БУУ Ирандын бийлигин кармалгандарды бошотууга чакырды
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкармалыгы Ирандын бийлигин нааразылык акцияларын таркатууда «болуп көрбөгөндөй күч колдонгону үчүн» айыптады. Женевадагы маалымат жыйында Адам укуктары боюнча башкармалыктын өкүлү Равина Шамдасани алар коопсуздук күчтөрүнүн чыныгы ок-дарыларды колдонгонуна тынчсызданып атканын айтты. "22 жаштагы Махса Амининин камактагы өлүмүнөн кийин тутанган каршылык акцияларында көптөгөн ирандыктар өлтүрүлдү, жарадар болушту, кармалды. Ал болгону хижабды Иран... Читать дальше...