Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Январь
2021

Новости за 21.01.2021

Европарламент Орусиянын «Түндүк агым - 2» газ куруунун курулушун токтотууну талап кылат

Azattyk.org 

Европа парламенти 21-январда Орусиянын «Түндүк агым - 2» газ куурунун курулушун токтотууну талап кылган резолюция кабыл алганы жатат. Бул долбоор аркылуу Орусия Балтика деңизинин түбү аркылуу табигый газды Германияга жеткирүүнү көздөп жаткан. Ошондой эле европалык парламентарийлер оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын камакка алынышына байланыштуу санкцияларды кеңейтүүгө камынышууда. Жаңы резолюцияга ылайык, Европанын Орусияга карата буга чейинки санкциялары кеңейтилип, ага Навальныйды камакка... Читать дальше...

Жо Байден АКШнын ДССУдан чыгышын четке каккан жарлыкка кол койду

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден кызматка киришкен биринчи күнү өз өлкөсүнүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан (ДССУ) чыгышы боюнча мурдагы президент Дональд Трамптын чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу жарлыкка Байден 20-январда ант берип кызматка киришкенден бир нече саат өткөн соң кол койду. Дональд Трамп 2020-жылдын июль айында ДССУнун коронавирус пандемиясы менен күрөшүн сынга алып, АКШ эл аралык уюмдан чыгарын жарыялаган. Анда Трамп баш кеңсеси Женевада жайгашкан бул уюмду «Кытай менен сүйлөшүп алып... Читать дальше...

Шайланган президенттин инаугурациясын өткөрүүгө 10 миллион сом жумшалат

Azattyk.org 

Кыргызстанда 10-январда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун инаугурациясын даярдоого жана өткөрүүгө бюджеттен 10 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов 21-январда «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, инаугурацияны уюштуруу тобу ант берүү аземине сарпталуучу каражаттын суммасын бекитти. «Канча киши чакырыларын, канча конок катышарын уюштуруу тобу карап чыгат. Пандемияга байланыштуу чаралар болот. Чакырылган... Читать дальше...



22-январда кар жаайт

Azattyk.org 

22-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт, кээ бир жерлерде бурганак болот. Жолдорго муз тоңот. Батыш тараптан шамал согуп турат. Абанын температурасы: Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...+5, Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -1...+4, күндүз -4...+1, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз -4...+1... Читать дальше...

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин жубайы кайтыш болду

Azattyk.org 

Кыргызстанда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин жубайы Базаркүл Нурбаева каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 21-январда билдирди. Маалыматта «Базаркүл Нурбаеванын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу ИИМдин коллегиясынын жетекчилиги, мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу жана ички жеке курамы милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевге, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат»,  деп жазылган. 61 жаштагы Базаркүл Нурбаеванын өлүмүнүн себеби жана качан... Читать дальше...

Садыр Жапаровдун инаугурациясын уюштуруу тобу түзүлдү

Azattyk.org 

Шайланган президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун 21-январдагы жарлыгы менен түзүлдү. 15 кишиден турган топту президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жетектеп, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков ага орун басар болушту. Топтун курамына өкмөттүн аппарат башчысы Бактыбек Аманбаев, парламенттин аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбеков... Читать дальше...

Садыр Жапаров премьерликти тапшырды, өкмөттүн азыркы курамы кызматтан кетти

Azattyk.org 

Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов 21-январда «Кыргыз Республикасынын премьер-министри менен өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта жарлык 20-январда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялаганына жана анда шайланган президент Садыр Жапаровдун премьерлик кызматын тапшыруу боюнча берген арызынын негизинде чыкканы белгиленген. Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын... Читать дальше...

Түркмөнстан калкын орус вакцинасы менен эмдейт

Azattyk.org 

Түркмөн бийлиги Борбор Азияда алгачкылардан болуп «Sputnik V» вакцинасын каттоодон өткөрдү. Коронавирус бардыгын карандай танган өлкө орусиялык вакцина менен элин жапырт эмдөөгө даярданып жатканы кабарланды.



Депутат Дастан Бекешев вакцина боюнча ачык маалымат берүүнү талап кылды

Azattyk.org 

Парламенттин 21-январдагы сессиясынын ар кандай маселелер каралган бөлүгүндө КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев коронавирус илдетине каршы вакцинага байланышкан талаш-тартыштар тууралуу маселе көтөрдү. Бекешев коомчулукта талаш-тартыш жараткан бул маселе боюнча өкмөттөн коомчулукка ачык-айкын маалымат берүүнү талап кылды: «Өкмөт атайын муздаткыч жок экенин айтып, айрым вакциналарды алуудан баш тартып жатканы айтылып жатат. Тиешелүү министрлик коомчулукка ачык-айкын маалымат бериши керек. Читать дальше...

«Балдарыбыз Харристей болобу деген үмүт жаралды»

Azattyk.org 

Америкадагы журтташтар жаңы президент Жо Байден Кыргызстанды жана башка мусулман мамлекеттерин тезирээк “кара тизмеден” чыгарышын күтөт. АКШдагы Кыргыз диаспорасынын катчысы Кубат Кубаналиев менен маек.

Сот Дамир Мусакеевди үй камагына чыгарды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев 31-декабрда үй камагына чыкканы белгилүү болду. Тиешелүү чечимди Мусакеевдин ишин караган Бишкектин Свердлов райондук соту ошол күнү чыгарганын Атамбаевди жактаган КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» 21-январда билдирди. Жогорку сот 9-декабрда Дамир Мусакеев боюнча мурдагы эки инстанциянын өкүмдөрүн жокко чыгарган. Ишти... Читать дальше...

Кыргызстан АКШ менен ар тараптуу кызматташтыкка үмүт артат

Azattyk.org 

Бишкек кыргыз-америка алакасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, АКШнын жаңы администрациясы менен жемиштүү иштешүүгө даяр. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 21-январда ушундай билдирүү таратып, Жо Байденди АКШ президенттигине киришкени менен куттуктады. Бишкек эки өлкө ортосундагы узак мөөнөттүү достук мамилелерди чыңдоого багытталган мындан аркы биргелешкен кадамдарды колдойт жана АКШ президентинин Кыргызстандын жарандарына 2020-жылы киргизилген визалык чектөөлөрдү алып салган чечимин кубаттайт. Читать дальше...

Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда Улуттук филармонияда өтөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда 10-январдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү инаугурациясы 28-январда болот. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов 21-январда «Азаттыкка» билдирди. Маалыматка караганда, инаугурация Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт. Ант берүү аземин уюштуруу тобун президенттик аппараттын башчысы Сүйүнбек Касмамбетов жетектейт. Азыр инаугурацияга даярдык башталды. ... Читать дальше...

Коронавирус жуккандардын көбү Чүйдө жана Бишкекте катталды

Azattyk.org 

21-январга карата Кыргызстанда дагы 155 кишиге коронавирус жугуп, Бишкекте бир, Чүйдө бир бейтап көз жумду. Ооруга чалдыккандар кийинки күндөрү кайра көбөйө баштады. Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 83585 киши болду. Жалпы ооругандардын 79 509у сакайды. Соңку бир күндө 136 адам айыкты. Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1394 киши болду. Акыркы бир сутка ичинде COVID-19... Читать дальше...

Бишкек ЖЭБин токтоосуз газга өткөрүү боюнча демилге көтөрүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 21-январдагы сессиясында Бишкектеги ыш маселесин чечүү тууралуу маселе көтөрүлдү. Жыйында «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Марлен Маматалиев өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовго кайрылып, ышка негизинен машинелер эмес, Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) себеп болуп жатканын айтты. «Акыркы 15 күндө Бишкекте ыш азайганы байкалды. «Ыш эмнеден улам чыгып атат?» десе, өкмөт машинелерди себеп катары көрсөтөт. 15 күндөн бери ыш жок. Машине түгөнүп калдыбы же киргизбей койдуңарбы? Читать дальше...

Инвестиция тартууга ташталган кадам

Azattyk.org 

Кыргызстанга чет элдик түз инвестицияларды тартууну камсыз кылыш үчүн инвестияны колдоо чараларын жеңилдеткен мыйзамга кол коюлду. Ага ылайык, өндүрүштүк жана социалдык курулуш үчүн аймактарда жер тилкелерин трансформациялоо укугу жергиликтүү бийликке берилип, өкмөттүк деңгээлде түз инвестициялык макулдашуу түзүш үчүн инвестициялык босогонун көлөмү 50 млн. доллардан 10 млн. долларга түшүрүлдү. Буга чейин инвестициялык климат кескин начарлап, өлкөдөн чыгарылып кетип жаткан капиталдын өлчөмү арбыганы айтылган. Читать дальше...

Ооган бийлиги памирлик кыргыздарга каражат бөлдү

Azattyk.org 

Ооганстандын президенти Ашраф Гани памирлик кыргыздарга тез арада жардам жөнөтүүнү тапшырганын «Jomhornews» агенттиги кабарлады. Маалыматта айтылгандай, Гани Бадахшандагы кыргыз улутундагы тургундар катаал климаттык шартта жашап жатканын биле турганын айтып, алар айрыкча кыш мезгилинде олуттуу сыноолорду башынан өткөрүшөрүн белгилеген. Ооган лидери өлкөнүн түндүгүндөгү кыргыз мекендештерине чукул жардам жеткирүү боюнча ыкчам чара көрүүнү биринчи вице-президент Амруллах Салехге тапшырды жана 10 миллион афгани (11 млн. Читать дальше...

Жаңы өкмөттүн иши оңой болбойт

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январда «Кыргыз Республикасынын мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоосунун жыйынтыгы жөнүндө» протоколду бекитти. Башкача айтканда добуш берүүнүн расмий жыйынтыктыгын чыгарды. Расмий жыйынтыкка ылайык, Кыргызстандын президенти болуп Садыр Жапаров шайланды. Жапаров 1 млн. 105 миң 248 (79,20%) шайлоочунун добушун алып жеңишке жетти. Экинчи орунда Адахан Мадумаров 94 741 (6,79%) шайлоочунун добушун алган. Андан кийинки орундарда Бабыржан Төлбаев 32 979 (2,36%)... Читать дальше...


Музыкальные новости
Филипп Киркоров

Филипп Киркоров, Люся Чеботина, SHAMAN – 25 ярких звезд в Открытой студии «Авторадио» на «Премии МУЗ-ТВ 2024»





Персональные новости
Евро

Те самые русские с флагами на матче-открытия Евро — мы их нашли! Как попали на стадион и как реагируют вокруг?





Жети талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет

Azattyk.org 

Кыргызстанда 10-январда өткөн президенттик шайлоого катышкан жети талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы билдирди. Алар - шайлоого келген элдин 1% ашыгынын добушун алган талапкерлер.  БШКнын акыркы жыйынтыгы боюнча, шайлоодо ат салышкан 17 талапкердин ичинен Садыр Жапаров – 79,20%, Адахан Мадумаров – 6,79%,  Бабыржан Төлбаев – 2,36%, Мыктыбек Арстанбек – 1,69%, Абдил Сегизбаев - 1,46%, Имамидин Ташов – 1,17%, Клара Сооронкулова – 1,00% добуш алган. Читать дальше...

Аргымактарды аргындаштырган Баатыр Тагаев

Azattyk.org 

Ош облусунун Кара-Суу районундагы фермер Баатыр Тагаев кыргызстандык «кара байыр», түркмөнстандык «ахалтекин» жана орусиялык «владимирец» асыл тукум жылкыларын аргындаштырып жатат. Натыйжада ал аргымактын жаңы түрүн чыгарып, аны «жаңы кыргыз породасы» атады. Албетте, чарба азырынча ирилеше элек, ошентсе да жылкы тукуму аймакта аз-аздан тарап жатат. Фермерчиликтин көйгөйлөрү да аз эмес.

Америкалыктардын жаңы үмүтү Байденде

Azattyk.org 

АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.

АКШ Кыргызстандын жарандарына карата иммиграциялык чектөөнү жойду

Azattyk.org 

АКШ 2020-жылдын башында киргизилген иммиграциялык жана «грин-карт» (Diversity Visa) визаларына чектөөлөрдү жокко чыгарат. Буга тиешелүү жарлыкка президент Байден 20-январда кол койгонун АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Бул жарлык Кыргызстандын иммигранттарына да тиешелүү. Трамптын администрациясы 2020-жылдын 31-январында бир катар мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарга иммиграциялык жана «грин-карт» (Diversity Visa) визаларын алууга чектөө киргизген. Мунун... Читать дальше...

Путиндин Геленжиктеги ажайып хан сарайы: Сүрөт баян

Azattyk.org 

Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.

Байден Трамптын бир катар чечимдерин жокко чыгарды

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден Капитолийдин тепкичинде туруп ант бергенден бир нече саат өткөндөн кийин эле, 20-январда, мурдагы президент Доналд Трамптын бир катар саясий демилгелерин жокко чыгарды. Ал иммиграция, климаттын өзгөрүшү жана коронавирус пандемиясы менен күрөшүү маселелери боюнча бир катар жарлыктарга дароо кол койду. Бул чечимдерге ылайык, АКШ глобалдык климатка байланыштуу Париж келишимине кайра кошулат, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмундагы мүчөлүгүн калыбына келтирет. Мексика менен чек арада дубал куруу иштери токтотулат... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

В Лужниках состоялась церемония открытия Всероссийской Спартакиады Специальной Олимпиады


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Саснович победила на старте квалификации турнира WTA-500 в Берлине


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Козлов: Россия и КНДР прорабатывают возможность запуска прямых рейсов





Путин в России и мире
Москва

СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Джиган

Жена рэпера Джигана Самойлова заявила, что не сбавит цену за роскошный особняк



Москва

В Мытищах за неделю устраняется порядка сотни разрушений дорожного плотна

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net