать дальше...

Вице-спикер Касымалиева: кылмышкер жазаланмайынча зомбулук азайбайт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева мончодогу зордуктоо тууралуу тасмага байланыштуу пикирин билдирип, жыныстык зомбулук, педофилия Кыргызстанда да көйгөйлүү маселе болуп жатканын билдирди. Ал бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.  «Кечээки үрөй учурган окуя бизде болбоптур, бирок балдарга, өспүрүмдөргө жана аялдарга карата зомбулук өлкөдө өтө күчөгөн. Анын ичинде жыныстык зомбулук, педофилия көп. Себептери ар тараптуу. Чечүүчү жолдору да комплекстүү, коом катары бирге гана чече алабыз. Читать дальше...

Ашхабад менен Бакунун мунай «Достлугу»

Azattyk.org 

Азербайжан менен Түркмөнстан Каспий деңизиндеги мунай кендерин иштетүү жөнүндө макулдашты. Бул боюнча эки өлкөнүн ортосунда 30 жылдан бери бүтпөй келаткан тирешке акыры чекит коюлду.

Сооронбаев мекеме аралык комиссиянын иликтөөсүнө макул эмес

Azattyk.org 

Өлкөнүн башкы пульмонологу Талантбек Сооронбаев коронавирустун кесепеттерин иликтеген мекеме аралык комиссиянын жыйынтыгына макул эмес. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» айтты. «COVID-19 күчөп турган учурдагы абалды иликтөөгө мен да кызыкчылыгым бар. Бирок анын курамына кирген адамдардын кесипкөйлүгүндө күмөнүм бар. Себеби алардын бирөө да коронавирус күчөп турганда кызыл зонага кирип иштеген эмес. Менин сөзүмдү Кыргызстандагы миңдеген дарыгерлер тастыктайт. Азыр эми күнөөнү дарыгерлерден издөө туура эмес. Читать дальше...

Кара-Кече көмүр кенинде тараза өрттөнүп кетти

Azattyk.org 

Жумгалдагы Кара-Кече көмүр кениндеги көзөмөл-өткөрмө бекетинде 25-январда таңга жуук өрт чыгып, тараза күйүп кетти. «Кыргыз көмүр» ишканасынын маалыматына ылайык, өрттөн эч ким жабыркаган жок жана документтер күйүп кеткен жок. Баштапкы маалыматтар боюнча кырсыктынн себеби электр тогуна байланыштуу болгон. Учурда Кара-Кече кени штаттык режимде иштеп жатат. Өрттү иликтөө боюнча комиссия түзүлдү. Учурда экинчи тараза иштеп жатат.  Өрт чыккан көзөмөл-өткөрмө бекети эки-үч күндө калыбына келтирилет. Читать дальше...

Коронавирустан бир адам каза болуп, 71 кишиге жукту

Azattyk.org 

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 25-январдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан бир адам каза болду. 71 кишиге вирус жукканы маалым болду. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1401 кишиге жетти. Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 83 971 адамга жетти. Азыр ооруканада 661 адам жатат, дагы 952 бейтап үйдөн дарыланууда. Читать дальше...

Балалуу болууга бардык жактан камыныш керек

Azattyk.org 

Ар бир аял кош бойлуу учурунда, төрөт маалында жана төрөгөндөн кийин саламаттык сактоо мекемелеринен тийиштүү медициналык-санитардык жардам ала алат. Боюнда бар кезде, төрөгөндө жана төрөттөн кийин акысыз медициналык-санитардык көмөк көрсөтүү Мамлекеттик кепилденген программанын алкагында ишке ашат. (67-берене. Кош бойлуу аялдар менен энелердин укугу, Кыргыз Республикасынын «Жарандардын ден соолугун коргоо боюнча» 2005-жылдын 9-январында кабыл алынган №6 мыйзамы) Сүйүнчү, балалуу болосуз! Бул албетте, ар бир үй-бүлө үчүн кубанычтуу жаңылык.

“Эти Бакыр Терек-Сай” сууга цианид төгүлгөн деген маалыматты четке какты

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы “Эти Бакыр Терек-Сай” ишканасы "сууга цианид төгүлгөн жана уулуу калдыктар сакталган жайлар ачылып кеткен" деген маалыматтарды төгүндөдү. Ишкананын 24-январдагы билдирүүсүндө алтын иштетүү жараянында цианид колдонулбай турганы айтылган. 23-январда алтын кенин иштеткен фабрикага караштуу саркынды суу сакталуучу жай ачылып кетип, сайга кошулган. Жергиликтүү бийлик калдык түшкөн жердин төмөнкү жагындагы айылдын элине кайрылып, дарыянын суусун ичпей турууну эскерткен. Читать дальше...

Бишкек кайрадан абасы кооптуу деген шаарлардын сап башына чыкты

Azattyk.org 

Дүйнөнүн чоң шаарларындагы абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюму орноткон жабдыктар 25-январга караган түнү саат 3кө карата баш калаада абанын сапатынын индекси (AQI) 279 болгонун көрсөттү. Аталган уюмдун эртең мененки саат 8деги маалыматына караганда,  Бишкектин борбордук бөлүгүндө индекс 199га түштү. Кыргызстандын борбору дүйнөлүк рейтингде кайрадан биринчи орунга чыкты. Алдыңкы он сапта Бишкектен кийин Индиянын Дели, Колката, Мумбай, Кытайдын Шэнян, Бээжин, Пакистандын Лахор,  Непалдын Катманду... Читать дальше...


Музыкальные новости
Ольга Бузова

«В трусах»: Бузова угодила в скандал из-за наряда на концерте в День защиты детей





Персональные новости
Арцах

Преступления мигрантов с рынков азербайджанского олигарха Года Нисанова продолжают шокировать Москву





Коронавирус табылган мектептер онлайн режимде окууга өткөрүлөт

Azattyk.org 

Бишкекте коронавирус табылган эки мектеп онлайн режимде окууга өткөрүлөт. Шаардык мэрия билдиргендей, мектептердин окуучулары азырынча эки жума бою аралыктан билим алышат. 24-январда башкалаадагы эки мектептин окуучуларынан коронавирус табылганы белгилүү болгон. Алар кайсы мектептер экени айтылган эмес. Мэрия оорунун белгилери байкалган үй-бүлөлөрдү коронавируска тест тапшырууга чакырды. Ал тууралуу мектептин администрациясына кабар берүүгө, анализдердин жыйынтыгы чыкканга чейин балдарын үйдөн чыгарбоого ата-энелерди үндөдү. Читать дальше...

Былтыр Кыргызстанда 40 миңден ашуун киши көз жумду

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2020-жылы 40 001 адам көз жумду. Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 6684 адамга көп. 2019-жылы түрдүү себептер менен 33 317 адам жашоо менен кош айтышкан. 2018-жылы дүйнөдөн кайткан кыргызстандыктардын саны 33 миңден ашкан эмес.   Саламаттык сактоо тармагындагы адистер адам өлүмүнүн көп болушуна коронавирус пандемиясын, ыштын таасирин жана өлкөнүн медицинасынын чабалдыгын себеп катары көрсөтүп жатышат. Расмий маалымат боюнча, өлкөдө... Читать дальше...

Израил БАЭде өз элчилигин ачты

Azattyk.org 

Израил Перс булуңундагы араб өлкөсү – Бириккен Араб Эмирликтеринде өз элчилигин ачкандыгын 24-январда Израилдин Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Жекшембиде израилдик элчи Эйтан Наэ (Eytan Naeh) Абу-Даби шаарына келип, мындагы элчилик расмий иштей баштагандыгын Израилдин ТИМинин билдирүүсү кошумчалайт. Эми бул элчилик эки өлкөнүн ортосундагы бардык тармактардагы карым-катнашты өнүктүрүүгө салым кошмокчу, деп айтылат жогорудагы билдирүүдө. Эйтан Наэ 1963-жылы туулган. 2016-жылдан кийин ал Израилдин Түркиядагы элчиси кызматын аркалаган. Читать дальше...

Дейзи Синделар "Эркин Европа/Азаттык радиосу" компаниясынын президентинин милдетин аткарып калды

Azattyk.org 

АКШнын Дүйнөлүк Медиа Агенттигинин (USAGM, КШДМА) башчысынын милдетин аткаруучу Келу Чао (Kelu Chao) айым 24-январдагы буйругу менен “Эркин Европа / Азаттык үналгысы” ("ЭЕАҮ") компаниясынын президентинин милдетин аткарууну Дейзи Синделар айымга тапшырды. Синделар айым узак жылдар бою “Эркин Европа / Азаттык үналгысы" компаниясында кызматкер, редактор, президенттин милдетин аткаруучу жана аткаруучу жетекчи кызматтарында иштеп келген. Андан 2 күн мурда Чао айым Эркин Европа / Азаттык үналгысынын... Читать дальше...

ИИМ: Мончодогу зомбулук Кыргызстанда болгон эмес

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) мончодо зордукталган балага байланыштуу окуя эки-үч жыл мурун Кыргызстандан сыртта болгонун, кылмышка шектүү адам изделип жатканын маалымдады. Министрликтин басма сөз кызматы 24-январдагы билдирүүсүндө чагымга алдырбоого жана такталбаган маалыматты таратпоого чакырды.  23-январда Интернетте мончодо белгисиз эркек болжол менен өспүрүм баланы күчкө салып зордуктап жатканы тартылган видео тараган. Анда зордукчулга жабырлануучунун күчү жетпей, кыргыз тилинде жаман жорукту токтотушун айтып... Читать дальше...

Илон Маск быйыл төгөрөктүн төрт бурчуна интернет жеткирмекчи

Azattyk.org 

Илон Масктын “SpaceX” компаниясы 24-январда орбитага 10 жандоочуну жана 133 жабдууну жеткирди. Дүйнөдөгү эң бай киши болуп калган миллиардер Маск 2021-жылы жер жүзүн интернет менен камсыз кылуу кыялын ишке ашырууга талаптанууда. Орбитага баалуу жүктөр жеткирилди Айтылуу ишкер Илон Маск негиздеген “SpaceX” компаниясы жакынкы болочокто бүткүл жер жүзүн интернет желеси менен камсыздоону мүдөө кылган  “Starlink” илимий-өндүрүштүк долбооруна ылайык, жекшембиде “Falcon 9” ракетасы аркылуу космостук... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

В филиалах АО "Желдорреммаш" прошли мероприятия ко Дню защиты детей


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Андре Агасси

Не ходите, дети, в теннис: как Андре Агасси и Штеффи Граф подарили детям право выбора


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Рослесхозе заявили, что площадь пожаров в РФ превысила 650 тыс. га





Путин в России и мире
Москва

Обсуждается ход реализации в Мордовии проекта по производству преформ для вытяжки оптоволокна


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Прямое авиасообщение открыли между Ульяновском и Минском




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленский признал, что у солдат ВСУ едет крыша, и попросил "психиатрического подкрепления"


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Леонид Агутин

Леонид Агутин посвятил ушедшей Анастасии Заворотнюк песню и клип



Москва

Более 92 тысяч девятиклассников Подмосковья сдали ОГЭ по русскому языку

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net