Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Алимбаев кыргыз-тажик бийлик өкүлдөрү биргелешип иштеп жатканын билдирди

0
Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарында кечки саат 21:45ке карата кырдаал тынч экенин президенттин облустагы өкүлү Абикарим Алимбаев билдирди. Ал чек арада атышууга жол бербөө, тынчтыкты сактоо үчүн кошуна өлкөдөгү кесиптештери менен биргелешип иштеп жатышканын кошумчалады. Президенттин өкүлү жарандарды такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.



"Бардык маалыматтарды биз тактап жатабыз", - деди Алимбаев.



Мурдараак кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга байланыштуу Алимбаев Тажикстандын Согд облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жана Ражоббой Ахмадзоданын жолугушуусу өтүп жатканы кабарланган. Маалыматка караганда, ага күч структураларынын жетекчилери дагы катышты.



Мунун алдында УКМКнын Чек ара кызматы Лейлек районунун Максат айылында жарандардын автоунааларына жана Баткен районунун Достук айылында ок атылганы тууралуу ага чейин тараган маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген.



Маалыматта "саат 18:20дан 18:50гө чейин Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылынын тушунда, Тажикстандын аймагында эки жолу ок атылганы угулганы" айтылат.



Аталган мекеме 21-сентябрь, саат 19.00гө карата мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдаган.



Быйыл 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.



Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" өз булактарына таянып чек арада каза болгон 63 адамдын тизмесин чыгарды.



20-cентябрда Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөгөндө да кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга токтолуп, тажик тарап Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга "чыккынчылык менен кол салганын" айткан.



Жапаров коңшу мамлекетке ишеним солгундап кеткенине карабай, БУУ баштаган эл аралык уюмдардын ортомчулугу менен сүйлөшүүлөргө Кыргызстан даяр экенин билдирген.



Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды да ушундай өңүттө айыптаган билдирүү тараткан.



19-сентябрда Нью-Йоркто Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин да БУУнун баш катчысы менен жолуккан. (КЕ)





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net