Жаңжалдан кийинки Максат айылы
Чек арадагы жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана милициянын имараты жабыр тарткан. "Азаттыктын" казак кызматынын жетекчиси Төрөкул Дооров 2-майда Максат айылын кыдырып чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Максатта 11 үй өрттөнүп, чек ара бекети жабыркаганын билдирди.