Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Март
2021

Өзбекстан: Блогер Базаровду сабап кетишти

0
Өзбекстан: Блогер Базаровду сабап кетишти

28-мартта Ташкенттин Амир-Темур көчөсүндө жапон анимесин жана корей поп-музыкасын сүйүүчүлөр үчүн кезектеги иш-чараны өткөрүүгө камданып жаткан блогер Миразиз Базаровду белгисиз бирөөлөр токмоктоп кетишти. Дарыгерлер ооруканага түшкөн 29 жаштагы блогер нейрохирургдун жардамына муктаж экенин айтышкан. Эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү бул кол салууну айыпташууда.

Өзбекстандык блогер жана жарандык активист Миразиз Базаров сабалганга чейин жүздөй адамдын кол салуусу күтүлүшү мүмкүн деген таризде 28-мартка белгиленген иш-чара болбой калганын жарыялаган болчу. Ошол эле күнү кечинде беткапчан адамдар Базаровду бейсбол таягы менен сабап кетишкен.

“Ал үйүнө кирип баратканда бир машина токтоп, андан беткапчан үч эркек киши чыкты. Алардын биринин колунда бейсбол таягы бар эле. Алар автоунаадан түшөрү менен эле аны сабай башташты”, – деди окуянын күбөлөрүнүн бири.

Катуу жаракат алган 29 жаштагы Базаров Ташкенттеги травматологиялык ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, анын ички органдары жабыркап, сол колу сынып, буттары сыйрылып, мээси чайкалган.

Ошондой эле блогерге нейрохирургдун жардамы керек экени, азыр аны башка ооруканага которуу маселеси каралып жатканы кабарланган.

Эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү бул кол салууну терең айыптап чыгышты.

Эл аралык «Хюман райтс уотч» (HRW) укук коргоо уюмунун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн директору Хью Уилямсон кол салууну айыптап, бул окуяны "өтө дүрбөлөңдүү" деп атады. "Өзбекстан ушул айда БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде, – теория жүзүндө, – адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарды сактоо боюнча милдеттенме кабыл алды. Муну өлкө аткарышы керек!" – деп Уилямсон 28-мартта «Твиттердеги» барагына жазды.

АКШнын Өзбекстандагы элчиси Дэниел Розенблүм 29-мартта расмий Ташкентти көз карашын эркин билдирүү укугунан пайдаланган блогер Базаровдун сабалышына байланыштуу ишти тергөөгө чакырган билдирүүсүн «Твиттердеги» барагында жарыялады.

Ал арада жекшембиде Ташкентте жапон анимеси менен корей поп-музыкасынын күйөрмандарына кол салган топтун өкүлдөрүнө каршы кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы маалымат таратты. Анда кол салуу чарасынын 12 катышуучусу кармалып, аларга «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

«Бул иш-чаранын 3-4 катышуучусу бир улан менен бир кызды "ЛГБТ активисттери" деп ойлоп, сабоого аракет кылышкан. Аларга дагы 20-25 киши кошулуп, бейбаштык кылып, коомдук жайларда жүрүү эрежелерин бузушкан. Ал жерде иштеп жүргөн укук коргоо кызматкерлери улан менен кызды коргоп калышты. Жаңжал токтотулуп, эч ким жабыркаган жок», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Ал эми Миразиз Базаров (өзбекче "Бозоров")  акыркы эки жумадан бери өзүнө коркутуулар болгонун, бул боюнча укук коргоо органдарына ондон ашык жолу арыз бергенин, бирок алар арызды кабыл албаганын билдирди.

"Мен буга чейин жүздөгөн арыз менен ички иштер бөлүмүнө кайрылдым. Колумда толтура далилдер бар болчу. Бирок бирөөнү да карап коюшкан жок. Бийликке тарапташ блогерлер менин үйүмдүн дарегиме чейин маалымат таратып, элди мага каршы үгүттөп жатышат", - деди Базаров.

Ал "Telegram" каналында Кылмыш кодексинен “Гомосексуализм” беренесин алып салууга чакырган. Ошондой эле ал президент Шавкат Мирзиеёвди ачык сындап, бийликти жемкорлукта айыптаган жана ачык-айкындуулук камсыз болмоюнча, Өзбекстанга насыя берүүнү токтотууга чакырып, Азия өнүктүрүү банкы менен Эл аралык валюта фондуна кайрылган.

Ал ортодо Өзбекстан бир жыныстуулардын мамилесине мыйзамдуу түрдө тыюу салган саналуу мамлекеттердин катарында кала берүүдө.

2018-жылдын апрелинде БУУ ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын сактоо боюнча 11 сунуш киргизип, Ташкент аны кабыл алган эмес.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Пожарной охране Москвы исполнилось 220 лет — Сергей Собянин


Спорт в России и мире
Москва

VK Fest 2024: Музыка и Развлечения на Открытых Площадках России


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Сюзанн Ленглен

Последний танец Надаля и юбка Сюзанн Ленглен: 6 важных фактов о «Ролан Гаррос»-2024


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В арктическую экспедицию Росатома может отправиться школьник из Приамурья





Путин в России и мире
Москва

Многодетная мать из Тверской области поблагодарила Путина поддержку семей


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

В Польше заявили о зловещем плане Киева


Навальный в России и мире
Москва

Раз нет протестов, будут санкции: как навальнисты и команда Ходорковского меняют стратегию борьбы с Россией



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Алсу

Mash: певица Алсу и ее супруг Абрамов поделят при разводе 2 дома и 2 квартиры



Москва

В Серпухове капитально отремонтируют образовательные уреждения

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net