Казакстандык журналист Баткенге жардам жөнөтүү үчүн акча чогултууда
Казакстандык журналист Назгүл Жарбулова кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан жабыркаган кыргызстандыктарга гуманитардык жардам үчүн акча чогултууда. Ал 1 миллиондон ашык теңге топтоп (2100 АКШ долларына чукул каражат), аны азык-түлүк, дары-дармек алыш үчүн кыргызстандык ыктыярчыларга жөнөткөн. “Коңшу өлкөдө болуп жаткан трагедияны жөн эле карап туруу мүмкүн эмес. Өз үйүнөн ажырап, тиричилигин таштай качкандарга кийим, тамак, дары керек”, - деди Жарбулова “Азаттыктын” казак кызматына. Жарбулованын... Читать дальше...