Ташкентте жарандык активист сабалды
28-мартта Ташкенттин Амир-Темур көчөсүндө жапон анимесин жана корей поп-музыка сүйүүчүлөрү үчүн кезектеги иш-чараны өткөрүүгө камданып жаткан блогер Миразиз Базаровду белгисиз бирөөлөр токмоктоп кетишти.
Миразиз Базаров сабалганга чейин жүздөй адамдын кол салуусу күтүлүшү мүмкүн деген таризде 28-мартка белгиленген иш-чара болбой калганын жарыялаган болчу. Ошол эле күнү кечинде беткапчан адамдар Базаровду бейсбол таягы менен сабап кетишкен.
“Ал үйүнө кирип баратканда бир машина токтоп, андан беткапчан үч эркек киши чыкты. Алардын биринин колунда бейсбол таягы бар эле. Алар автоунаадан түшөрү менен эле аны сабай башташты”, – деди окуянын күбөлөрүнүн бири.
Дарыгерлердин айтымында, блогердин ички органдары жабыркап, сол буту сынып, мээси чайкалган.
Миразиз Базаров Telegram каналында Кылмыш кодексинен “Гомосексуализм” беренесин алып салууга чакырган. Ошондой эле ал президент Шавкат Мирзиеёвди сындап, бийликти коррупцияга айыптап, ачык-айкындуулук камсыз болмоюнча Өзбекстанга насыя берүүнү токтотууга чакырып, Азия өнүктүрүү банкы менен Эл аралык валюта фондуна кайрылган.