Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Май
2024

Руки прочь от канала Джупас! Алимов Козимжон Носирович злоупотребляя депутатскими полномочиями присвоил канал

0
Руки прочь от канала Джупас! Алимов Козимжон Носирович злоупотребляя депутатскими полномочиями присвоил канал

                                 Кыргыз Республикасынын Президенти Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын

орун басары, УКМК төрагасы К.К. Ташиевке

                                                                

АЧЫК КАТ

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

КР Суу Кодексинин 72 бер. ылайык Мамлекеттик суу администрациясынын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз мүмкүн болгон суу ташкыны, сел жүрүү коркунучу бар аймактарда имараттарды жана курулмаларды курууга; суу ташкынына, сел жүрүүгө алып келүүчү иш-аракеттердин белгилүү түрлөрүн Мамлекеттик суу администрациясынын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз жүргүзүүгө тыюу салынган. Бирок, Ош шаарын жана Ош облусунда жагын-чачын көп болгондуктан суу ташкындары, сел жүрүп, шаарды суу каптады. Ар сел жүргөндө шаарды суу каптап жатат. Анын себеби, Алимов Козимга окшогон жепжутаттар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, селдин агымын атайын жаап салганы болуп жатат. Натыйжада суу ташкындары болуп, карапайым элдин омуруно жана үйлөрүнө чоң коркунуч жаралган. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарга сел агымы жана ташкын суу кете турган каналдар дубал менен тосулбай, ачык түрүшү жөнүндө түшүндурүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бирок, жепжутат К. Алимов КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигини эскертүүлөрүнө коңүл бурбай, сел агымы кетип жаткан “Жупас” каналын дубал менен тосуп, жаап салып, Ош шаарын суу каптап жатат. Ал аз келгенсип, К. Алимов каналды үйүнүн аймагына кошуп, каналды Сабиров көчөсү тарабынан тосуп, дубал менен дарбазаны мыйзамсыз куруп алганы үчүн, кокус өрт чыкса, карапайым эл сууну ала албай, өрт коопсуздугу сакталбай жатат.

КР Суу Кодексинин 85 бер. ылайык Ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба фондунун жерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде башка максаттарга пайдаланууга берилиши мүмкүн. Бирок, КР Министрлер Кабинетинин токтому жок К. Алимов суу коргоо аймагын жерин өзүм билемдик менен басып, ээлеп, мыйзамсыз дубал куруп, каналды тосуп алган. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын миңдегөн гектар жерлерин Жупас каналы аркылуу сугат суу менен камсыз болот. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Бешкапа участкасы М. Халматов 7 үйүнөн өткөн Жупас каналынын суу коргоо аймагында Сураташ мектебинин мугалими Козим Алимов КР жер мыйзамдарын одоно бузуп, кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп, М. Халматов (Бешкапа) көчөсү 7 үйүнүн аймагын мыйзамсыз кеңейтип, Жупас каналынын эки тарабындагы 6 метр суу коргоо аймагын мыйзамсыз басып, ээлеп, өзүм билемдик менен мыйзамсыз курулуштар - дубал, дарбаза курган (КР КЖК 212 бер., 214 бер.). Жер баскынчысы К. Алимов артында чоң коррупционерлер тургандыктан, К. Алимов депутаттык абалынан аша чаап, мурдагы айыл өкмөт башчысы коррупционер Ш. Капаров менен алдын ала сүйлөшүп, басып алган суу коргоо аймагына документтерди жасалмалап, мыйзамсыз Мамакт жасаткан болушу мүмкүн. Эгерде ошондой болсо, сотко доо арыздар берип, ал мыйзамсыз Мамактты жокко чыгарып, кызыл сызыктан чыгып кеткен, канал менен суу коргоо аймагын тоскон, өзүм билемдик менен курулган дубалдан жана мыйзамсыз курулуштардан бошотуп, жерди баштапкы абалга келтируу зарыл. Себеби, КР Суу Кодексинин 92 бер. ылайык Суу мамилелерине байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын бузуу менен жасалган бүтүмдөр жараксыз деп эсептелинет.

КР Суу Кодексинин 11 бер. 2 бөл. б) п. ылайык Мамлекеттик суу фондунун мамлекеттик ирригациялык жана дренаждык тутумдарды эксплуатациялоого жана техникалык тейлөөгө арналган жерлерин башкаруу Мамлекеттик суу администрациясынын компетенциясына кирет. Ошондой эле, Жер Кодексинин 92 бер., КР Суу Кодексинин 85 бер.ылайык Суу фондунун жерлери пайдаланууга ажыратуу КР Өкмөтүнүн өзгөчө компетенциясына кирет. Бирок, К. Алимов Мамлекеттик суу администрациясы жана КР Өкмөтү менен макулдашпай “Жупас” каналынын суу фонду жана суу коргоо аймагын дубал менен тосуп алган. Ошондой эле, кызмат адамдары “Жупас” каналынын суу коргоо аймагында дубал тосуп алган К.Алимовго мыйзамсыз курулган дубалды бузуу үчүн мыйзамдуу чаралар көрбөй, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, функционалдык милдеттерине шалаакылык мамиле жасашкан (КР КЖК 348 бер. 2 бөл.). Себеби, КР Суу Кодексинин 91 бер. ылайык Алынбай калган пайданы камтуу менен суу объекттерине жеке жактар тарабынан келтирилген зыян ыктыярдуу түрдө же соттун чечимине ылайык калыбына келтирилет. КР суу мыйзамдарын бузуу менен суу объекттерине келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча доо Мамлекеттик суу инспекциясы жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан коюлат.

Мыйзамсыз курулуштарга Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү Кара-Суу шаардык кеңештин (градосовет), райондук архитектуранын уруксаттары жок. АПУ, ИТУ, долбоордун мамлекеттик курулуш экспертизасы, өрт экспертизасы жана курулушка уруксаттары жок. Мыйзамсыз курулуштарды курууда СНиП талаптары сакталбаган. Жупас каналынын суу фондунун суу коргоо жер тилкеси аймагында жайгашкан мыйзамсыз курулуш-дубал менен дарбаза мамлекеттик жерди мыйзамсыз тосуп, өзүм билемдик менен басып алган. Ижара акысын жергиликтүү бюджетке төлөбөйт, натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.

Жупас каналынын суу коргоо аймагы мыйзамсыз курулуштар менен тосулганы үчүн Жупас каналында механикалык тазалоо иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болбой жаткандыктан сугат суу менен камсыз кылуу начар абалда.

08.04.2022 ж. “Жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу фактыларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” КР Президентинин №109 Жарлыгы жана өлкө Президенти С.Н. Жапаровдун мыйзамсыз курулуштарга каршы аёосуз күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатын эске алуу менен, Президент С.Н. Жапаровдун жарыялаган гумандаштыруу жана жерлерге мунапыс, жер баскынчысы К. Алимов тарабынан мамлекеттик жерлерди басып алууга, мыйзамсыз курулуштарды курууга, жарандарга жана коомго каршы кылмыш жасоого түрткү катары кабыл алуу зарыл. Мугалим жер баскынчы Алимов Президенттин Жарлыгын одоно түрдө этибарга албай жатат.

КР Өкмөтүнүн 07.07.1995 ж. №271, Кара-Суу райондук мамадминистрациясынын 27.12.1996 ж. №618, Ош шаарынын мэриясынын 18.05.2004 ж. №411 токтомдорунун негизинде “Жупас” каналынын суу коргоо аймагы эки жак жээгинен 6 (алты) метрден бекитилген. Кызыл сызыкка чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштарды Кыргызстандын бардык аймактарында бузуп жатышат. Бирок, К. Алимов ал нормативдик укуктук акттарды аткарууну баш тартып жатат. Себеби К. Алимов “Жупас” каналынын коргоо аймагы 3 метр деген “Жупас” СПА атынан катты өзү жазып, катты жасалмалап, СПА жетекчисине кол койдурат. Бирок, ал норма эч кандай укуктук акт менен негизделбей, суу администрациясы тарабынан бекитилген эмес. Себеби, КР Суу Кодексинин 69 бер. ылайык Мамлекеттик суу администрациясы суу обьектилеринде суу коргоочу зоналарды белгилейт, аларда суу ресурстарынын булгашы же суу объекттерине зыян келтириши мүмкүн болгондугуна байланыштуу иш-аракеттердин белгилүү түрлөрү чектелет же тыюу салынат. Иш-аракеттердин мындай түрүнө курулуштарды куруу.кирет: Суу коргоо зонасында жеке жактардын суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо режимдерин сактоосуна жана башка чарбалык иш-аракеттерине мамлекеттик контроль Мамлекеттик суу администрациясы, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органы тарабынан ишке ашырылат.

КР Суу Кодексинин 4 бер. ылайык КР суу ресурстары, суу объектилери же мамлекеттик ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулуштары ээлеп турган суу фондунун жерлери өзгөчө жана бөлүнгүс мамлекеттик менчик болуп саналат. Бирок, К. Алимов каналды үйүнүн жерине кошуп, дубал менен тосуп, мамлекеттин өзгөчө менчигин жеке менчигине мыйзамсыз өткөрүп, документтерди жасалмалаган болушу мүмкүн. Ошол эле учурда Ош шаарында Жупас каналынын суу коргоо аймагында жайгашкан башка курулуштар бузулуп жатат, бузулбагандары боюнча Ош шаардык прокуратурасы сотко доо арыз берип, соттун чечими менен буздуруп жатат. Алимовдун артында чоң коррупционерлер тургандыктан, ал мыйзамдарыбызга баш ийбей, суу коргоо аймагын басып, ээлеп алуу үчүн токтомдорду жасалмалаган болушу мүмкүн.

К. Алимовдун мыйзамсыз аракеттери Айлана-чөйрөгө кырсыктардын же башка зыяндуу таасирдин экологиялык кесепеттерин болтурбоо же жоюу боюнча чараларды көрбөө КР Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 210 бер., Суу чарба курулмаларын же болбосо түзүлмөлөрүн эксплуатациялоо эрежелерин атайын бузуу 116 бер., жер участогун өзүм билемдик менен кеңейтүү 149 бер., Суу ресурстарын сактоо эрежелерин бузуу 246 бер., суу коргоо зоналарында же суу фондунун жерлеринде чарбалык иштин режимин бузуу, суу фондунун жерлерин багыты боюнча пайдаланбоо 247 бер., Суу пайдалануу же гидротехникалык жумуштарды жүргүзүү эрежелерин атайын бузуу 248 бер., Калктуу конуштардын ичиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди сугат суу менен камсыз кылуу үчүн белгилүү ирригациялык тутумду пайдалануу жана күтүү эрежелерин бузуу 249 бер., Калктуу конуштардын ичиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди сугаруу үчүн белгиленген суу бөлүштүрүү эрежелерин жана суу пайдалануу эрежелерин бузуу 250 бер. менен квалификацияланат.

Ошондуктан Ош шаарына Мамкурулуштун жетекчиси Н. Орунтаев өзү келип, К. Алимов кызыл сызыктан чыгып, мыйзамсыз курган дубалды (Сабиров көчөсү тараптан) буздуруп, каналдын суу коргоо аймагын ачуусу зарыл болуп жатат. Себеби, Кыргызстан боюнча Н. Орунтаев гана К. Алимовдун артында турган чоң коррупционерлердин айтканын кыбайт, пара албайт, мыйзам чегинде иштеп, КР Президентинин саясатын ишке ашырат.

Жогорудагылардын негизинде Сизден суранам:

1. Алимовду жана аны калкалаган коррупционерлерди КР КЖК 337 бер. 1 бөл., 338 бер. 1 бөл,, 379 бер. 3 бөл., 346 бер. 1 бөл., 212 бер. 4 бөл., 214 бер., КР УБЖК 210, 116, 246, 247, 248, 249, 250 бер. менен кылмыш жоопкерчилигине тартып, коомдон изоляциялап, камап, айып пул салып, мүлктөрүн конфискациялап келтирген зыянды өндүрүп берүүнуздү

2. Өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугун алдын алуу үчүн Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Бешкапа участкасы Миралимжан Халматов (Бешкапа) көчөсү №7 үйү Жупас каналынын суу коргоо аймагында курулган мыйзамсыз курулуш дубалды, дарбазаны (Сабиров көчөсү тараптан) буздуруп, суу коргоо аймагын ачып, баштапкы абалга келтирип, сотко доо арыздар берүүнуздү.

3. Алимовдун артында чоң коррупционерлер тургандыктан, Мамкурулуш жетекчиси Орунтаевди Ошко жөнөтүп, кызыл сызыктан чыгып кеткен дубалды буздуруп, каналды ачып берүүсүн.

4. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү берген жасалма документтерди жокко чыгарып берүүнүздү.

5. Жер баскынчысы К. Алимовду чоң коррупционерлер крышевать кылгандыктан, тергөөнү Башкы Прокуратурасы жана УКМК борбордук аппаратына тапшыруунузду

К. Алимов басып алган суу коргоо аймагы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылбай, кустурулбаса, анын башка мыйзамсыз аракеттерин кийинки арызда жазууга аргасыз болом.

 

Жепжутат К. Алимовдун курмандарынан, 26.05.2024 ж.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин обсудил с секретарем парткома Пекина планы по сотрудничеству двух столиц


Спорт в России и мире
Москва

Военно-спортивный фестиваль Росгвардии в «Лужниках» собрал более 20 000 Москвичей и гостей столицы


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Саснович победила на старте квалификации турнира WTA-500 в Берлине


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

По каким признакам можно распознать машину-«утопленника»: лайфхак





Путин в России и мире
Москва

Муфтий Гайнутдин пожелал Путину помощи Аллаха для побед


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко обратился к Рамафосе




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Трамп назвал Зеленского «величайшим торговцем» и пообещал разобраться с траншами Киеву


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Джиган

"Как в раю": Джиган и Самойлова исполнили мечту знаменитой "диско-бабушки" из Коми



Москва

Спортсмены из 47 округов Подмосковья выступили на «Гонке героев»

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net