Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Кыргызстан Тажикстанды кырдаалды курчутпоого чакырды

0
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, чек арадагы кырдаал боюнча чагымчыл жана жалган маалыматтарды таратуу менен кырдаалды курчутпоого чакырды.


Шаршембиде таратылган билдирүүдө, Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин "чек ара аймактарында кыргыз тараптын күчтөрү жүргөнү, учкучсуз учактар менен аба мейкиндигин бузуп жатканы" тууралуу божомолдору чындыкка дал келбей турганын айтылат.


Ошондой эле эки өлкөнүн атайын кызматтарынын башчылары кол койгон тынчтык протоколунун бардык пункттарын кыргыз тарап аткарганы белгиленген.


"Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин 2022-жылдын 21-сентябрындагы билдирүүсүн тажик тараптын негизсиз шектенүүлөрү менен отко май тамызып, кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан окуялар тууралуу дүйнөлүк коомчулукту адаштыруунун кезектеги аракети катары баалайбыз",- деп жазылган билдирүүдө.


Тажик тараптын этиятсыз билдирүүлөрү ишеним жана кызматташтык жаатындагы аракеттери жокко чыгарары кошумчаланып, буга чейин жетишилген макулдашууларды абийирдүүлүк менен карманууга үндөгөн.


Бишкектин маалыматына караганда, Тажикстан чектеш аймакка жакын жерлердеги оор аскердик техникасын алып кетпегени, мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, оор техникаларды чек арадагы Ворух, Кожалы, Сурх жана Ляккон конуштарына жайгаштырып жатат.


Ворух анклавында жана Кызыл-Арт чек ара ашуусунда чагымчыл ок атуунун бир нече жолу катталган фактыларына карабастан, кыргыз тарап ок атышпоо режимин катуу сактап жатканы белгиленет.


21-сентябрда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан чектеш аймактарда "чагым аракеттерин улантып жатканы" тууралуу билдирүү тараткан.


Быйыл 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.


Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" өз булактарына таянып чек арада каза болгон 63 адамдын тизмесин чыгарды.


20-cентябрда Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөгөндө да кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга токтолуп, тажик тарап Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга "чыккынчылык менен кол салганын" айткан.


Жапаров коңшу мамлекетке ишеним солгундап кеткенине карабай, БУУ баштаган эл аралык уюмдардын ортомчулугу менен сүйлөшүүлөргө Кыргызстан даяр экенин билдирген.


19-сентябрда Нью-Йоркто Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин да БУУнун баш катчысы менен жолуккан.




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net