Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Май
2021

Газада абал курч бойдон кала берүүдө

0
Газада абал курч бойдон кала берүүдө

Газа тилкесинде палестиналык согушкерлер менен израил армиясынын абадан соккулары токтобой жатат. Эки тарап бирдей коргонуп жатканын айтышууда. Эл аралык коомчулук Газадагы абал көзөмөлдөн чыгып кетеби деп тынчсызданып, израил-палестиндерди тынч сүйлөшүүлөргө чакырышты.

Газа тилкесиндеги ХАМАС баштаган кошуундар 13-майдын таңында Израилди көздөй ондогон ракеталарды аткылашты. Бир күн мурда израил аскерлери Газага абадан сокку уруп, палестиналык согушкерлердин башчылары каза болуп, көп кабаттуу турак жайлар талкаланган.

10-майда Газада куралдуу жаңжал курчугандан бери 56 палестиналык мерт болгону, алардын 14ү балдар экени кабарланды. Израил тарап кеминде жети киши каза болгонун билдирди.

Шаршембиде АКШнын президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефондон байланышып, «Израилдин коргонууга мыйзамдуу укугун колдоорун» билдирген.

«Мен бул жаңжал кеч эмес, жакынкы арада токтойт деп үмүт кылам. Бирок, аймагына миңдеген ракеталар атылып жатканда Израилдин коргонууга укугу бар»,-деди Байден Ак үйдөгү басма сөз жыйынында.

Ал эми Нетаньяху «Газадагы ХАМАСтын жана башка террордук күчтөрдүн мизин кайтаруу аракети уланта берерин» билдирсе, ХАМАСтын лидери Исмаил Хания «душмандар менен чабышууну токтотпостугун» айткан.

Израил бийлигинин маалыматы боюнча соңку үч күндүн ичинде Газадагы ХАМАС менен «Ислам жихады» радикал топтору Израилди көздөй 1600дөй ракета атып, алардын көбүн жөөт аскерлери асманда жардырууга жетишкен.

Ошол эле кезде израил аскерлери эки миллиондой киши жыш жашаган Газа тилкесине абадан 600дөй сокку урушкан. Алар бутага курал-жарак кампалары, туннелдер менен жоочулардын башкаруу борборлору алынганын айтып жатышат.

12-майда израилдиктердин соккусунан Газа тилкесинде палестиналык согушкерлердин бир командачысы менен бир нече башчылар мерт болгонун ХАМАС кыймылы да тастыктады.

Газа тилкесиндеги палестиналыктар менен израил аскерлеринин ортосундагы жаңжал күчөп жатканына байланыштуу дүйнөлүк коомчулук абал көзөмөлдөн чыгып кетеби деп тынчсызданып жатат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы тынчтык орнотуу боюнча чабарманы Тор Веннесланд «биз кеңири масштабдагы согушка жакындадык»,-деп билдирсе, Улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш «тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн аракеттерди эки эсе көбөйтүүгө» чакырган.

Москвадагы брифингде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусиянын, АКШнын, БУУнун жана Европа Биримдигинин өкүлдөрү атайын жыйынга чогулуп, куралдуу жаңжалды токтотууга арачылыкка өтүшү керектигин белгиледи.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши 12-майда жабык эшик артында чукул жыйын өткөрүп, аймактагы чыңалууну жөнгө салуу үчүн бирдиктүү кадамдарга барууну сүйлөшкөнү маалым болду.

Бул жыйындан соң Норвегия, Эстония, Франция менен Ирландия бирдиктүү билдирүү жасап, жергиликтүү жай тургандар менен балдардын өлүмүнө себепчи болуп жаткан куралдуу тирешүүнү токтотууну, Израилди Чыгыш Иерусалимдеги мусулмандарга кысымды бөгөттөөгө чакырды.

Ислам дининдеги жана иудаизмдеги эң ыйык жайлар жайгашкан Чыгыш Иерусалимдин макамы узак жылдардан бери израилдиктер менен палестиналыктардын карама-каршылыгына себеп болуп келет.

Аймактагы акыркы кагылышууларга жөөт тургундардын отурукташуусуна мүмкүнчүлүк берүү үчүн палестиналык үй-бүлөлөрдү Чыгыш Иерусалимдеги конуштардан көчүрүү тууралуу соттун чечими себеп болду. Буга нааразы болгон палестиналыктар 7-майда полиция кызматкерлерине таш, бөтөлкө жана арматураларды ыргытышкан.

Палестиналык басылмалар Израил нааразы болгондорду таратуу үчүн кулак тундуруучу гранаталарды жана желим окторду пайдаланганын, андан соң полиция Ал-Акса мечитин күч менен алганын жазышкан.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин: Число пользователей портала «Малый бизнес Москвы» превысило 200 тысяч


Спорт в России и мире
Москва

VK Fest 2024: Музыка и Развлечения на Открытых Площадках России


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Ролан Гаррос

Парижские сюжеты: Медведев играл в кошки-мышки, Котов творил историю, Калинская заставляла нервничать Синнера


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Руководство Краснодара посетило китайский Харбин. Рассказываем подробности





Путин в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о суверенной финансовой системе в России


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

НАТО оказалась не готова к войне с Россией. Тайное соглашение США и Киева: Враг нацелился на Белгород - источники


Навальный в России и мире
Москва

Раз нет протестов, будут санкции: как навальнисты и команда Ходорковского меняют стратегию борьбы с Россией



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Тимати

«Ты кого здесь уму-разуму учить собрался? Берега не путай», — Киркоров получил претензию от Тимати



Москва

Троллейбусы Химок обновили к началу летнего сезона

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net